Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

Жамал Сейдакматова: «КҮЙӨӨЛӨРҮМ МЕНИ КАТУУ КАРМАШТЫ»

№365 30-октябрь - 5-ноябрь, 2009-ж.


Жамал Сейдакматованын мээримдүү көздөрү 70 жашка чыкса да нурун жоготпогонуна таң калдым. Бул талыкпай эмгектенүү менен иштен ырахат алуунун белгиси болсо керек. Өмүрүн театрга арнаган Жамал эжебиз ушул 70 жаш курагында да бекер отурган жок. Өнөрүн кийинкилерге үйрөтүүнү көздөп, шакирт таптап жаткан учуру.

«Саякбай атанын алдында отуруп чоңойгом»

–Балалыгым Ысык-Көл кылаасындагы Темир айылында өттү. Атам беш аял алып, анын биринин да согончогу канабай, балага зар болуп жүргөн экен. Менин апам Ажар Каракол теат­рында актриса болуп иштептир. Гастролдоп айылга келип калса, атам апамды жактырып калып, дароо үйлөнөт. Атамдын көптөн күткөн перзенти болгондуктан, мени аябай эркелетип чоңойтушту. Үйгө чыгармачыл адамдар көп келер эле. Кадимки манасчы Саякбай атанын алдында отуруп эркелеп да калдым. Ошонун бардыгы менин талантыма таасир берди окшойт. Кийин атам мени жакшы билим алсын деп, баш калаадагы №5 мектеп-интернатына алып келип киргизди.
Чындыгында эле тырышчаак элем. Мектепти жалаң “5” менен бүтүп, үйдөгүлөрдүн сунушу боюнча Москвадагы инженер-технологдун окуусуна өттүм. Бирок көкүрөгүмдөгү чыгармачылыкка болгон от өчө койбоду. Акчам болсо эле Москвадагы театрларга бара берчүмүн. Кээде актрисалык менин кыялым болуп эле калабы деп ыйлап алар элем. Бир күнү чогуу жашаган орус кыз: “Сен, Жамал, бекер эле убактыңды коротуп жатасың. Театрыңа кет”,- деди. Анын сөзүнөн кийин ооруп жатам деген шылтоо менен 1-курста эле кайра Кыргызстанга келдим. Келерим менен театрга кирип, ошол эле жылы “Алыскы тоолордо” деген фильмге тартылдым. Ошентип, менин чыгармачылык чыйырым башталды.

«Өмүрлүк жар...»

–Жыйырма эки жашымда турмушка чыктым. Күйөөм таланттуу артист Болот Шалтаев деген адам болгон. Чыгармачыл адамдын, айрыкча аялзатынын жанында, биринчиден, күчтүү адам болуусу керек. Чынында, интрига, ушак, бут тосуулардын сазынан чыга албай калат экенсиң. Бирок уулум жети жашка чыкканда, Болотум оорудан улам каза болуп калды. Андан кийин тагдыр мени Садырбек менен кошту. Экөөбүздүн ортобузда кызым Ажар бар. Азыр жолдошум экөөбүз чогуу эмгектенип келе жатабыз. Негизи, эки күйөөм тең мени катуу кармашты. Башкалардай болуп бейчеки бастырбай, жаман чөйрөгө кошпой, талантымды аздектеп келишти. Мен ушуга ыраазымын. Болбосо менин атымды да пайдаланып, ушакка айланткысы келгендер четинен табылмак.
Сүйүү... Албетте, адамдын жүрө­гүн­­дө сүйүү ар дайым жашашы керек. Бирок ал жан дүйнөмдүн бир бурчунда га­на жашай турган сезим. Элге жарыя кылуунун кажети жок.

«Менин курмандыгым...»

–Искусство курмандыкты талап кылат. Айрыкча актёрлук. Балдарыма, жолдошума арноочу мээримимдин жарымын ролдорума арнадым көрүнөт. Менин курмандыгым үй-бүлөм болду. Азыр артыма кылчайып, балдарыма, жолдошума талаптагыдай көңүл бурбаганымды, ата-энеме перзенттик эмгегимди өтөбөгөнүмдү байкап, өзүмдү күнөөлүү сезем. Мен да элдин аялдарындай болуп үйгө киши чакырып, кечинде тамак жасап, балдарымды, күйөөмдү күтүп отурсам болот эле. Бирок кесибим менден башка нерсени талап кылган. Жашоомдогу эң оор жоготуум, төрөлбөй калган балам болду. Жаштыктанбы же байкабастыктанбы, көп нерсени көңүлгө албай, ичимди таңып алып иштей берчүмүн. Ошондо бир нерсе болгонбу, ичимдеги бала өлүү түштү. Гастролдоп жүрүп да бир ысыкта, бирде суукта калып жүрүп, ден соолугум жабыркады.
Өмүр бою маянадан-маяна күтүп жашадык. Ошентсе да эч кейичү эмесмин. Актрисалык башыңды айланта турган куду баңгизаттай азгырык окшойт. Жиниңди, арманыңды, сүйүүңдү, мээримиңди, эмоцияңдын баарын сахнада төгүп бересиң. Сахнада миңдеген көздөрдүн алдында турган учурдагы ырахатты, бакытты эч нерсе менен теңештире албайм.

«Мүнөзүм...»

–Өтө жумшакмын. Таптакыр ушуга чейин үнүмдү катуу чыгарып бирөө менен урушкум келбейт. Ишенчээкмин. Бирок чыгармачылыкка келгенде өтө көкмүн. Алдыма койгон максатыма жетүү үчүн эч нерседен кайра тартпайм. Сабира Күмүшалиева мени: “Бул “синий”, (көк дегени) максатына жетпей тынбайт”,- деп күлүп калчу. Эгерде мен көк болбосом, “Туңгуч” театрын азыркы деңгээлге жеткире албас элем. Бирок аял катары өтө жумшакмын. «Азоого чалма» деген спектаклде Катарина аттуу кыздын ролун ойногом. Эч кимди жактырбаган Катаринаны бир карапайым эле жигит ушунчалык баш ийдирип алат. Мага да күйөөм байкатпай чалма салып алды көрүнөт.

«Ушакка мамилем...»

–Ушакка ууланган учурларым көп болду. Айрымдар тим эле жанымда тургандай, калп-чынын териштирбей айтканына таң калам. “Таттыбүбүгө Жамал бут тоскон” деген да сөздөрдү ушуга чейин айтып келишти. А бирок билген адамга мен дагы курмандык болгом. Анткени менин театрда жакшы салмагым бар болчу. Таттыбүбүнүн түбүнө жеткендер бир ок менен эки коёнду атып, мени кошо жаманатты кылууну көздөшкөн. Чындыгында, Таттыбүбү менен кошо жүрмөк тургай, күйөөм мени ашыкча кадам бастырчу эмес. Анын чөйрөсү таптакыр башка, меники башка эле да. Анан кантип мен аны бузганга жетишем?! Ушундай сөздөрдөн тажап, мен бир учурда театрдан да кеткенге мажбур болгом. Таттыбүбү тууралуу айтсам, ал сулуулугунун, ишенчээктигинин курмандыгы болду.

Учурда

Азыр неберелеримди жыттап, балдарымдын сыйын көрүп, чыгармачылык менен алектенип келем. Уулум Мурат менин чоң жардамчым. Биздин театрда үн оператору болуп иштейт. Келиним Чолпон театрга кызыгат. Биринен-бири ширин неберелерим бар. Неберем Амирдин үнү жакшы, ырдаганга да кызыгып жүрөт. Мирбек Атабековду жакшы көрөт. Мени кыйнап “тааныштырбайсыңбы?” деп калат. Кызым Ажар (апамдын атынан койгом) Москвада, үй-бүлөсү менен турат.
Чыгармачылыкта болсо дагы деле изденүүдөмүн. “Каркыра” аттуу жаңы студия ачып жатам. Таланттуу, келечеги кең улан-кыздарды тандап алып элге чыгарсамбы деп турам. Аларга өз өнөрүмдү үйрөтсөм дейм. Менден тышкары мыкты чеберлер сабак беришет. Өз талантына ишенген улан-кыздарга эшигибиз ачык.

Каалагандар төмөнкү
телефондорго байланышса болот:
(0312) 61 36 39
(0773) 93 81 31

Аткарган ролдору
Кинодо:

  • “Акбаранын көз жашы” (Көктурсун)
  • “Алыскы тоолордо” (Зыягүл)
  • “Тянь-Шань кызы” (Алтынай)
  • “Караш-караш” (Хаджа)
  • “Улан” (Фатима)
  • “Таене” (Таененин ролу)

ТЕАТРДА:

  • “Манастын уулу Семетей” (Каныкей)
  • “Канышанын көз жашы” (Курманжан датка)
  • “Азоого чалма” (Катарина)

Сыйлыктары:

  • Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти, 1970-жыл
  • Кыргыз ССРинин Эл артисти, 1977-жыл
  • Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, 1984-жыл

Нуржамал Жийдебаева
lira@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
26.12.2009. 14:12 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
88
Катталган:
04-06-2009
Соӊку аракети:
21-10-2013 09:37
Жынысы:
Белгисиз
0
таттыбубунун олумун ушул жана башка артисттер менен байланыштырышат го. Шамал болбосо ...
13.07.2012. 23:13 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
27-06-2012
Соӊку аракети:
13-08-2012 16:19
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош.
0
Ишинизге ийгилик!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: