ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (19-майдан 25-майга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Апта ичинде жакын адамыңыз менен болгон мамилени муздатып алышыңыз мүмкүн. Шаршемби жана бейшембиде ден соолугуңузга зыян келтирип алуу коркунучу бар. Андыктан өзүңүзгө этият болуңуз. Бейшембиде кандайдыр бир шашылыш чечим кабыл алуудан оолак болгонуңуз оң. Эс алуу күндөрү эч бир ишке кийлигишпей, сырттан гана байкоо салып, жайына койгонуңуз туура.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптанын алгачкы жарымында көңүл коштук мамиле ишиңизде чоң маселе жаратышы мүмкүн. Үй-бүлөдө пикир келишпестик орун алып, таарынышуулар күтүлөт. Ал эми жумадан тарта ишиңиз илгерилеп, материалдык абалыңызды чыңдап алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Түшкөн сунуштан баш тартпаңыз. Дем алышта адаттагыдай үй жумуштары менен алек болосуз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Дүйшөмбүдө кесиптештерге пландарыңызды айтпай, тилиңизди тишиңизге катыңыз. Көрө албастык кылып, ишиңизде бут тосуулар болушу мүмкүн. Жума күнү тапкан кирешеңизди керектүү нерсеге жумшоонун алдында, жакындарыңыз менен кеңешип алсаңыз жаңылбайсыз. Жекшембинин таңы сизге жагымдуу белеги менен башталат.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптаны жаңы буюм сатып алуудан баштайсыз. Шейшембиде турмушта сизге сабак боло турган окуянын күбөсү болосуз. Апта ортосунда өнөкөт оорусу барлар дарыгерге кайрылууга мажбур болушат. Ишембиде көптөн күткөн тилегиңиз орундалат. Ал эми жекшембиде оттон сак болуңуз, денеңизге зыян келтирип алуу коркунучу күтүлөт.

АРСТАН (23.07-23.08)
Аптада жаралган идеяңызды ишке ашырууга аракет кылсаңыз, жыйынтыгы ийгиликтүү болот. Дүйшөмбүдө күтүлбөгөн белекке ээ болосуз. Шейшембиде жок жерден чыр чыгарууну каалагандар чыгат. Бирок алардын чагымчылдык ишине алдырбаңыз. Дем алышта айрымдар конокко барса, кээ бирөөлөр конок тосуу менен алек болушу мүмкүн.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Жашооңузда өзгөрүүлөр болушу күтүлүүдө. Шаршембиде каржылык иштерде этияттык талап кылынат. Ал эми капчыгыңызды кактырып жибербейин десеңиз, кумар оюндарынан алыс болуңуз. Ишембиде сүйүктүү адамыңыз менен тил табыша албай чырдашып, ишиңизден алаксыйсыз. Жекшембиде жолдо жүрүүдө сак болуңуз. Кырсыктап калууңуз ыктымал.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Иш күндөрүнүн башы ийгиликтүү башталат. Атаандаштарыңыздан озуп, ишиңиз жемиштүү болмокчу. Бейшембиде бойдоктор кыялындагы адамына кезигет. Таанышуудан тартынбай, эбин табууга аракет кылуулары зарыл. Эс алуу күндөрүн жараталыш коюнунда достор менен бирге өткөрөсүз.


ЧАЯН (24.10-22.11)
Күтүлбөгөн мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Ал үчүн тапшырылган ишти так аткарууга аракет кылсаңыз, ишенимдүү адамдардын колдоосуна ээ болосуз. Жумушундагы жетишкендиктери үчүн айрымдар кызматынан жогорулашына жол ачылат. Аптанын экинчи жарымында үйдөгү чарба иштери менен алектенүүгө мажбур болосуз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Баштаган ишиңиз аягына чыкпай кыйналасыз. Бирок кара күчкө эмес акылга таянып, аракетиңизден жазбай, алдыга кадам таштай бериңиз. Себеби, бейшембиде же жумада материалдык жана моралдык жактан колдоо көрсөткөндөр чыгат. Ал эми апта аягында эски таанышыңызга күтүүсүз кезигүүңүз күтүлүүдө.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Жаралган маселеден чыгуунун жолун көздөп, шашылыш чечим кабыл алуудан оолак болуңуз. Болбосо анын арты туңгуюкка кептеп коюшу мүмкүн. Каржы жаатында да чыгымга учурап калуу коркунучу бар. Андыктан өзүм билемдикке салбай, кеңешип иш кылыңыз. Апта соңунда алыстан келген кабар сизди кубанычка бөлөйт.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Капчыгыңызды кампайтууга жетишесиз. Ошондой эле иш боюнча сунуштар түшүшү күтүлүүдө. Бирок сунушту жакшылап иликтеп болгон соң макулдук бербесеңиз, пайдасынан зыяны көп болуп калышы мүмкүн. Жума күнү араздашкандардын ортосуна түшүп, аларды жараштырууга аракет кыласыз. Ал эми эс алуу күндөрү адаттагыдай үйдө эс алуу менен эле өтөт.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Айланаңыздагыларга жоопкерчиликтүү жана кең пейилдүү мамиле жасаганга аракет кылыңыз. Бул сиздин ишиңиздин илгерилешине өбөлгө болот. Жума күнү капчыгыңызды калыңдатуу максатында акча жүгүртүү иштери менен алектенүүгө киришишиңиз мүмкүн. Апта аягында элден четтеп калбайын десеңиз, агым менен бирге кетиңиз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 602, 16-май-22-май, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан