Учурда гезит, телеканал, интернет сайттарда «арыктатуучу кофе сатам» деген жарнамалар көп. Бул кофе чындап арыктатабы, зыяны жокпу же кайсы бир шылуундардын товарын өткөзүү үчүн ойлоп тапкан куулугубу, изилдеп көрөлү.
ДУУ-ДУУ КЕП КАЧАН БАШТАЛГАН?
Куурулбаган кофе (зелёный кофе) деген эмне? Ал кадимки эле баарыбыз ичип жүргөн кофе, болгону иштетүүдөн өткөзүлбөгөн түрү. Башкача айтканда, даны куурулбайт. Бирок даамы беркилердей болбой чөп даамданат.
Популярдуу болуу тарыхына кайрылып көрсөк, куурулбаган кофенин популярдуулукка жол алган кези – 2012-жыл. Дал ушул жылы түпкү ата-теги түрк болгон америкалык врач, бир нече китептин автору Мехмет Өз өзүнүн «Доктор Өздүн шоусу» («Dr. Oz. Show») телеберүүсүнүн бирине куурулбаган кофени алып чыгат. Тагыраак айтканда, каалоочу аялдардан турган чоң топко эксперимент жүргүзүлгөнү айтылат. Экспериментте аялдарды 2 топко бөлүп, бир бөлүгүнө куурулбаган кофе, экинчи бөлүгүнө плацебо (дары ордуна колдонулуучу жөнөкөй зат. Көбүнчө лактоза пайдаланылат. Мунун таасири оорулуулар аны дары катары ичип, айыгып жатам деген ишенимине жараша болот) берилет. Жыйынтыгында куурулбаган кофе ичкендер бир топ арыктагандары, ал эми беркилер бир аз гана салмак таштаганы баяндалат.
Ошондон тарта куурулбаган кофе тууралуу аңыз жаралып, дүйнөгө таркай баштайт. Бирок көпчүлүк эл, анын ичинде айрым окумуштуулар «экспериментти көз менен көрбөгөндөн кийин аялдарга чындап куурулбаган кофе берип арыктатыштыбы же башканы бериштиби күмөн» деп чыгышат. «Куурулбаган кофени жарнама кылганына караганда анын коммерциялык кызыкчылыгы бар болуш керек, анткени анын зыяндуу жагы да көп» деген ойлор айтылат. Бирок ошондон бери куурулбаган кофени колдонуп арыктоону самагандар да, «куурулбаган кофе арыктатпайт, зыяны да бар» деп какшаган диетологдор менен гастроэнтерологдор да кошо жарышып келатышат.
БИЗДЕ БААСЫ 800ДӨН 1500 СОМГО ЧЕЙИН
Куурулбаган кофенин Бишкектин базарларындагы баасы 800 сомдон 1500 сомго чейин. Баасын жогору сурагандар жашаган жериңе бекер жеткирип беришет экен. Ал эми дарыканаларда 800-1100 сомдун тегерегинде сатылат.
АРЫКТАТАТ ДЕГЕНДЕР ЭМНЕНИ БЕТКЕ ТУТУШАТ?
Куурулбаган кофенин курамында май кычкылдары (кислота): линол, линолен, пальмитин, олеин, стеарин, арахидон, хлороген, беген, ошондой эле витаминдер, кофеин жана башкалар бар. Кээ бир окумуштуулар, анын ичинде япониялыктар «куурулбагандан улам анда чындыгында кофеин аз. Хлороген кычкылы организмде майдын чогулуусун токтотот. Башкача айтканда, адам ошол салмагында токтойт, бирок арыкташ үчүн күнүгө куурулбаган кофе ичкенден тышкары диета кармап, спорт менен алектенүүсү керек» дешет.
Батышта жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгында «хлороген кычкылы картошка, сабиз, баклажан, салат, күн карама данында, шпинат жана башкаларда да бар экендиги аныкталган. Бирок аларды жеген адамдар арыкташпайт. Демек, хлорогендин таасири күч дегендин өзү ишенимдүү эмес» деп баяндалат.
«АРЫКТАТСА АМЕРИКА ЭЛИ АРЫКТАБАЙТ БЕЛЕ...»
Орусиянын диетологдору ММКларга «куурулбаган кофени ичкиси келген адам жөн гана кофе катары аздан ичсе болот, бирок арыктоо максатында эмес. Зыян!» деп баса белгилешет. Бул жаатта кыргызстандык гастроэнтерологдор эмне дейт болду экен деп кызыктык. Андыктан КММАнын терапия кафедрасынын доценти АБДУБАКИР ИБРАГИМОВго кайрылдык.– 1-2 жыл мурун америкалык окумуштуулар кайсы өлкөдө толук адамдар көп жашаарын изилдешкен. 1-орунда Жакынкы Чыгыш, Түндүк Африка, 2-орунда Индия, Кытай, 3-орунга АКШ чыккан. Эгер куурулбаган кофе арыктатса, анда башканы айтпасак да кофе арзан сатылган АКШнын эли аны ичип эле арыктап, семиздиктен келип чыгуучу оорулар (кант диабети, жүрөк-кан тамыр оорулары жана башка) менен көп оорушпайт эле го?! Ошол эле кофе көп өстүрүлгөн Бразилияда да толук адамдар көп, алар неге «фигурный» болуп алышпайт?! Андыктан ойлонуп иш кылуу кажет. Бир мисал, туугандардын бир кызы өткөндө арыктайм деп куурулбаган кофе ичкен экен, ашказан оорусу күчөп кетип, азыр дарыланып жүрөт.
Кофени чынында сергүү, көңүлдү көтөрүү, күч топтоо, ойлонууну күчөтүү жана төмөнкү кан басымды көтөрүү максатында 1 күндө 1-2 кружка ичип койсо болот. Андан тышкары косметологияда кофенин сулуулукту сактап, терини жакшы көрсөтөрү айтылат. Бирок арыктоо максатында күнүгө көп өлчөмдө ичүүгө болбойт! Анткени оорусу жоктор оору тапса, өнөкөт оорусу барлардын оорусу курчуп, жаңылары да кошулушу мүмкүн.
Куурулбаган кофени эмнеге көп ичкенге болбойт жана зыяны канчалык дегенге мындай жооп берем:
Арыктайм деген адам диетологдорго же гастроэнтерологдорго кайрылып, оорусу бар же жок экенин аныктап, ошого жараша диета жаздырып алуусу керек. Көп кыймылдашы да зарыл.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg