АЗИЗ БАТУКАЕВГЕ ИЗДӨӨ ЖАРЫЯЛАНАБЫ?

Өткөн жылдын апрель айында кылмыш дүйнөсүндөгү таанымал кылмышкер Азиз Батукаев Нарын шаардык соту тарабынан «2-3 күндүк өмүрү калыптыр» деген шылтоо менен мөөнөтүнөн эрте бошотулгандыгы коомчулукка маалым болгон. Бошотуп эле чектелбей, бир нече мекеменин өкүлдөрү аны Нарындан Бишкек шаарына чейин коштоп келип, «Манас» аэропортунан жылуу-жумшак Чеченстанга учуруп жиберишкени көпчүлүктүн кыжырдануусун жараткан болчу. Бул окуя боюнча иш алып барган Жогорку Кеңештин депутаттар комиссиясы «А.Батукаевдин оорусу боюнча медициналык жыйынтык жасалма, мындай илдетке чалдыккандар эки айдан ашык жашай албайт» деп айткан. Ошондой эле быйылкы жылдын апрель айында башкы прокурор Аида Салянова парламентте: «А.Батукаевдин бошотулуу фактысы боюнча кылмыш иши жанданды, атүгүл Батукаевге эл аралык издөө жарыяланышы ыктымал»,- деп билдирген.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевди бошотууда алдын ала сүйлөшүүлөр болуп, тийиштүү адамдарга көп суммадагы акча берилген. Менимче, ушундай. Себеби окуя башынан аягына чейин ырааттуу уланып жатпайбы. Соттун чечимди дароо чыгарып бергени, ЖАМКнын кызматкерлери аны Нарындан Бишкекке коштоп келишкени, чет өлкөгө алып кете турган учактын даяр болуп калышы...» деп нааразы болгон.
Башкы прокуратура «жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу ишти карап чыгуу зарыл» деген жыйынтык чыгарып, бул жыйынтыктан улам Нарын шаардык соту Азиз Батукаевди бошотуу тууралуу баштапкы өз токтомун жокко чыгарды. Таң калычтуу иш болду. Алгач коомчулукка коркунучтуу кылмышкерди мөөнөтүнөн мурда бошотуп жиберип, ал кутулуп кеткен соң «туура эмес иш кылыптырбыз» деп жыйынтык чыгарып койсо боло береби? Эми ошондой чечим чыгарган судья, күмөндүү медициналык жыйынтык чыгарып берген Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги жооптуу кызматкерлер жаза тартышабы? «Бүгүн-эртең өлөт» деген медициналык жыйынтыктан башталган Азиз Батукаевди бошотуу операциясынын катышуучулары жооп беришеби? Коомчулук ушундай суроого жооп алгысы келет.

Темирбек Матаев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
Made_in_Mama
2014-05-19 10:47:56
Оздору бошотуп алышып оздору издоо жарыяламак беле?! Кызык го! Бошотууга тиешеси барлардын баарын жоопко тартыш керек!!! Бизде мыйзам баарына тен бирдей эмес. Эл конуп калган.
0
Dalil
2014-05-19 13:06:08
Эми ал ишке тиешелуулор соттолуш керек десе дагы бир бечара кунолуу болот. Менин оюмча диагноз чыгарган врачтарды коркутуп да жаздырышы мумкун. Ошондой болгон кундо соттор таза болуп чыгып, врач соттолушу мумкун. Соттор суттон ак болуп чыга келет. Ит уро берет кербен журо берет. Мунун баары алдын ала ойлонуп уюштурулган мамлекеттик кызматтагылардын кылмышы. Бирок окунучтуусу аны далилдеш ото кыйын.
0
ujas
2014-05-19 15:18:14
ХХХ ХХХ ХХХ... any 4ygargan bizdin ak4aga satylgan ХХХ a4yk ele bilinip turatko ,, emi meditsinadagy adamdar je bawkasyn wyltamyw etip atasynar , negizi kyrgyz uwintip satylyp satyp juro berse e4 ka4an onukpoibuz ,, ak4aga satylgany a4yk aikyn ele bilinip turatko ,, emnege satylyp emi iw kozgomuw bolup atywat , owol kezde ele karmap 4ygarbaw kerek eleda ,, emi jerdi tytyp izdesenerda batukaevdi enenerdin 4okusunan tapmak bele .,, ak4aga satylgan
0
admin_portal
2014-05-19 16:08:22
ujas - 5 күнгө БАН!
1. Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
2. Кимдир-бирөөнү кемсинтип, мазактоого жол берилбейт.
0
ujas
2014-05-19 15:19:50
ХХХ joopko tartyp jumuwtan aidaw kerek , azizdi izdegende paida jok al taptyr5bait
0
turatbek-92
2014-05-19 23:07:13
колдоунан эчнерсе келбейт, озулору бошотуп жиберсе анан каяктан аны таап келишет. Элди алдаса да ишендире турган кылып алдасын да.
0
antiwithin14
2014-05-19 23:28:56
Эме ошентип куру соз менен болсо да айтып тургула " биз издеп жатабыз" деп,биз " иии" дегенче суйунуп туралы.
0
madina.00
2014-05-20 01:58:10
Азизди тапканда деле анын тезегине куурай сая алышпайт биздин бийлик.Калп эле элге актанымыш болушуп иш козголду,тигинтип-мынтип жатабыз деп калпты ышкыртып коюшат да биздин соттор!Сотубу,прокуроробу азыр баары сатылган, жакшысы ишибиз тушпосо экен деп тиленгенибиз дурус го...
+1
mersedes2013
2014-05-20 02:24:41
Колунда турган адамды оздору качыртып коюп эми эмнеге издеп жатышат ......?жаш баланы алдагандай элди алдап жатат го издоо саодык деп
0
raimzhanov81
2014-05-23 02:59:21
кайдагы жомокту айтып атышат булар.
0
elzat150498
2014-05-25 01:48:27
бизде эмне мыйзам барбы?
кайдагы издоо,кыргызстанда жомоктогудай жашоо гочиркин каалаганын орундалат.Кааласан турмо кааласан уйундо отурасын.
0
kanat07
2014-05-25 04:41:38
batukaev emi karmalbait izdep ubara bolboiele koisun
0
№ 602, 16-май-22-май, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан