Кыргызстанда бир гана Каракол шаарындагы зоопарк иштеп келет. Бул зоопаркта жаныбарлардын 30дан ашуун түрү бар жана алардын саны 140ка жакын. Өлкөбүздөгү жалгыз зоопарктын сакталып калышына анын кызматкерлеринин эмгеги зор. Себеби билет сатуудан түшкөн киреше алардын эмгек акысы жана башка утурумдук чыгымдарын төлөө үчүн жетишсиз. Зоопарк кызматкерлери жаратылышты коргоо үчүн багытталган атайын долбоорлордун үстүнөн иштеп, демөөрчүлөр менен кызматташууда. Алсак, зоопаркты өнүктүрүү максатында иштелип чыккан «Бугу эне» долбоорунун алкагында «Кумтөр» компаниясы зоопаркты колдоо түрүндө 75 миң АКШ долларын бөлүп берди.
МАЙКЛ ФИШЕР, «Кумтөр» компаниясынын президенти:
– Каракол зоопаркынан эски досторубуз кайрылышканда, биз жардам бергенге шашылдык. «Кумтөр» компаниясы айлана-чөйрөнү коргоого дайым көңүл буруп келген жана мындан ары дагы да көңүл бура бермекчи. Зоопарктын иштеп кетишине биздин компания абдан кызыктар. Ишканабыздын көпчүлүк кызматкерлери Караколдо жашашат жана алар бул жаңылыкты укканда кубаныша тургандарына ишенем,- деп билдирди.
Аталган зоопарк 1987-жылы негизделип, Союз учурунда ага тийиштүү көңүл бурулуп келген. Убакыттын өтүшү менен өлкөбүз эгемендүүлүк алгандан тарта каражат жетишпей, кыйынчылыкка дуушар болгон. Айлык акынын аздыгынан зоопарктын кызматкерлери ишин таштоого мажбур болушкан. Жаныбарларды багуу үчүн тоют да жетишсиз эле. Ошентсе да жаратылышты, жан-жаныбарларды сүйгөн атуулдарыбыздын аракети менен бүгүнкү күнгө чейин бул зоопарк сакталып отурат.
Азыркы учурда зоопаркта кызыл китепке кирген күрөң аюу, карышкыр, Пржевальск жылкысы, тоо теке, түлкү, япон макакасы жана башка жаныбарлар бар. Канаттуулардан бүркүттөн тарта декоративдик тоокторго чейин кездештирүүгө болот.
Зоопарктын жалпы аянты – 7,8 гектар, анын 3 гектары гана пайдаланууда. Зоопарктын башкы директорунун максаты – келечекте жерди толук иштетип, зоопарктын көркүн мындан дагы жакшыртуу.
САЛТАНАТ СЕИТОВА, Зоопарктын башкы директору, «Бугу эне» коомдук фонддун төрайымы:– Биздин зоопарк Кыргызстанда жалгыз болгондуктан тийиштүү көзөмөлгө алуубуз зарыл. Ошондуктан зоопаркыбызды келечек муунга да сактап калуубуз керек. Зоопарк жаңы тосмого абдан муктаж болгондуктан эң биринчиден тосмо салабыз. Анткени аймактын эски плиталар менен курчалган бир бөлүгү талкаланып жатса, экинчи тарабы таптакыр ачык. Ал жерге таштандылар төгүлөт, ар ким кирип кетиши да ыктымал. Тосмонун жоктугу жергиликтүү тургундар үчүн да, жаныбарлар үчүн да кооптуу. Андан тышкары тоюттарды сактоо үчүн жаңы контейнерлер алынды. Ошондой эле бөлүнгөн каражаттын бир бөлүгү эмгек акыга, социалдык төлөмдөргө жана зоопарктын башка чыгымдарына жумшалат.
Караколдун зоопаркында негизинен жергиликтүү тургундар эмгектенишет жана штатта жалпы 15 адам бар. Маяна акысы мурда 4-5 миң сом болсо, азыр 7-8 миңге көтөрүлдү. Көрүүчүлөрдөн анча көп киреше түшпөйт, анткени билет баасы арзан сатылат. Чоң кишилер үчүн – 50, балдарга 30 сомдон. Аскер кызматкерлерине, аз камсыз болгон үй-бүлөлүү балдарга бекер, кары-картаңдарга арзандатуу каралган. Жайкысын эс алуучулар көп келип, туристтер дагы байма-бай катташат.
Адилет Керимбек уулу
Влад Ушаков