«БАРСЕЛОНА» ЖАНА «МЮга» ЖАҢЫ МАШЫКТЫРУУЧУЛАР ДАЙЫНДАЛДЫ

Голландия курама командасынын учурдагы башкы машыктыруучусу Луи ван Гал англиялык «Манчестер Юнайтед» футболдук клубунун башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Дэвид Мойести кызматынан бошоткон клуб менен 62 жаштагы адис 3 жылга келишим түздү. Быйыл Англия Премьер Лигасында Манчестер шаарынан чыккан клуб 7-орунду ээледи. Луи ван Гал Голландия курама командасын футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна жетектеп барып келген соң клубда өз ишин баштайт.
Ал эми испандык дөө-шаа клубдарынын бири «Барселона» Херардо Мартинонун ордуна «Сельта» клубун машыктырып келген Луис Энрикени дайындады. 44 жаштагы испандык машыктыруучу менен 2 жылдык келишимге кол коюлду. Луис футболчу катары «Барселонада» 1996-2004-жылдары ойноп келген.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 603, 23-май-29-май, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан