Өкмөт Кыргызстандын Бажы союзуна кошулушу боюнча жол картасынын долбоорун жактырганын экономика министри Темир Сариев билдирди. Анын айтымында, аталган документ өлкөнүн Бажы союзуна кирүүдөгү укук-ченемдик базасын түзөт. Эми долбоор парламентке жөнөтүлүп, андагы эки комитетте каралат. Андан ары майдын аягында Казакстандын Астана шаарында мамлекет башчылардын деңгээлинде өтүүчү Жогорку Евразиялык экономикалык кеңеши тарабынан бекитилүүгө жөнөтүлөт. Өкмөттө Кыргызстандын Бажы союзга кирүүсү боюнча документти талкуулоо Жоомарт Оторбаевдин жетекчилигинде журналисттердин катышуусу жок өттү. Кийинчерээк жол картанын долбоору жалпыга маалымдоо каражаттарына таркатылды.
Бажы союзга карай ташталган кадамдын ток этер жерине токтолсок, Кыргызстан союздун алкагындагы ар кандай талаптарды жүзөгө ашыруу үчүн 370 миллион доллар сурамай болууда.
Эске салсак, Бажы союзу Орусия, Казакстан жана Беларусту камтыйт. Өткөн жылы аталган союзга кирүүгө Армения кадам таштаса, Кыргызстан биримдикке кошулууга 2011-жылы эле арызын берген.
Темирбек Матаев
politika@super.kg