Дары-дармектер дарыканаларда да, базарларда да сатылат. Андыктан алардын сапатына терс пикир айткандардын саны көп. Деги бизде дары-дармектерге ким көзөмөл жүргүзүп, ким текшерет? Сапатсыз дарылар чындап көппү?
«ДАРЫЛАРДЫ МЕНДЕН АЛЫП БАРЫП, ДАРЫКАНАДА САТЫШАТ»
Сапаттуу дары адамды оорудан айыктырса, сапатсызы ооруңду күчөтүп, ал тургай өлтүрүп да коёт. Дары сатканга мыйзамдуу уруксаты болбосо да, базарларда саткандар көп. «Ош базарына» барып, 1 саат ичинде андайлардын 25ин кезиктирдик. Буларга эч ким лицензия, сертификат бербейт. Андыктан дарылары тазабы же жасалмабы, билип болбойт. Атын айткысы келбеген жигит «менден дарыканаларда иштегендер алып кетишет да, кайра сатышат. Анткени арзан, сапаты деле жакшы эле» дейт.
«МИЛИЦИЯ ДАРЫЛАРДЫ ТЕКШЕРҮҮГӨ КАТЫШПАЙТ»
1 саат ичинде дары саткандарды кубалаган бир да милиция кызматкерин көргөн жокпуз. Андыктан «Көчөдө дары саткандарды ким тыят?» деген суроо менен Ленин РИИБинин башчысынын орун басары ЗАКИРЖАН УСМАНОВГО баш бактык:
– Биздин укук коргоо кызматкерлери көчөдөн дары саткандарды кубалайт. Бирок бир аздан кийин кайра келип алышат. Ушул боюнча катуу чара көрө тургандай кылып депутаттар мыйзам чыгарып беришсе болмок. 2013-жылы биздин кызматкерлер чоң 2 рейдге катышкан. Бирок алар чатак чыгып кетпешин гана көзөмөлдөп беришет. Дарыларды текшерүүгө катышууга укугу жок.
«ДАРЫКАНАЛАРДЫ 1 ЖЫЛДА 1 ГАНА ЖОЛУ ТЕКШЕРЕБИЗ»
Эми КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармектер жана медициналык техникалар менен камсыздандыруу департаментине баш бактык. Башкы директордун биринчи орун басары ЖАҢЫЛ ЖУСУПОВА суроолорубузга мындайча жооп берди:– Биздин департамент дарыканаларды гана текшере алат. Ал эми базарларда, көчөлөрдө сатылып жаткан дарыларды көзөмөлдөө, сапатын текшерүү укугунан мыйзам боюнча четтетилген. Биздин дарыканаларды 1 жылда 1 гана жолу текшерүүгө укугубуз бар. Башка учурларда аткезчилик менен алынып келинип жаткан сапатсыз дарыларды же мөөнөтү өтүп кеткендерин сатып жатабы, биле албайбыз. Анын үстүнө биз текшерүүгө мыйзам боюнча 10 күн мурун алдын ала эскертип анан баруубуз керек. Бул аралыкта алар жанагыдай дарылары болсо бекитип же жок кылып, суудан кургак чыгып кетип жатышпайбы.
Бирок, айтып кетчү нерсе, сапатсыз дары адамды өлүмгө жеткизе тургандыктан карап тура албай, Бишкек ШИИБи, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы жана Бажы кызматы менен план түзүп, 1 жылда 10-15 ирет алар менен чогуу текшерүүлөргө чыгып турабыз. Башка учурларда биз кайсы жерде аткезчилик жол менен алынып келинген дарылар сатылып жатканын билип калсак, жогоруда айтылган органдарга билдирүү менен гана чектелебиз. Өзүбүз текшергенге укугуз жок.
2013-жылы жыл ичинде департаменттин сертификация боюнча бөлүмү 75 түрдүү аталыштагы дары-дармекке сертификат берүүдөн баш тарткан (жараксыз деп табылгандыгы үчүн). Алардын жалпы суммасы 23 миллион 767 миң 695 сомду түзгөн.
Биздин департамент квартал сайын жашоого маанилүү делген дары-дармектердин тизмегиндеги айрым дарылардын гана (баарын эмес!) дүң жана чекене бааларын көзөмөлдөп, байкоо жүргүзүп турат. Башка дарылардын бааларын көзөмөлдөөгө акыбыз жок.
Негизи дарыларга бааларды алгач дары чыгарган фирмалар коёт. Ага бааны дарыны алып келген биздеги компаниялар, анан дарыканалар кошот. Дарылардын бааларынын мамлекет тарабынан көзөмөлдөнүүсү мыйзам тарабынан каралган эмес.
«БААРЫ КОРРУПЦИЯГА БАРЫП ТАКАЛАТ»
Дарылар маселеси боюнча ЖКнын депутаты, Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин мүчөсү ДАСТАНБЕК ЖУМАБЕКОВДУН оюн билдик:– Дарылардын баалары өсүүдө жана аткезчилик жол менен да келип жатат дегенге кошулам. Баары коррупцияга барып такалат. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы, Бажы кызматы, Антимонополдук агенттик дегендер таза иштешсе, бизде сапатсыз дарылар сатылмак эмес. Негизи дарылардын бааларын Антимонополдук агенттик көзөмөлдөшү керек. Бирок бул агенттик жана жогоруда айтылган органдардын баары пайда табуу үчүн «сен мага, мен сага» дегенге өтүп алышкан. Ошондуктан ар ким өз билгенин кылып жатат. Андыктан коррупцияга жол берген мыйзамдарды оңдоо керек деп ойлойм. Дары-дармектерди сатуу жоопкерчилигин күчөтүп, айыптардын өлчөмүн көбөйтүү зарыл. Болбосо хаос боюнча калышы мүмкүн.
Бул темага кийин дагы кайрылабыз.
СТАТИСТИКА ЭМНЕ ДЕЙТ?
«Супердин» сурак бурчу
КЫРГЫЗСТАНДА САТЫЛЫП ЖАТКАН ДАРЫЛАРДЫН САПАТЫНА ИШЕНЕСИЗБИ?
Нурила Сариева,үй кожойкеси:
– Дарылардын сапатын карапайым эл ажырата албайт. Дары каражаттардын жарнамалары да көп. Биологиялык активдүү кошулмаларды дары деп саткандар да бар. Айтор, баш аламан.
Акпай Сарыбаев, дарыгер:
– Кытай, Пакистандан аткезчилик жол менен сапаты күмөн дарылар келет. Базарда колдон жасалгандары да сатылат. Дарыны дарыканадан гана алуу керек. Себеби бир нерсе болсо жооп берет.
Асел Дарбанова, студент:
– Учурда «дары алсам таасири тийбеди» дегендер бар. Баалары кымбат, айлык акыга туура келбейт. Андыктан мамлекеттик дарыканаларды ачуу зарыл.
Акылбек Усупбаев, дарыгер:
– Бел кубатты көтөрүүчү виагранын түрлөрү көп келүүдө. Кытай, Пакистандан алынып келингендери тазалоодон өтпөгөндөр. Алар боорго, ички органдарга зыян.
Гүлмира Саманчиева, сатуучу:
– Сапаты жакшы эле. Жээним ооруганда врач дарыларды жазып, анан бизди өзү дарыканага алып барды. Көрсө, врачтар дарыканалар менен иштешип, ставкасын алат экен.
Айдар Калдыбаев, сатуучу:
– Фармацевтикалык компанияларды депутаттар менен чиновниктер калкалайт. Мамлекеттик көзөмөл жок, ар ким өзү билгендей баа коюуда. Сапаттарын айта албайм.
Дилбар Боронбаева, үй кожойкеси:
– Сапаттуусу да, сапатсызы да аралаш. Анткени дарыларды Казакстандан, Орусиядан аткезчилик жол менен алып келишерин билем.
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg