2010-жылдын Апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөт түзүлүп, андан бери 2 шайлоо өтүп, коалиция 3 жолу ыдыраса да, орун алмаштыра элек саналуу министрлердин катарын толуктаган бирөө бар. Маектешип отуруп, каарманымдын сөзгө чечен жана токтоо адам экенин баамдадым. Бүгүнкү «Бейне» рубрикабыздын төрүндө билим берүү жана илим министри Канат Садыков болмокчу.
ОКУТУУЧУЛУК МЕНЕН БАШТАЛГАН ЖОЛ...
«МОМПОСУЙДУН ТЫШТАРЫН ТОПТОЧУМУН»
-Атам Кемин өрөөнүндөгү Кичи-Кемин айылынан болот. Бирок жумушуна байланыштуу Нарын облусуна которулуп иштеп калып, мен ошол жакта төрөлүп, 6 жашыма чейин Нарында чоңойдум. Бала кезимде бир гана оюн менен алек болуп, өзгөчө көз алдыма момпосуйдун тыштары менен ойноп отурганым тартыла берет. Аларды чогултуп, кичинекей таш менен бастырып туруп, бир канча кадамга артка барып, анан аны башка таш менен уруп ойночу элек. Ыргыткан таш тыштар бастырылган ташка тийбей калса, анын үстүнө дагы бир тыш коюп, эгер тийгизсек, анын астындагы бардык тыштарга ээлик кылчубуз. Утуп алган момпосуйдун кагаздарын шырдактын алдына чогултуп, аны акырын көтөргөндө тыштардын өйдөнү көздөй жайылганы азыркыга чейин эсимде.
«ОРУС КЛАССТА ОКУП, БИР ТОП ЭЛЕ КЫЙНАЛГАМ»
-6жашымда ата-энем Бишкекке көчүп келип, биз жашаган райондо кыргыз мектеп жок болгондуктан, орус класста окудум. Алгач орусчаны түшүнбөй бир топ эле кыйналгам. Ал тургай окуткан эжейим мени көргөндө «буга эми качан, кантип түшүндүрөм?» деп ыйлагысы келчү. Кыйналганым менен классым көтөрүлгөн сайын сабактарды жакшы өздөштүрүп, жакшы баага окудум. Кийин кайра кыргыз тилинде жакшы сүйлөй албай калганымды байкагам.
Мектеп ичинде 4-5 бейбаш бала бар болчу. Алар бизди мектепке келе жаткан жерибизден кармап алып, чөнтөгүбүздү оодарышчу. «Кимиңер кыйынсыңар?» деп классыбыздагы балдарды атайын кайраштырып, мушташканга чейин алып барган учурлар болгон. Бирок класстын ичинде өзүбүз абдан ынтымактуу элек, урушуу-мушташууларга барган эмеспиз.
8-класска келип калганымда адабият жана тилге, орус-кыргыз тилдеринде котормолук кылууга кызыгарымды, ошол багыт менен кетеримди түшүндүм. Ошондо эле алдын ала даярданып, гуманитардык багытка көбүрөөк көңүл буруп баштагам. Атамдын орто кылымдардан берки чыгыш поэзиясынан тартып, батыш классиктерине чейин орус тилиндеги адабияттар, кыргыздын эң белгилүү акын-жазуучуларынын жыйнактары камтылган абдан кеңири китепканасы бар болчу. Ошолорду окуп, которуу процессине мектеп курагымдан эле аралаштым.
«СЕНИ БАКТЫЛУУ КЫЛУУГА УБАДА БЕРЕМ!»
-Алгачкы сүйүүгө 1-курста окуп жаткан кезимде кабылгам. Жактырган кызым менен жакшы эле мамиле кургандай болгонбуз, бирок ал менден жакшыраак жигитти тандап алган болушу керек, 1-курстун аягына жетпей эле турмушка чыгып кеткен.
Окууну бүткөндө өзүм аяктаган окуу жайга эле жаш адис катары алып калышкан. Мага билим берген эже-агайлар менен бирге иштешип калуу бир аз оор болду. Ошентип иштеп жүрүп 27ге келгенимде өзүм окуткан 1-курстун студент кызын жактырып калып, ошого үйлөнгөм. Аны менен жакшы мамиледе жүрүп, үйлөнөрдө «Мен сени бактылуу кылганга убада берем!» деп, колун сурагам. Ошол убадамды аткардым десем болот. Үйлүү-жайлуубуз, балдарыбызды татынакай чоңойттук, ашып кеткен бай болбосок да, элден кем эмеспиз. Учурда көкүрөк күчүгүбүз менен таттуу өмүр сүрүп жатабыз, муктаждыгыбыз жок дегендей.
Тун уулум үйлөнүп-жайланып, өзүнчө жашап, банк кызматкери болуп иштейт. 2 неберелүү кылды бизди. Андан кийинки кызыбыз дагы турмуш жолуна аттанып, өз түтүнүн булатып жатат. 1 жарым жаштагы таттуу кызын багып отурат. Эки балабыздан кийин дагы балалуу болсок экен деген үмүтүбүз бар болчу. Тилегибиз кечирээк кабыл болуп, министрликке жаңы келген кезимде дагы уулдуу болдук, азыр 4 жарым жашка чыгып калды.
«УНААНЫ ӨЗҮМ АЙДАГАНДАН ЭС АЛАМ»
-Эс алуунун эң жакшы түрү – үй-бүлө менен активдүү эс алуу. Үйгө барып уктап эс албастан, чогулуп талаага же көлгө, жаратылыш койнуна чыгып эс алып келүү керек. Биз да жуманын аягында ошентип эс алганга аракет кылабыз. Мен жөн эле жол жүргөндү, унааны өзүм айдаганды жакшы көрөм, ошондон ырахат алам. Ал эми жуманын ортосунда болсо спорт менен машыгам. Өзүбүздүн министрликте футбол командабыз бар, жумасына 2 жолу футбол ойноп, сууда сүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүп алганбыз. Мен кээде жумуштун көптүгүнөн футболго жетишпей калсам, сөзсүз бассейнге барганга аракет кылам.
– Канат Жалилович, сизди 4 жылдан бери орун алмаштыра элек министр деп билебиз. Себеби сиздин алмашкыс кадр экендигиңиздеби же бул кызматка келем дегендер азбы?
– 2010-жылы май айында Убактылуу өкмөттүн башында турган Роза Исаковна өзү мага ушул кызматка келүү сунушун киргизген эле. Мен дароо эле макул болбой, бул тармакты башкарып кетүүгө бала бакчанын деңгээлинен тартып жогорку окуу жайлардагы маселелерди чечүү үчүн туруктуу иштеш керек экенин айткам. Бул тармакта кандайдыр бир жылыштарды жасап, алдыга суурулуп, анын жыйынтыгын көрүш үчүн эң кеминде 3 жыл иштеш керек. Туруктуу иш алып келе жатканымдан кызматтан түшө электирмин.
– Билим берүү тармагындагы соңку жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолуп өтсөңүз...
– Эң негизги маселелерибиз бала бакчадан башталат. Алардын саны жетишсиз, ошол үчүн да бардык эле балдар бакчага бара алышпайт. Мунун айынан бөбөктөр мектеп босогосун аттаганда билим алууда кыйналып, убактысын коротуп коюп жатышат. Программаны кууп жеткенге да жетишпей калат экен. А биз бала бакчаларды өтө тездик менен куруп бере албайбыз, каражат тартыш. Былтыртан баштап мектептердин алдында эле мектепке даярдоочу 2 миң 327 классты ачтырдык. Мындан сырткары мектептердеги 1-4-класстардын окутуу программасын жаңылатканга жетиштик.
– Студенттердин сессиясы, бүтүрүүчүлөрдүн ЖОЖго тапшыруучу мезгили жакындоодо. Атайын өзүңүзгө кайрылып, телефон чалып, пара талап кылган учурларды айтып арыздангандар болобу?
– Мен кызматка жаңы келгенимде пара талап кылып жатат деп чалып же келип арыздангандар аз болгон. Бирок кийинки жылдары андай арыздар көп эле түшүп баштады. Паракорлуктун себептеринин бири бул сырттан окуу системи деп айтар элем. Акчаны төлөп коюп эле окубай койсо болот деген муун өсүп чыкты коомубузда. Бул «оорудан» кутулуу үчүн студенттердин жүрөгүндөгү патриоттук сезимдерин ойготуу керек. Адистигине берилген студенттер көбөйсө, жанагыдай сабакка келбей эле баа сатып алуудан арылабыз.
– Сырттан окуу системи жоюлуп, анын ордуна дистанциондук окутуу кабыл алынды. Билим берүү интернет аркылуу жүргүзүлөт дешти, бирок аймактарда интернет жок. Андыктан бул систем коррупциянын жаңы толкунун жаратпайбы?
– Сырттан окуп жүргөндөр жылына 2 жолу сессия тапшырып келишкен болсо, аталган систем боюнча билим алган студенттер үчүн атайын графиктин негизинде туруктуу байланышка чыгуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Кадимки күндүзгү бөлүмдүн студенттери менен бирге сессия убагында сынакка кирүүгө шарт каралып, сынак электрондук түрдө алынат. Бул систем Европанын ЖОЖдору менен биргеликте ишке ашууда. Мындай жол менен коррупциялык көрүнүштөр кескин кыскарат деп ишенебиз.
Ширин Турдакунова
politika@super.kg