Капаска түшкөн чымчыктын эңсегени эркиндик эмеспи. Төмөндө сөз болчу Шахида Аманбаева аттуу 21 жаштагы кыз адам өлтүрүүгө катыштыгы бар деп шектелип, 18 жашында СИЗОго камакка алынгандан бери 3 жылдан ашуун убакыт болду. Ал ортодо Шахида өз алдынча баса албай, кийинчерээк сүйлөй да албай калган.
СОТ САПАТСЫЗ ТЕРГӨӨНҮ КАЙРА-КАЙРА КАЙТАРУУДА
Окуянын учугу 3 жарым жыл мурунку мезгилге барып такалат. Тактап айтканда, 2010-жылдын апрель айынын башында 22 жаштагы Рабига Жумабаева аттуу кыздын жансыз денеси Токмок шаарынын 1-кичи районундагы өзү жашаган үйдүн жанынан табылган. Укук коргоо кызматкерлери бул кылмышты иликтеп, көп өтпөй адам өлтүрүү фактысына шектүү делинип Токмок шаарынын 3 тургуну кармалат. Алар: 1988-жылы туулган Урмат Аскеев, 1990-жылы туулган Алишер Жумашев жана 1992-жылы туулган Шахида Аманбаева эле.
Алардын үстүнөн Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренесинин (киши өлтүрүү) 2-бөлүмүнүн 3-6-пункттары (күнөөкөр үчүн алсыз абалда экендиги белгилүү болгон адамды же жашы жетпеген өспүрүмдү жана өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө иштери аяктаганда иш сотко өткөрүлөт. Бирок сот тергөөгө канааттанбай бир нече ирет ишти кайрадан тергөөгө жөнөтүп, андан бери 3 жылдан ашуун убакыт өтүп кеткен.
«КЕПТИН БААРЫ ТЕРГӨӨДӨ»
Окуянын чоо-жайын билүү үчүн соттун чечимин күтүп убактылуу кармоочу жайда күн кечирип жаткан Шахида Аманбаеванын жактоочусу КҮМҮШБЕК ЫБЫКЕЕВГЕ кайрылдык:– Учурда Шахида, Урмат Аскеев жана Алишер Жумашев убактылуу кармоочу жайда отурушат. Алар азыр эки ортодо, же абакта эмес, же эркиндикте эмес болуп чайналып жатышкан чактары. Мунун себебин соттор «тергөө чала жана сапатсыз жүргүзүлгөндүктөн кайрадан тергөөгө жөнөтүп жаттык» деп түшүндүрүп жатышат. Сот мындай чечими менен эч кандай мыйзам бузууларга барган жок. Кептин төркүнү тергөө амалдарын жүргүзгөн органдарда жана прокуратурада болуп жатат.
Логикалык жактан деле ойлонуп көрсөңүздөр, Шахида Аманбаева азыркыдай баса албай жана сүйлөй албай калган абалга кантип келген? Алгач ал берген көрсөтмөдө адам өлтүрүүгө катыштыгы жок экенин айтып, таптакыр күнөөнү өзүнө жууткан эмес. Ал тургай жанындагы шектүү деп кармалган берки экөөнү дагы өз көрсөтмөлөрүндө күнөөсүз деп көрсөткөн. Бирок бир нече убакыт жүргүзүлгөн тергөө амалдарынан соң ал кылмышка катыштыгы бар адам болуп, «Рабига Жумабаеваны менин көзүмчө Урмат Аскеев таш менен башка уруп өлтүрүп койду» деп көрсөтмө берген. Бирок бул көрсөтмөгө ынандыра турган буюмдар же күбөлөр жок болгондуктан сот отуруму улам кийинкиге жылдырылып, шектүүлөрдү же актай албай, же маркум Рабиганын өлүмүнө күнөөлүүлөрдү таба албаган прокуратура кызматкерлеринин иликтөөсүнө ынана албай соттор да чайналып келишкен.
3 жылдан кийин Токмок шаардык соту Аманбаеваны «күнөөсү жок» деп актаган. Бирок жабырлануучу тараптан Рабига Жумабаеванын атасы соттун чечимине макул эмес экендигин билдирип Чүй облустук сотуна апелляциялык даттануу арызын жазган. 20-майда Чүй облустук соту ошол арызды карап, бирок мамлекеттик айыптоочунун өтүнүчү менен сот отуруму 2014-жылдын 27-майына жылдырылды.
«КЫЗЫМДЫН ӨЛҮМҮНӨ КҮНӨӨЛҮҮЛӨРДҮ ТААП БЕРГИЛЕ»
27-майда Рабига Жумабаеванын өлүмүнө шектелип кармалган жогорудагы 3 жарандын сотуна биз да барып катыштык. Сот отурумуна Шахида Аманбаеваны кызматкерлер көтөрүп келип отургузушту. Ал баса албай калган экен. Денесин кармай албагандыктан, башы оң тарапка бурулуп, токтоосуз калчылдап турат. Ал эми Рабига Жумабаеванын атасы СЫДЫК ЖУМАБАЕВ сот залында буларды айтты:
– Урматтуу соттун төрагасы жана мүчөлөрү. Сиздерден өтүнүчүм, менин кызымдын өлүмүнө күнөөлүү болгон 3 жаранга мыйзамдын негизинде жазасын бериңиздер. Коомчулук Шахида Аманбаеванын СИЗОдо отуруп оорукчан болуп калганын талкууга алса эле аны боштондукка чыгарып коюш керекпи? А менин кызымдын өлүмү үчүн ким жооп берет? Макул, түшүнүп турам, шектүү катары кармалышты, алардын бири минтип оорукчан болуп калды дейли. Бирок мен бир да тиешелүү тармактын же органдын «Аманбаева төмөнкүдөй оорунун негизинде оорукчан болуп калды, дарыланууга муктаж же башка» деген кагаз жүзүндөгү далилди көрө алган жокмун. Жактоочусу күнөөсүз экенин далилдей турган бир нече версияларды айтып жатат. Анда кызымдын өлүмү үчүн күнөөлүү адамдарды таап бергиле деп мен кимге кайрылам?
Ушул сыяктуу талаш-тартыш камтылган сот отуруму бир нече саатка уланса да чечим чыгарылбастан, кийинки отуруму 29-майга жылдырылды. Ал эми мамлекеттик айыптоочу кылмышка шектүү Шахида Аманбаева менен Алишер Жумашевди 13 жылга эркинен ажыратууга, ал эми Урмат Аскеевди 16 жылга эркинен ажыратууну сурады.
«КЫЗЫМ КҮНӨӨСҮЗ, БИРОК ДАЛИЛДЕРИБИЗГЕ ЭЧ КИМ ЫНАНБАЙ КЕЛЕТ»
Учурда Шахида Аманбаеванын жана башка шектелип жаткан 2 жарандын туугандары да соттун акыйкат чечимин күтүп жаткан учурлары. Окуя тууралуу өзүнүн версиясында Шахиданын апасы НУРГҮЛ АМАНБАЕВА мындай дейт:– Кызымды көрдүңүздөрбү, өзүм да карап тура албайм. Аны темир тор артында алты саны аман болбой, ден соолугу начар абалда карап отуруш мен үчүн абдан оор. Аны СИЗОнун дарыгерлери тиешелүү деңгээлде караган да эмес. Кызымдын кылмышка эч кандай күнөөсү жок экенин билем, бирок биздин берген көрсөтмө, далилдерибиз эмнегедир укук коргоо органдарын такыр ынандырбай жатат.
Кызым СИЗОдо жатканда апама арнайм деп 2 дептер толтура күндөлүк жазган экен. Ал жакта ар бир күн так даталары менен жазылып, башынан өткөн окуялар баяндалган. Өзүңөр деле окусаңар болот. Шахиданын башына полиэтилен пакет кийгизип кыйнап, өздөрү түзгөн кылмыш ишинин сценарийин жаздырышканын баяндаган. Шахида жөн жерден ушундай жарым жан абалга келип калган жок. Анын сыз, муздак СИЗОнун камерасында 3 жылдан ашык отурганына кошул-ташыл тергөө амалдарынын жүрүшүндөгү зордук-зомбулук дагы ушундай оорукчан болуп калууга алып келди. Мен соттон туура чечим күтөм. Азыр үмүтүмдү актай турган адамдар чыгар бекен деген ой менен гана жашап калдым.
Сот отурумунда Шахида Аманбаева апасын үмүттүү көз караш менен тиктеп жатты. Мурдараак Шахиданын апасына арнап жазган күндөлүгүн окуган элем. Бул көз караштан: «Апа, айткан кебиңди укпай досторумду артык көрүп, сага каяша айтып тетири басып кеткен күндөрүм үчүн кечирим сурайм. Башыма түшкөн азаптуу күндөрдө мени кай тарапка которуп кетип жатышса да артыман калбай ашыңды көтөрүп жолугушууга келип жүргөн күндөрүңдүн бир күнүн актай алар бекенмин? Кечирчи мени, апаке! Балким, сени капа кылгандыгым үчүн ушундай күндөрдү көрүп жаткандырмын...» деген цитаталарды эстеп жаттым. Сот отуруму эки тараптын кайым айтышы менен аяктап, кароолдогу кызматчылар Шахида Аманбаеваны көтөрүп кайрадан
СИЗОго алып кетишти.
Кылмышка шектүү деп кармалгандарды ак же күнөөлүү дегенден азырынча алыспыз. Аны сот чечсин. Бирок алар күнөөлүү болгон күндө да укук коргоо кызматкерлери кызды ушундай акыбалга алып келгенге укугу бар беле?
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg