«Мени Талас облусунун Кара-Буура райондук сотунун 3 сот аткаруучусу зордуктады» деген Калия Арабекова Бишкекке келип, көргөн кордугун баяндады. Жабырлануучунун берген маалыматы менен катар айыпталуучу жактын дагы оюн угуп, окуяны эки тараптуу чагылдырганга аракет жасадык.
«ЖОЛДОШУМДАН АЛИМЕНТ ӨНДҮРҮП БЕРИШМЕК»
– Жолдошум менен ажырашып кеткем. Балдарым чоңойгон сайын жеп-ичкени да көбөйүп, жалгыз менин иштегеним эч нерсеге жетпейт. Ошондуктан жардам берсин деп сотко арыз жазып, жолдошуман балдарыма алимент кестирип алгам. Алиментти өндүрүп беришсин деп сот аткаруу бөлүмүнүн кызматкерлерине жардам сурап кайрылып жүргөм.
25-декабрда Илгиз Карымбаев аттуу сот аткаруучу уюлдук телефонунан күйөөмө чалып, мени менен сүйлөштүргөн эле. Ошондо жолдошум «30-декабрда акчаны берем» деген болчу. Айтылган күнү саат 19:00 чамасында Илгиз мага телефон чалып, «жолдошуңуз акчаны берди. Алып барып берейин, сизге керек да» деди.
«АЛТЫНБЕКТИН ҮЙҮНӨ АЛЫП БАРЫП КОРДОШТУ»
– Мен ишенип алып сыртка чыктым. Барсам машинада Алтынбек Алыбаев, Мукаш Кененсариев, Илгиз Карымбаев үчөө бар экен. Алар мени Карл Маркс көчөсүндө жайгашкан Алтынбек Алыбаевдин үйүнө алып барышты. Ошол жерден мени үчөөлөп күч колдонуп, улам бири эрмектеп зордукташты. Өздөрү мас, эмне кылып жаткандарын деле билишпейт. Бир убакта бирөө чөнтөгүнөн ак порошок сыяктуу бир нерсе алып чыгып, аны кагаздын бетине салып жыттаган соң көздөрү кызарып эле отуруп калды. Эс-акылы ордунда эмес, атүгүл оозума заара ушатып салганын деле билбей калды. Анан мени дааратканага камап коюшту.
Акыры бир жер төлөгө алып барып таштап салышты. Ал жерден чыгып, кебетемди эч ким көрбөсө экен деп, айрык-тытык кийимим менен үйгө келдим. Эптеп кийимдеримди чечпей эле прокуратурага барып болгон окуяны түшүндүрүп, «экспертизадан өткөргүлө» деп сурандым. Акыры макул болгондо тиешелүү нерселерди экспертизалык иликтөөгө тапшырып бердим.
«КЫЙНАП ТОСМО АРЫЗ ЖАЗДЫРЫП АЛЫШТЫ»
– 2-январда мени зордуктагандар чалып алып, «эгер прокуратурага жазган арызыңа тосмо арыз жазып бербесең, сени өлтүрүп коюудан кайра тартпайбыз, балдарыңдын өмүрүн ойло» деп коркута башташты. Жумушумдун алдына келип, машинага коркутуп салып, милицияга алып келишти. Ал жактан бир бөлмөгө алып кирип, целлофан баштыкка оролгон акчаны сунушташты. Акчаны «бул сиздин моралдык жана материалдык чыгымдарыңыз» деп столдун үстүнө коюп жаткандарын бөлүп-бөлүп видеого тартып алышыптыр. Мен үчөө тең мыйзам алдында жооп беришерин айтып, акчаны алуудан баш тарттым. Тергөөчү мени мазактап «видеодон көрдүк, сиз булардан 90 миң сом алган турбайсызбы» деди. Баштыкка оролгон акчанын суммасын ошондо гана билдим. Тосмо арызды айла жок жазып бердим.
20-январда прокуратурага кайра бардым. Алар мага тосмо арыз жаздырып алышканын баяндап берсем, «сиз ошол
90 миң сомду ала берсеңиз болмок, иш баары бир жабылат» дешти. Кийин билсем, ошол акчаны тергөөчүлөр менен прокурор бөлүп алышыптыр дагы, экспертизанын жыйынтыгын жокко чыгарып, ишти жаап коюшуптур. Мындан сырткары Рыскүл аттуу келинди табышып, ага акча бергенби билбейм, «30-декабрда мен да Калия менен бирге болчумун. Аны эч ким зордуктаган эмес» деген көрсөтмө алышыптыр.
Калия Арабекованын айтымында, ушундай окуядан кийин шаардык жана Башкы прокуратурага арыз менен кайрылып, акыйкаттык издей баштаган. Жабырлануучу жазып берген тосмо арыздын негизинде кылмышка шектүү делген 3 сот аткаруучу үй камагына чыгарылган.
«БУЛ ИШТИН АРТЫНДА КЫЗЫКДАР АДАМДАР ТУРУШАТ»
Экинчи тараптан да жооп алалы деп айыпталуучу тарапка байланыштык. «Акылга сыйбаган жалган жалаа жабылып, үстүбүздөн ыплас нерсе төгүлгөндөй жабыркап турабыз» деп зордуктоого шектүү 3 сот аткаруучунун ата-энеси кеңсебизге келишти. 3 шектүүнүн бири Илгиз Карымбаевдин апасы ЗЕЙНЕП КОКОМБАЕВА буларга токтолду:– Үчөөбүздүн тең балдарыбыз 26 жашта. Кырчындай жаш, үй-бүлөлүү балдарга жалган жалаа жабылып, анысы аз келгенсип жумурай-журтка жаманатты болуп жатабыз. Ошол каргашалуу күнү Калия Арабекова менин балама «күйөөмдөн алименттин акчасын өндүрүп бер» деп жанын койбой чалыптыр. 25-декабрда балам Арабекованын жолдошуна чалып, экөөнү сүйлөштүргөндө ал «азыр акчам жок, жаңы жылдан кийин болот» дептир.
Калия деген келин Илгизге «мага майрамга 1000 сом берип тур, күйөөмдөн өндүрүп алган акчадан кармап каласың, балдарым ачка отурат» десе, макул деп койгон экен. Майрамдык корпоративден чыккан соң Арабекова кайра-кайра тынчын алып чалып, акча сураптыр. Бере кетели деп үчөө үйүнө барышат. Ал жерден Калия балдарга майрам алдында бир жерге отурбайлыбы деген сыяктуу сунуш киргизген экен. Ошентип, анын сунушу менен Рыскүл аттуу келиндин жумушуна барышып, нөөмөттө турган жеринен чакырып чыгышып, Алтынбек Алыбаевдин үйүнө барышат. Ошол жерден менин балам Илгиз менен Мукаш Кененсариев кетүүгө камынганда, Рыскүл деген курбусу да «12де бейтаптарга ийне саймакмын» деп кетип калат. Ал эми Арабекова өз каалоосу менен Алтынбектин үйүндө калып калыптыр, ал бойдок бала болчу. Ошол жерден Алтынбекке «1500 сом бер, мени бул жакка акча берем деп алып келгенсиңер» десе, тиги «көрдүң го, менде акча жок, коротуп салдым» деп, айтор, ортодо пикир келишпестик болгон экен.
Эртеси балдарга чалып, «силердин үстүңөрдөн арыз жаздым, эгер мен каалаган акчаны бербесеңер ата-эне, урук-туугандарыңарга чейин айтып абийириңерди кетирем» дептир. Балдар бизге угулбасын деп 90 миң сом берип, тосмо арыз жаздырып алып, ишти бас-бас кылышат. Тосмо арызды Арабекова өз колу менен «арызды мен Алтынбек Алыбаевге ачуум келип эле жазып салгам. Мени эч ким зордуктаган эмес. Мурунку арызым боюнча тергөө иштерин токтотууңуздарды сурайм» деп жазып бериптир.
Ошондон 20 күн өткөн соң даттануучу тараптан балдардын үстүнөн Талас шаардык прокуратурасына кайра арыз түшүп, суракка чакырыла башташат. Талас шаардык прокуратурасынын башчысынын орун басары Абдувахап уулу Жолдошко барганыбызда ал «100 миң сом бергиле, ошону менен даттануучу ыраазы болуп, жазган арызын алат» деди. Ата-энелер кеңешип, эми теңелбейли деп
100 миң сомго макул болуп, Жолдошко алып барып бердик. 10 күндөн кийин прокурор чакырып, «акчаңарды алгыла, Арабекова ар биринен 100 миңден өндүрүп бергиле деп талап кылып жатат» деди. Балдар муну укканда «биз акча бергидей кылмыш кылган эмеспиз. Албаса мейли, сотко чейин барабыз» деп каршы болуп коюшту.
«АРАБЕКОВАНЫ АЯЛ КАТАРЫ АЯП ТУРАМ»
– Менин оюмча, мынча пландалган иштин артында сөзсүз бирөөлөр бар жана анын бири акыйкатчынын Талас облусундагы өкүлү Арзыкан Момунтаева деп жатабыз. Арзыкан Момунтаева Калия Арабекованы курал катары колдонуп, анын бул окуяны көбүртүп-жабыртып айтып чыгуусуна түрткү болууда. Момунтаева менен жеке сүйлөшүүгө барсак, «ал 2 баласын жалгыз баккан бечара келин. Эгер силер ага үстүнө үй алып берсеңер, бул иштин баары дароо токтойт» деди. Биз бирөөгө үй алып бермек түгүл, өз балдарыбызга үй салып бере элекпиз. Калия Арабекованын үйүнө да сүйлөшөлү деп барып, жашоо шартын көрүп, абдан боорум ачыды. Мен ага ачуум келгендин ордуна ушундай шартта 2 баланы багып жатканына баа берип, бир чети аял катары аяп турдум.
Мынча этегибиз ачылып, эки тарап бүтүндөй журт алдында араздашып алган соң биз дагы жөн калбай өз оюбузду айтып чыгалы деп чечтик.
Окуядан кийин айыпталып жаткан 3 сот аткаруучуну жетекчилиги «өз каалооңор менен арыз жазып, жумуштан кете бергиле» деген сунушун киргизген. Алар 21-майда өз арыздарынын негизинде кызматынан кетип, тергөө амалдары аяктаганга чейин үй камагына чыгарылган. Окуяны иликтеген укук коргоо кызматкерлери акчанын учу чыккан тарапка ообой, акты ак, караны кара деп туура чечим чыгарса, мыйзамдын негизинде айыптуусу жазасын алат беле деген ойдобуз.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg