СЕКС-ТУРИЗМ

Силер билесиңерби?

Кээ бир өлкөлөрдө туризмдин багыты акыркы 10 жылда башкы багыт болуп чыга келди. Секс-туризмдин эки түрү бар: аялдардын секс-туризми, эркектердин секс-туризми.

Аялдардын секс-туризми

Туризмдин бул багыты Кариб аралдарында кеңири жайылган. Европа, АКШ, Канада жана башка өлкөлөрдөн келген аялдардын каалоосун канааттандырыш үчүн жергиликтүү жигололор кызмат көрсөтөт. Турист аялдар көбүнчө орто жаштагы жана орто жаштан ооп калгандар болот. Секс-туризмдин арты менен Кариб аралдарында ВИЧке чалдыккандардын саны арбын.

Эркектердин секс-туризми

Эркектердин секс-туризми гүл­дөгөн өлкөлөр болуп Таиланд, Куба, Филиппин эсептелет. Булардан кийинки орунда Бразилия, Түштүк Корея, Орусия, Украина турат. Төшөктө активдүү кыздар менен унутулгус түндөрдү өткөзүүнү көксөгөн эркектер аталган өлкөлөргө дүйнөнүн ар тарабынан барышат.
Эми алдыңкы өлкөлөр боюнча кененирээк.
Таиланд. Учурда бул өлкөдө расмий факты боюнча 500 миң (айрым маалыматтарда миллионго жакын) адам сойкулук менен алектенет. Мунун жарымынан азыраагы эркектер. Жаш балдар арасында сойкулардын саны болжол менен 100 миңди түзөт.
Төшөктө балыктай туйлаган кыздардын эки бутунун ортосунан жыргал издеп келгендердин саны, албетте, көп.
Филиппин. Бул өлкөдө сойкулук эң байыркы кесиптерден болуп саналат. Кыз-келиндердин католик динин тутушу сойкулук менен алектенүүлөрүнө чек коё албайт.
Пляжда кызыл-тазыл гүл көтө­рүп жүргөн кара тору кыздарды сойкулар деп эсептей берсе болот.
Куба. Улуттук лидердин сойкулукка каршы ачкан күрөшү оңдуу жыйынтык деле алып келбеди. Сексуалдуу кыздарды кө­чөдө тамеки сатып тургандардын ичинен деле табууга болот. Сойкулар бул өлкөдө “хинетера” деп аталышат.
Бразилия. Мындан негрин да, ак түстүүсүн да, мулатын да табууга болот. Негизги трасса боюндагы мейманканалардын дээрлик баарында “түнкү көпөлөктөр” кызмат көр­сө­төт.

Супер прикол

«Жаман жүндөрдү жулуп таштайбыз!»

Жазгүл менен Сайра деген курбулар үйдөн заказ алып, жаздыктарды жууп, оңдоп тигүүчү эле. Кызмат акыңар канча деп сурагандарга экөө тең “50 сомдон 100 сомго чейин, размерине жараша” деп жарыша жооп беришчү. Бир жолу түшкү тамактануудан келе жатышса, алдыларынан жигиттер чыгып калат. Алар кыз-келиндердин кучагын самап тургандыктан, кыздарга:
– Кыздар, иштеп жатасыңарбы?- деп суроо узатышат.
– Иштеп жатабыз.
– Кызматыңарга канча төлөө керек?
– 50 сомдон 100 сомго чейин, размерине жараша!
Жигиттер тактоо үчүн кайра суроо узатышат. Жазгүл жини менен мою­нундагы метрди алып, жаздыктын өлчөмүн түшүндүрүп кирет:
– 60 сантиметр болсо, 50 сом. 70 сантиметр болсо, 100 сом. Түшүн­дү­ңөрбү?
Жазгүл тигилерди биротоло ишен­дирүү үчүн:
– Жаман жүндөр болсо, жулуп алып таштайбыз,- деп кошумчалайт.
Ооздору ачылган жигиттер ал жерден кеткиче шашышыптыр.

Азил-чыны аралаш

Аялдарга кеңештер же эркектен өч алгың келсе... Эгер эркек...

... Күндүз кечке эле сенин кем­чи­лигиңди чукуй берсе, сен кечинде аныкы кичинекей экенин айтып чукула.
... Ашканада сага жардам бербесе, сен төшөктө ага жардам бербе. Мага демектен сени нары-бери оонатып, кыйналсын.
... Секстен кийин тетири карап жатып, коңурук тартса, сен секс учурунда коңурук тарт.
... Сенин курбуларыңды “акылсыз, түрү суук” деп жактырбаса, анда сулуу, акылдуу, бай эркектерден досторду тап.
... Сенин ишиңди жактырбаса, стриптизчи болуп ал. Бул бардык эркектерге жагат.
... Балконго чыгып, тамеки че­гүүнү каалабаса, ага төшөктү балконго салып берип кой.
... Байпагын ыргытып жиберсе, сен анын сырасын төгүп сал.
... Сени дөңгөч деп атаса, сен аны “тоңкулдак” деп ата.

Эротикалык сатира

«Тозокту» тазалоо

Малы көп бир байдын акылы кем, бирок татына, анан абдан эрке кызы болот. Бир күнү бай сыркоолоп калат да, дем салдырганга коңшу айылдагы молдону чакырат. Ал молдо байга дем салып жүрүп, бир күнү байдын кызынын селкинчек тээп жатканын көрүп калат. Кыз күүлөнгөн сайын шамалга көйнөгү көтөрүлүп, аласы айрык ыштанынан улам «алигиси» көрүнөт. Муну көргөн молдо дүүлүгүп чыгат да, ошондон тартып “кызды кантип колго түшүрүп жыргасам?” деген ойго батат. Анан эле молдо айылына кайтар күнү күтүлбөгөн окуя болот. Байдын кызы бир кыз менен уруша кетсе, ал:
– Сен келесоосуң, ошондуктан сага жуучу түшүп келбей жатат,- деп катуу ыза кылат. Ыйлаган кыз апасына:
– Мени эмне келесоо кылып туудуң? Өлөм эле, өлөм! Бычак апкел эле, апкел!- деп жаңжал салат. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, молдо кыздын апасына:
– Караңызчы, кызыңыздын ичине жин-шайтан кирип кеткен. Аны дем салып чыгаруу керек. Андыктан кызыңызды меникине 7 күн жибериңиз,- дейт. Ошентип, молдо үйүнө кайтат. 3 күндөн кийин байдын кызы коштоочулары менен молдонукуна барып түшөт. Молдо коштоочуларды сыртка калтырып, кызды үйгө алып кирип кетет. Анан кыздын ыштанына колун салып, “алигисин” кармалап:
– Мунуңдун ичи деген тозок. Аны тазаламайын, ичиңдеги жин-шайтанды чыгаруу кыйын. Анын ичин болсо молдонун мобул “шайманы” тазалайт,- деп өзүнүн “алигисин” көрсөтөт.
– Кантип?
– Анда жат,- дейт да молдо рахатка батат. Ошентип, 3 күн өтөт. Төртүнчү күнү кыз дагы келет да, ичкери кирери менен молдого:
– Болуңуз, тозокту тазалайлы. Минтип тазалаган мага жагып баратат,- деп шаштырат. Бирок молдо ооруп калган эле. Айла жок кызды өзүнө шакирт болуп жүргөн жаш жигитке кат жазып берип жөнөтөт. Жаш молдо катты окуган соң кыздын “тозогун” үч күн тазалап берет.
Мындай «тазалоо» баары бир билинип калат. Апасы кызынан сурап, баарын билип алган соң бир байдын кекеч уулуна аны шашылыш узатып жиберет.

Төшөк сөздүгүнөн

  • Муздак – Аялды канааттандыра албай, өчүп калган эркек.
  • Ным – Төшөктөн корккон муздак аял.
  • Жылымык – Төшөккө жете электе ыштаны булганган эркек.
  • Ысык – Төшөктө “мына, мына аз калды!” дегендер.
  • Жашыл – Мастурбацияны үйрөнүп калгандар.
  • Кызыл – Төшөккө жарап калгандар.
  • Сары – Секс жаатында соолуп бараткандар.
  • Кара – Секстен чыгып калгандар.
  • Куунак – Секс үчүн шашып бараткан түнт адам.
  • Үңүрөйгөн – Секстен кийин үйүнө бараткан адам.

Астра Айдарова
erotika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Artyr1994
2015-07-11 15:19:57
Мен жылымык турбаймынбы анда. Анан да муздак экенмин
+2
№ 364, 23-29-октябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан