9-майда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Улуу Жеңиштин 69 жылдыгына карата улуттук күрөш боюнча мелдеш болуп өттү. Бул мелдештер эки күнгө созулуп, бардыгы болуп 300дөй балбан катышты. Бүйүр кызыткан күрөшкө күбө болчу күйөрмандар стадионго жык толуп, балбандарды сүрөөнгө алып турушту.
«КЫРГЫЗ КҮРӨШҮ – ЧЫНЫГЫ КҮРӨШ»
Азыркы кыргыздын улуттук күрөшү деп аталган күрөш эл арасында «Лейлек күрөшү» деп да аталып жүрөт. Аты айтып тургандай, өлкөбүздүн түштүк жергесинде абдан белгилүү.
Аталган мелдештин калысы АБДЫКЕРИМ АШИРОВ улуттук күрөш тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди: – 1960-жылы Орто Азияда күрөш боюнча мелдеш өткөрүлүп, анда Лейлек районунун балбандары да катышкан. Ошол кездери Абдрахман аттуу атактуу балбаныбыз бүткүл Орто Азияны багындырган. Ошондон тарта бул күрөш түрү өнүгүп, 80-жылдары студент кезибизде ЖОЖдор арасында Лейлек күрөшүн уюштуруп турчубуз. 1994-жылы Кыргыз күрөш федерациясы түзүлүп, ар жыл сайын мелдештерди өткөзүп келет. Азыркы убакта бул күрөш түрү бүткүл Орто Азия элдерине кеңири жайылып жатат.
Кыргыз күрөшүнүн негизги айырмачылыктарын айтсам, буттан чалуу жок. Анда күрөшкө чыккан балбан атаандашын жамбашка алып, тизе менен көтөрүп гана жыгыш керек. Башкача айтканда, кара күчкө караганда техника көбүрөөк иштетилет же балбандар таза күрөшөт десек болот.
МЕЛДЕШ ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ
Өлкөбүздүн ар тарабынан келген балбандар жеңил салмак категориясында (55 килограммдан 75 килограммга чейинки), орто салмакта (76-90 кг) жана оор салмакта (90 килограммдан жогорку салмакта) күч сынашышты.
75 килограмм салмакка чейинки балбандардан иргелип отуруп, Жаныбек Аллакулов баш байгенин ээси болду.
Ал эми орто салмак категориясында акыркы кездерде жеңишти эч кимге бербей келе жаткан балбан, «Казань-2013» Универсиадасынын чемпиону Нурбек Кожобеков менен жаш балбан Нургазы Тойчиев финалдык беттешке чыгышты. Балбандар бел боодон бекем кармашып, кызуу күрөш тартуулашты. Кимиси биринчи катачылык кетирет деп балбандар бирин-бири аңдып турушту. Күрөштүн белгиленген мөөнөтү аяктап калганда Нургазы Тойчиев атаандашына жеңиштүү ыкма жасап, 1-орунду илип кетти.
Эң оор салмакта катышкан балбандар кимиси мыкты экенин далилдегени килем үстүнө чыгып, жыйынтыгында Эмил Кудайбердиев аттуу спортчу биринчиликти багындырды.
КРнын Улуттук классикалык күрөш федерациясы Улуттук спорт түрлөрүн өнүктүрүү борбору менен биргеликте уюштурулган мелдештин жеңиш ээлери жүз миң сом акчалай сыйлыкка ээ болушту.
Орто салмакта жеңишке жетишкен НУРГАЗЫ ТОЙЧИЕВ:– Мелдештер курч мүнөздө өттү. Бардык атаандаштар мыкты деңгээлде даярдык көрүшүптүр. Буйрук экен, бул мелдеште 1-орунду багынта алдым.
– Финалдык беттеш кандай өттү?
– Финалда тажрыйбалуу Нурбек Кожобеков менен кезиктим. Ал экөөбүз көп жерде күрөшүп келебиз. Андан өткөн жылы да 2 жолу утулуп калдым эле. Финалдык таймаш чындыгында оор болду. Экөөбүз тең катуу тырышып, күрөштүк. Беттеш аяктап калганда Нурбек негизги убакыт бүттү деп бошонуп жибердиби, айтор, мен ыкма жасаганга үлгүрүп, жыйынтыгында жеңишке жеттим.
– Күрөш менен качантан бери алектенесиң?
– Мектепте окуп жүргөндө күрөшчүмүн. Ошол кездери эле райондук, облустук мелдештерди утуп жүрчүмүн. Азыркы тапта Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын спорт факультетинин 3-курсунун студентимин. Келечекте Олимпиада оюндарына катышуу тилегим бар.
ЖЕҢИЛ САЛМАК КАТЕГОРИЯСЫНДА
(55 килограммдан 75 килограммга чейинки салмакта)
1-орун. Жаныбек
ллакулов
2-орун. Эсенбек Кудайбердиев
3-орун. Элдос Мурзабеков
ОРТО САЛМАКТА
(76 килограмм салмактан 90 килограммга чейинкилер)
1-орун. Нургазы Тойчиев
2-орун. Нурбек Кожобеков
3-орун. Адылбек Разыков
ООР САЛМАКТА
(91 килограммдан жогорку салмакта)
1-орун. Эмил Кудайбердиев
2-орун. Асылбек Халматов
3-орун. Эмил Жоробеков
Күрөш белгиленген мөөнөткө (көбүнчө 4 мүнөт) чейин уланат. Бул убакыт ичинде балбандардын эч кимиси чабуул жасай албаса, чүчү кулак ташталат. Анда кимисине жеңиштүү таш түшсө, ошол жеңүүчү
аталат.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg