Маданият ишмерлери Камила Талиеванын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жетекчилигине келгенине катуу нааразы болушуп, атүгүл өкмөт үйүнө өкүрүп барып, бул тармакка көңүл бөлүнбөй калгандыгына нааразычылыкты ушундай жол менен билдиришкен эле.
Эми Камила Талиеванын атактуу Саякбай Каралаевди композитор деп атаганы катуу сындарга кабылды.
«Мамлекеттик бир галдир (Жантөрө Сатыбалдиевге байланыштуу окуядан улам ушул сөз азыр модада) Саякбайды «композитор» деп салыптыр. Маданият ишмерлери бекеринен өкүрүшпөптүр»...»Саякбай атабыз рэп боюнча композитор экен деп ойлогон го»... Ушуга окшогон сындар интернетти каптап кеткен соң аталган министрликтин маалымат кызматы Талиева Чыңгыз Айтматовдун Саякбай Каралаев тууралуу сөзүнөн үзүндү келтиргенин айтып, министр айымдын дарегине жааган сындарды азайтууга шашты.
Темирбек Матаев
politika@super.kg