Июнь окуясы... Өлкөнүн Ош жана Жалал-Абад облустарынан тышкары башка дубандар бул каргашалуу окуяны сырттан байкоочу болсо, түштүк аймагынын элине өмүр бою эси-көөнүнөн кеткис каргашалуу окуя болуп кала берет.
Быйыл Июнь окуясынын 4 жылдыгы эскерилип, 28 дайынсыз жоголгон адамдардын ысымдары чегерилген эстелик таш тургузулду. Алардын 15инин сөөгү кийинчерээк табылса, 13 жарандын өлүү же тирүү экени дагы эле билинбей келет. Ташты тегеректеп, баласынын ысымын окуп алып, аны көрүп жаткандай шолоктоп ыйлаган энелерге жүрөк сыздап турду. Жаш толгон көздүү, буулуккан үндүү энелер баласынын караанына зар болуп, анын бир сүрөтү, аз болсо да жараткан ийгилиги, анын элеси тартылып калган видеолор, ардак баракчалары, документтери жана башка уулуна тийиштүү буюмдардын баары учурда энелери үчүн канчалык баалуу болуп жатканын түшүнөбүз. Биздин бул макалабыз да алардын үмүт-күдөрүн актап калар деп, өлүүсү же тирүүсү табылбай жаткан кырчындай жигиттерди күтүп жаткан энелердин баянын берүүнү туура көрдүк.
Айнуска Тавалдиева:«ЖЕГЕНИБИЗ ЖЕЛИМ, ИЧКЕНИБИЗ ИРИМ БОЛДУ»– Эки уул, эки кыздын энесимин, дайынсыз жоголгон Өмүрбегим тун уулум болчу. Аябай жакшы окуган, сынактардын баарын жеңип жүргөн балам бар эле. 2010-жылы жазында Бишкекке операция жасатууга келип, ал ортодо Апрель окуясы болуп кетип, мен жаткан ооруканага октон жаракат алгандарды, каза тапкандарды алып келип жатышты. Ошонун баарын өз көзүм менен көрүп аябай коркуп, Кудайга тобо кылган элем. Кийин Кадамжайга үйгө келдим, уулум Өмүрбек мына-мына юрист болом деп, университетти аяктап калган кез болчу. «Апа, коштошуу кечеси өтөт, сиз дагы барсаңыз жакшы болмок» дегенинен, «операция жасалгандан бери жакшы боло элекмин, мен сага батамды берем, өзүң аман-эсен барып кел, балам» деп 10-июнь күнү уулумду Кадамжайдан Ошко узаттым. Баламды акыркы көргөнүм ошол болду. Эртеси 11-июнда «бизди эч жакка өткөрбөй, аялдар менен жаш балдар гана кетип жатат. Апа, мен үчүн кыжалат болбоңуздар» деп чалган. Бирок ошол эле күнү кечке маал телефону өчүп, байланыша албай калдык. Ошондон бери баламдын тирүүсү же өлүгү билинбейт. Эстегенде сай-сөөгүм сыздайт.
Уулум 1988-жылкы эле. Артында бир кыз, бир уулу калды. Балам жоголгондо келиним кош бойлуу калган эле, ай-күнүнө жеткенде уулума тамчы суудай окшош уул төрөдү. Нурбелек деген ысым ыйгардык. Өлсө да сөөгүн таап, жаназасын окутуп, ак кепиндеп жерге берип алуу деген чоң нерсе экен. Жакындарын туңгуюкка салып, дайын-дарексиз жок болуп кеткен эң жаман кайгы тура. Жегенибиз желим, ичкенибиз ирим болуп, кичине сөздү да көтөрө албай отуруп калдык.
Апал Кочкорова:«УРУШТА ТӨРӨЛГӨН БАЛАМДАН ТОПОЛОҢДО АЙРЫЛДЫМ» – Дайынсыз кеткен уулумду 1990-жылы 31-майда төрөгөм. Уулум жарыкка келгенден кийин 4-июнь күнү улуттар аралык жаңжал башталып, төрөт үйүнөн чыга албай калдык. Бир аптадай өткөндөн кийин жолдошум келип, бизди алып кеткен эле. «Үйгө аман-эсен келип алдык» деп атын Акжол койгонбуз.
Мына, ошол күндөн 20 жыл өткөн соң кайрадан ошондой эле окуя жанданып кетти. Балам аскердик кызматын өтөп келип, аскердик күбөлүгүн мага сунуп, «сержант болуп келдим. Ушуну алам деп бир жыл кыйналдым. Эми милиция кызматкери болом» деди.
11-июнь күнү «апа, мен милиция кызматкери болуп, жакында ишке кирем. Азыр эле барып жардамдашпасам болбойт» деп астынан тосконума карабай, «тоспоңуз, апа, мен качып болсо да кетем. Эркек кантип чыдап отурсун?» деп кетип калды. 13-июнь күнү телефондон сүйлөштүк, «астыбызда ок атылып жатат, өтө албай турабыз» деп айтты. Акыркы уккан сөзүм ошол болду, ушул күнгө чейин дайыны жок. 2 уул, 2 кызым бар болчу. Иниси азыркы күнгө чейин агасын күтө берет. Үмүт үзө албай, төрт жылдан бери көз жашыбыз токтобой койду. Жок дегенде сөөгү табылса, жаназасын окутуп жерге берип, көңүлүбүз тынчып калмак. Жолдошум үй-бүлөсүндө жалгыз болчу, эки уулдуу болгондо аябай кубанган эле. Акжолумдун досторун көргөн сайын жүрөгүм эзилет. Ташта аты жазылып калды, бирок артынан бир туяк калса, аны көрсөк, уулумду көргөндөй болуп жашамакпыз. Мындан өткөн азап болбосо керек.
Салима Токторова:«АПА, БУТУМА АТЫП КОЮШТУ, ЖАРДАМ КЕРЕК»– Уулум Жыргалбек 1987-жылы 8-сентябрда туулган. 2010-жылы 1-июнда баламды жаныма отургузуп алып, «жашың жетип калды, жактырган кызың болсо айт, үйлөнтөлү. Болбосо өзүбүз таап берели» дегем. 3-июнга чейин балам жанымдан чыкпай, сөзүбүз түгөнбөй сүйлөшкөнбүз. Мени Оштон айылга узатканы азыркыга чейин көз алдымда турат. Балам шаарда калып калганына ичим ачышып кеткен элем. Эстесем жүрөгүм эзилет.
10-июнь күнү телефон чалып «апа, телефонуңузга бирдик салып койдум» деди. 12-июнда жүрөгүм опкоолжуй берди. Кайра-кайра чала бердим. «Үйгө келе бербейсиңби, баары эле келип жатат го» десем, «апа, эркек балдарды кетирбей жатат, Ошту таштап кетип калсак уят. Балдар, аскерлер бар жанымда, кыжалат болбоңуз. Танк менен жүрөбүз» деди. Түн болуп калды, телефонумду кармап отуруп, уулума чалып жибергенимди да билбей калыптырмын. Телефонду албайт, кайра-кайра чалсам бир убакта алды, бирок сүйлөбөдү. «Алло, Жыргалбек?» деп кайра-кайра сүйлөсөм да унчукпайт. Бир учурда катуу кыйкырып жибердим. Үнү акырын «апа» деп чыкты. Анан «апа, мени бутума атып коюшту, жардам керек» деди. Ыйлап, ар кимге чала баштадым. Ал ортодо байланыш үзүлдү. Сөөгүн таппай издедик.
Кийинчерээк өлгөн адамдардын ДНК анализи Кытайдан чыгып келди. Жыйынтыгында бир сөөктү жерден казып, «ушул сенин балаң экен» деп алып келип беришти. Ошол сөөк баламдыкыбы же башкасыныкыбы, ишенип-ишенбей эле жерге берип койдук. 2 уул, 5 кызым бар болчу. Балдарымдын улуусу эле. Энеге бала гүл коюп энем деп өкүрсө мейли, эне баласына гүл коюп, балам деп ыйлаганды эч кимдин башына салбасын. Бой жеткирип, баладан көптү үмүттөнө баштаганда зар какшап кала бердик. Эстегенде ордуман селт этип секирип тура калам.
Мени таң калтырганы, дайынсыз жоголгондордун көпчүлүгү үйүндө ата-энеси Кудайдан тилеп алган жалгыз уулу же ишенген тун уулдары экен. Төрт жылдан бери каректен аккан жаштар ташка айланып, дайынсыз уулдарынын аттары ошол ташка чегилип кала берди. Экинчи мындай окуя кайталанбай, энелердин көз жаштары төгүлбөсө экен.
Уулбү Каныбекова
koom@super.kg