«ЭРМЕК, ДОСУМ, КАЙДАСЫҢ?»
– Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунун Аманбаев айылынын тургуну, 1993-жылкы досум Эрмек Чыныбаевди издеп келем. Ал экөөбүз 2009-жылы август айында Кара-Бууранын Жоон -Дөбө айылындагы Чолпонбай Түлөбердиев атындагы №13-кесипчилик лицейде бирге окуп, достошкон элек. Мен 2-курстан кийин Токмокко которулуп кеттим. Акыркы жолу 2011-жылы күзүндө сүйлөшүп, андан кийин байланыш үзүлүп калды. 2012-жылы Аманбаев айылына издеп барсам, ал жактагылар «Көк-Жар деген айылга көчүп кетишип, ошол жакта эмерек жасоочу цех иштетет» дешти. Ал жакка да издеп барып таппай койдум. Досум, эгерде окуп калсаң, мага байланыш. Тааныгандар болсо деле кабарын күтөм.
Жоон-Дөбөдөн досуң
Нурлан Абдиев, 0553 96 96 08
«КЕЛИНИМ КЕТКЕН БОЮНЧА ДАЙЫНЫ ЖОК»
– Келиним Жумадылова Гүлсара Эстебесовна уулум Мирбек Элебесов менен ажырашып, 3 баласын таштап кеткен боюнча кайрылып келген жок. Балдар чоңоюп, аларга документ топтоп, паспорт алып бере турган учур келди. Келиним өзү менен кошо экөөнүн нике күбөлүгүн (ЗАГС) жана 3 баласынын тең туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн алып кеткен. Азыр кайда барбайлы документ сурап, балдардын келечегине залакасы тийип жатат. Улуу кызы 16га чыгып, паспорт алууда тоскоолдуктар болууда. Гүлсара, эгер окуп калсаң балдарыңды ойлоп, жок дегенде документтерди бер. Көргөн-билгендер болсо кабарлап койгулачы, сураныч.
Элебесова Турумкан,
0777 41 92 31 Каракол шаары
Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 32-30-37