«Ош электр» ишканасынын кызмат адамдары тарабынан абоненттердин карызы эсептен чыгарылып ташталганын УКМК 12-майда билдирди.
Маалыматка караганда, 2011-жылы «Ош электр» ишканасынын кызмат адамдары 16 миллион 862 миң сомдук аласа карызды бухгалтердик баланстан мыйзамсыз чыгарып салышкан. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп баштады.
Өткөн саныбызда Энергетика жана өнөр жай министрлигинин жаңы тарифтик саясаты тууралуу кенен сөз кылганбыз. Анда эксперт Расул Умбеталиев «ширшовдук схема» кантип жүргүзүлөрү тууралуу айтып берген. Ал «илгери «взаимозачёт» (ред. чегеришме) деген түшүнүк бар эле. Союз урагандан кийин акча каражаты болбой калып, көп мекемелер бири-бирине акчалай каражат менен төлөй албай калышкан. 1 сомдук буюмду энергетикалык компанияларга 10 сомго сатып жүрүшкөн. Энергетикага карызы болгон мекемелердин бересеси «взаимозачёт» менен Ширшовго таандык компаниялар тарабынан жабылып, ошонун негизинде түшкөн акча каражатын бөлүштүрүүчү компаниялардан алып кетип турушкан. Чегеришмеден улам «ширшовдук схема» келип чыгып, ал энергетикалык системди толугу менен талкалады. Уурдоо кайсы жерден башталууда? Техникалык жана коммерциялык жоготуу аркылуу. Дүйнө жүзүндөгү практикада мындай түшүнүк жашабайт» деп айткан болчу.
Темирбек Матаев
politika@super.kg