КАМЧЫ КӨЛБАЕВ ЭРКИНДИККЕ ЭМКИ АЙДА ЧЫГАТ...

Жогорку Сот 14-май күнү Камчы Көлбаевдин ишин карап чыгып, 2013-жылдын 24-декабрында Бишкек шаардык соту чыгарган өкүмдү күчүндө калтырды. Кримтөбөл Камчы Көлбаевге карата «опузалоо», «адам уурдоо», «тоноо», «кылмыштуу топту уюштуруу» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон эле. Бирок күбөлөрдүн көпчүлүгү сот учурунда берген көрсөтмөлөрүнөн баш тарткандыгына байланыштуу коюлган беренелердин айрымдары боюнча кримтөбөл акталган.
Ошентип, өткөн жылы Биринчи Май райондук соту Көлбаевди 5 жыл 6 айга эркинен ажыраткан. Бирок К.Көлбаевдин адвокаты арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылып, бул инстанция жаза мөөнөтүн 3 жылга чейин кыскарткан. Жыйынтыгында тергөө изоляторунда өткөргөн 1 күнү 2 күнгө эсептелинип, Камчы Көлбаев абактан 1 айдан кийин чыгып калат дешүүдө.
«Мыйзамдагы ууру» атыккан жана АКШнын дүйнөдөгү баңги барондорунун тизмесине кирген Камчы Көлбаев 2012-жылдын декабрь айында Дубайдан Бишкекке келип, укук коргоо органдарынын колуна түшүп берген болчу.

Темирбек Матаев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
MAPAT.YAKUTSK
2014-05-20 08:57:27
давно чыгыш керек эле
0
sergo
2014-05-20 12:01:08
Ону башы жакшынакай эле киши уй булоо кутуп тынч жашаса болбойбу?
0
kalbek87
2014-05-21 08:28:06
ааа биздин бийлик аты эле бар да, кааласан турмо кааласан эркиндик
0
kaltunlu
2014-05-23 19:28:36
mıyzamdagı uuru kantıp turmogo tushsun...telefon uurdagan turmogo tushot azır...eeehhhh KIRGIZ elı kachan onolobuz ıyaaaa
0
MarJane
2014-05-24 15:05:42
Тушот эле.турмого тушуптур десе эле кыйналып атат деп ойлойсунар!Турмодо да "люкста" жашайт деп уккам.
0
MarJane
2014-05-24 15:07:35
Уй булоолу жакшынакай эле киши го.Болгону Авторитет...
0
kubasel
2014-05-25 19:27:17
авторитетпи, президентпи, министрби же депутатпы, иши кылып кыргызга куйсо болгону! даракты курт жейт,кыргызды кыргыз жейт болбой!
0
№ 602, 16-май-22-май, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан