«САЙКАЛ «КЫЗ-БУРАКТЫ» ТАРАТЫП, ӨЗҮ ЖЕКЕ ЫРЧЫ БОЛОБУ?»

– Саламатсыздарбы, менин сүйүктүү гезитим «Супер-Инфо»? «Кыз-Бурак» тобундагы кыздардын курамы алмашып жатып, учурда кимдер ырдап жатканын тааныбай деле калдым. Акыркы учурларда Сайкал өзү жалгыз эле гезит беттеринде жүрөт. Мындан улам «Кыз-Бурак» тобу тарап, Сайкал жеке ырчы болобу деген ой келди. Анан да «топтун кыздарына Сайкал кол көтөрөт экен» деп укканым бар эле, ушул маалыматтын чын-бышыгын билип бере аласыздарбы?

Назгүл, Ош шаары

Сайкал Садыбакасова:
– «Кыз-Бурак» тобу тарабай эле, учурда кызуу иштеп жүрөбүз. Мурунку жетекчиликте кол көтөрүү болсо болгондур, бирок мен бир да кызыма кол көтөргөн эмесмин. Топтун курамы өтө деле өзгөргөн жок, болгону эки жаңы кыз алдык, калган үчөө эски курамдагы эле кыздар. Апам «Кыз-Бурактын» кырк жылдыгында топтун ачкычын сага толугу менен өткөрүп берем» деп жатат. Андай жоопкерчиликтүү иштен кийин топтун популярдуулугун арттырууга болгон күчүмдү жумшашым керек.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (61)
mairafilm
2014-05-22 00:32:53
Сынчылардын арасында супер ушакчылар бар экен,ото тан калдым.
+1
vasima
2014-05-22 05:34:08
тообо жазат десе эле жаза бересинерби
-1
Kalin466
2014-05-23 10:15:16
ХХХ ХХХ ХХХ... Эмнеси менен легендарлуу? Мисалы,азыркы курамы? Легендарлуу деген наамга Кайыргуль Сартбаева,Жолдубай Кайыпов, Дарика Жалгасынова ж.б.кирсе керек,менин оюмча.
+1
admin_portal
2014-05-23 10:48:06
Kalin466 - оозеки эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
+1
Kalin466
2014-05-23 10:29:31
Топту таратып озунчо ырдаса деле,топ менен ырдаса деле,эгер кыйраландап бийлеп, маанисиз ырларды ырдамыш боло берсе ,эч кандай ийгилик коштобойт. Ундору да андай суйуп уга турган ун эмес. Эстей албай да каласын.
-1
mairafilm
2014-05-23 19:24:26
Сайкалдын атасы менен ишинер канча.?Бироонун жашоосун чукутуп,суйлотуп,ушактатып эле койсо.Озунордун бала-чаканарды андан коро атасыз калтырбайын деп курошкуло,бироо менен ишинер канча?!
+2
melkaya
2014-05-23 19:37:58
Кыз бурак тобуна канча жылдан бери канчалаган кыздар келип кеткен,баары болбосо да 80% кыздар таланттулар болгон.Кимдир бироо ырдап,улантып кетти,кимдир бироо шартка жараша комускодо калышты.Бизге окшогон бекерчилер баарын билип койгондой соз кыла беребиз...Чындап келгенде биз ушуларга окшоп ырдап алалычы туугандар.
0
Aikoo2014
2014-05-24 00:52:21
Кыз Бурактын мурдакы тобун билем,азыр кимдер бар? Кантседа тобунардын атын очурбой,эл оозуна алынар ырлардан ырдагыла. Ийгилик жаны ырларды кутуп калабыз.
+1
vangolu
2014-05-24 12:22:16
кенже эле дей берет экенсинер баарынар.кенже ким?очень грубая ,не воспитанная женщина.....
+3
Sekretka
2014-05-24 13:04:04
Чындап эле азыркы Кызбыракты мен тааныбайм.
-1
byityshka
2014-05-24 13:39:21
Мени ушул кызга эле окшоштура беришет , эмнеге билбейм ........
+1
asylka
2014-05-24 19:56:12
азыр улам сайын алмаштыра бергенинен таанылбай калды окшойт Коомго.
+1
elzat150498
2014-05-25 01:23:46
Кыз-Бурактай топ жок керек болсо.Мен деле азыр кыздарын тааныбайм бирок башка топторго салыштырмалуу жогорку денгээлде деп эсептейм.Гулшайыр эжедей болуш учун биз кайра эле жаралбасак,эже баскан жолдо анча-мынча менменсинген аялдар баса элек.Эженин кыргыз элинде орду ото чон.Эжени сыйлайм.
-1
wwwww
2014-05-25 06:45:58
Элдин алдына чыгып алып денесинин баардык мучолорун корунгон эркектерге корсоткон аялдарга "Данк " жана "Дунк ")))))
+1
jalgyzym
2014-05-25 22:27:31
Менин да эсимде Кыз-бурак тобу биз 4-5класста аябай мода болгон ошол мезгилде Айжамал эже менен кошулуп Жан-Жан деп ырдаганым эсимде концертинен бир дагы жолу калган эмесмин эжемди эрчип алып жоночум анда кичинекейлерге бекер болчу. Концерт да ошончо жакшы отчу, азыр концерт кандай болуп жатканынан бир да кабарым жок анткени азыр киного барган мода го.
+1
rianna
2014-05-25 23:06:09
Кыз Бурак тобуна ийгилик ! жаны курамындагы кыздар сулуу кыздар экен facebook тан кордум :-) жаны жаны ырларды кутобуз.
0
№ 602, 16-май-22-май, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан