Президент Алмазбек Атамбаев 18-21-май күндөрү Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен Шанхайга барат. Бул иш сапар эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди жаңы баскычка көтөрөрү айтылууда. Эки өлкө буга чейин соода-экономикалык, коопсуздук жана башка тармактарда тыгыз иштешип келип, Алмазбек Атамбаевдин президенттиги тушунда Кытай Кыргызстан үчүн ири инвестор жана соода жаатындагы өнөктөш болууга жетише алды. Азыр жол курууда, энергетика тармагын каржылоодо, жылуулук борборунун ишин модернизациялоону баштоодо, социалдык долбоорлорду ишке ашырууда тыгыз кызматташуу жүрүп жатат.
Жолугушууда тараптардын 10го жакын документке кол коюшары күтүлүүдө.
Темирбек Матаев
politika@super.kg