«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» БААРЫН БАШЫНАН БАЯНДАП БЕРЕБИЗ

Бразилиянын «Клон» сериалынан бери жамы журт жапырт «ооруган» сериал жарыкка чыга элек болчу. Бирок түрктөрдүн «Даңазалуу кылымы» миллиондогон адамдарды экрандарга жипсиз байлап, төрт жыл бою көрөрмандар уйку көрбөй, оокат-ашын унута улам кийинки бөлүгүн зарыга күтүп жатышты. 11-июнь күнү Түркиянын «Star TV» телеканалында «Даңазалуу кылымдын» эң акыркы сериясы көрсөтүлдү. 2011-жылдан бери эфирден кетип жаткан бул курч сюжеттүү тарыхый драма, чынында, укмуштуудай телесериал болду. Азыр «Даңазалуу кылымды» көргөн ар бир үй-бүлөнүн, жамааттын өзүнүн бийлик мыкчыган Сулейман султаны, амалкөй Хүрреми, азаптан башы чыкпаган Махидевраны, төгөрөгү төп келишкен Ибрагим пашасы, анан албетте, тымызын жүрүп, баарын жайгарган-жайлаган Сүмбүл агасы менен мачо Малкочоглу Бали бейи бар.
Идея кантип жаралды? Тартууга кимдер белсенди? Ийгилик сыры эмнеде? Ооба, күйөрман катары сурооңуз толтура чыгар, ошол үчүн сандан санга «Даңазалуу кылым» тууралуу баарын башынан баяндап берүүгө кириштик.

КЫЯЛ ЧЫНДЫККА АЙЛАНГАНДА...
2008-жылы сценарист Мерал Окай продюсер Тимур Савжыга Осмон империясынын даңазалуу доору жөнүндө тарыхый сериал тартуу идеясы менен бөлүшүп калат. «Аракет кылып көрөлү» деп жооп кайтарган продюсер эң башында кандай машакаттуу ишке киришип жатканын да аңдабайт. «Бул долбоор ишке ашпайт», «баштабай эле кой», «тобокелдүү иш...» Тимур Савжы кеңешейин деп кайрылган адамдардан ушундай гана кептерди угат.
Кыялдын ишке ашышы үчүн, биринчиден, чоң акча керек болчу (интернет булактарында сериалдын эки сезонунун эле бюджети 2 миллион доллардан ашканы жазылат). Тартуучу топтогу өкүлдөрдүн биринин «мен бул долбоорго ойлонбой туруп эле макулдук бергем, анткени ойлоно турган болсом, сөзсүз баш тартып иймекмин» деп айтканы бар. Эч ким ишенбесе да, Мерал Окайдын кыялы бышып, 2011-жылдын 5-январында «Даңазалуу кылымдын» алгачкы сериясы эфирге кетет.
Ага-ини режиссёрлор Дурул Тайлан менен Ягмур Тайландын «Даңазалуу кылымга» келип калышы да кызык. Алар: «Телесериал тартабыз деген оюбуз жок болчу. Анан «укмуштуудай долбоор даярдалып жатат» деген кептерди кулагыбыз чалып калды. Ээси ким экенин сураштырып, долбоорго кызыгып калганыбызды Тимурга жеткирдик. Ал 3-4 сериясынын сценарийин жөнөттү, окуп көрүп, бул долбоор ого бетер жагып калды. Эртеси эле продюсерге «макул болсоң, бул сериалга биз режиссёрлук кылалы» десек, ал да макул боло койбоспу. Баш-аягы 2 күн ичинде чечилип бүттү»,- деп сериалдын тартуу иштери жөнүндөгү тасмада баяндап беришкен.

БИРИНЧИ СЕЗОН
КАСТИНГ: ХҮРРЕМДИ ТАБУУ ТҮЙШҮГҮ
«Даңазалуу кылым» атасы Селим султандын каза болуп, Сулеймандын Стамбулдагы хан сарайга жакын досу жана жолдошу Ибрагим менен Манисада аңчылык кылып жүргөн жеринен кайтып келүүсүнөн башталат. «Дүйнөдө Искендер ээлик кылгандан да күчтүү жана чоң мамлекет куруп, Осмон империясын жеңилгис кылам» деген кыялы менен Сулейман 1520-жылы 26 жашында 10-Осмон султаны болуп такка отурат. Ошол эле убакта хан сарайга Крымдан күңдөр алынып келинип, анын ичинде бүтүндөй үй-бүлөсү өлтүрүлгөн украин кызы Александра да болот.

«Сценарий жана режиссёрлор жок кезде эле биз султандын ролун Халит Эргенч ойной турганын бөркүбүздөй билчүбүз. Халит да тартылууга макул болуп, сериалды тартып баштоо иштерин 1 жарым жыл бою күттү. Ал бул убактысын тарыхый китептерди окууга, түрктөрдүн улуттук матрак оюнун үйрөнүүгө, атка минүүнү жакшылап өздөштүрүүгө коротту»,- дешет сценарист менен продюсер.

Сулейман султан күндөрдүн биринде гаремге баш багып калып, Александра жайган торго илинет. Ага чейинки кулакка куюлган эскертүүлөргө карабастан, күң падышанын атын айтып чакырып, кийин эси оомуш болуп жыгылат. Андан ары Александра Ибрагимдин көзүнө илинип, ал Крымдан туткундалып келген кызды султандын көңүлүн ачуу үчүн кечки шаан-шөкөткө тандап алат. Александра гаремдин тартибин сактоочулар Нигар калфа менен Сүмбүл аганын кебин акыл көрүп, кечеде султанга жагынууга далалат кылып, сыя түстүү кол аарчыга ээ болот. Мындай тартуу султан менен түн өткөрүүгө жол ачмак.

Сценарист Мерал Окай менен продюсер Тимур Савжы: «Хүрремдин ролун Мерьем Узерлиден башка актриса ойной алмак эмес. Башынан эле Хүрремди аткара алчу адамды тандап алуу кыйын болорун сезип жаттык. Ал сырттан келип, падышачылыкты башкарып кеткен жаңы адам болушу керек эле жана анын чындап чоочун экендигине аудиторияны да ишендиришибиз зарыл болгон. Жети ай бою кастингдин артынан кастингдер, кыдырбаган өлкөлөр, сураштырбаган тааныштар калган жок. Сериалды тартып баштоо күнү жакындай берди. Бир апта калганда Германиядагы тааныштар Мерьем Узерлинин сүрөттөрүн жөнөтүштү. Аны Түркияга чакырдык, издөө бизди чарчатып, тажатып бүткөндүктөн, Мерьемдин келишин күтүп отурбай аэропортко жөнөдүк. Бир көрүштөн Хүрремди тапканыбызды түшүнүп, Мерьемге билдирбей ичибизден кубанып жаттык»,- дешет.
Мерьем Узерли бул тууралуу: «Бир күндүн ичинде жашоону өзгөртүп ийүүгө мүмкүнбү? Жанымда бир канча футболка, эки жынсы шым, тиш жуучу щёткам гана бар болчу. Бирок мен калып сериалга тартылууну чечтим»,- деген
.

ДАЛАЙЛАРДЫ СУКТАНТКАН ИБРАГИМ МЕНЕН ХАТИЖЕНИН МАХАБАТЫ
Бул аралыкта Сулеймандын мураскеринин энеси Махидевран менен уулу Мустафа Манисадан хан сарайга келет. Орус күңгө сүйүктүүсүн алдырып ийген Махидевран жана амбициясы ашынып-ташынган, султандын каалоосу менен Хүррем деген жаңы ысым алган Александранын ортосунда кандуу күрөш башталат. Зымырыт (изумруд) чөгөрүлгөн шакектин талашы экөөнүн ортосундагы жек көрүүнү, бири-бирин өлүмгө да кыюуга даярдыгын көрсөтөт. Муну Махидеврандын Хүрремди сабап салуусунан биле аласыздар. Бул окуялар султандын Махидеврандан жүз буруп, Хүрремге чоң мүмкүнчүлүктөргө жол ачып берүүсүнө түрткү болот.


Чоң тамчыны элестеткен зымырыт чөгөрүлүп, тегереги бриллиант менен шөкөттөлгөн шакек «Даңазалуу кылымдын» эң башкы асем буюмуна айланган. Ал «Хүрремдин шакеги» атыгып, сериалды көргөн дээрлик ар бир айымдын кыялындагы зер жасалга болуп чыга келди. Кыз-келиндердин көзүн күйдүргөн таажы, чачка тагылган диадема, сөйкө, асыл мончок, билерик, шакек жана миң түркүн жасалгалар... Сериалдын жасалгаларды камсыздоочу тобунун маалыматы боюнча, айрым асем буюмдардын баасы он миңдеген долларды чапчыйт. Жасалгаларды иштеп чыгуу менен беш атактуу зергер алек болуп, алар кооздуктарды жасоодон алдын үч ай бою тарыхый үлгүлөрдү изилдеп чыгышкан. Бахрейндин падышасы Хамад ибн Иса аль-Халифа Түркияга келген сапарында «Даңазалуу кылымдын» башкы актёрдук курамы менен таанышып, Хүрремдин чоң күйөрманы болгону үчүн Мерьем Узерлиге сериалдагыдай зымырыт таштуу шакекти белек кылган.

Сулейман султан Белградга карай биринчи жүрүшүнө аттанат. Уулунун сапарга чыгып кетүүсүнөн пайдаланып, валиде Айше Хафса султан Хүрремден кутулууга аракет кылат. Бирок анын кош бойлуу экендиги билинип, Мехмет аттуу уулдуу, кийин Михримах аттуу кыздуу болот.
Султандын эшик сакчысы Ибрагим менен ханбийке Хатиженин жашыруун махабаты пакизалыгы, актыгы менен Хүрремдин сүйүүсүнөн кескин айырмаланат.
Жеңиштин артынан жеңиштерди алып келген жүрүштөр, султан менен болгон бекем достук Ибрагимге башкы вазирликти буюрат. Даражасы көтөрүлгөнү менен Ибрагим бир кул эле, династиянын өкүлүн жанынан артык сүйүп турса да, ханбийкенин колун сураганга даай алмак эмес. Ал баарынан баш тартып, Стамбулду таштап, өз мекени Паргага сапар алууга мажбур болот. Султан Ибрагим менен Хатиженин махабатынан кабардар болуп, Сулеймандын макулдугу менен Ибрагим кайтып, Хатижеге үйлөнөт.

«Тарыхчыларды угуп отурсам, «андай болгон эмес», «мындайга уруксат да берилбеген» деген сыяктуу сөздөрдөн башым чыкпай калды. Максатыбыз тарыхта жазылгандай документалдык сериал тартуу болгон эмес. Ооба, биз тарыхтын кайсы бир доорунда болуп өткөн чындыкты өзөк кылып алдык, бирок фантазияга да орун бердик. Ибрагим менен Хатиженин чоң сүйүүсүн көрсөтүүдө жок дегенде кантип башталышы мүмкүн деген ойдун үстүндө баш катырып отуруп, террасаларды ойлоп таптык. Ал заманда эркектер менен аялдар бир бөлмө мындай турсун, бир коридордон басышы мүмкүн эмес эле. Андыктан эки адам бири-бирин көрсүн деп терраса жасап, анан Ибрагимди скрипкада ойнотуп койдук»,- деп сценарист айтып берген. Көрөрмандардын көбүн дал ушул Ибрагимдин скрипкада ойногону арбап калган. Анын персонажы чоң сүймөнчүккө ээ болгонун ушундан билиңиз, вазир паша муунтулуп өлтүрүлгөн соң «Даңазалуу кылымдын» күйөрмандар армиясынын ичинен сериалды улантып көрбөй койгондор көп болгон.

Хүрремдин, бир кездеги Александранын жигити Лео кийинки окуялардын бүйүрүн кызытат. Бул аралыкта Хүррем экинчи уулу Селимди жарык дүйнөгө алып келип, султанды сүйүнтүп, бир эмес, эки мураскердин апасына айлануу менен Махидевранды күйүнтүп жүргөн маал эле.
Крымдан хан сарайга кезектеги күңдөр алынып келинип, арасынан Татьянаны султанга алып кирүүгө даярдашат. Хүррем муну угуп калып, султанга «же күңдөр кетет, же мен кетем» деген шарт коюп, өз максатына жетет.
Сезон Ибрагим менен Хүрремдин кастыгынын күчөөсү менен кызып отурат. Баш вазир Хүррем менен Леонун бир кезде кыз-жигит болгонун билип калып, ууланган таттууну берет. Аны Лео Хүрремдин колунан алып, жегенге аргасыз болуп жаткан жеринен алгачкы сезон 24-серия менен соңуна чыгат.

«Даңазалуу кылым» тартылып башталардан мурун жарым жыл бою сүрөтчү жана декораторлор баш-аягы 2 миң чарчы метрди камтыган атайын павильонду тургузушкан. Кийин павильондун аянты дагы 2 миң чарчы метрге кеңейген. Анын ичинде оригиналга дээрлик опокшош хан сарай, 5 осмон ак сарайы жана 20дан ашуун имарат жасалып чыккан. 5 миң костюм тигилип, 4 миң таажы менен чалма даярдалган. Ар бир сериал үчүн тартуу иштерине катышкан топ 130 кишиден турган. Баары биригип экинчи пландагы актёрдук курамдын саны 50 миң кишиге жеткен. Дүйнөнүн 50дөй өлкөсүндө 300 миллиондон ашуун киши «Даңазалуу кылымды» ээрчип көрүшкөн. Ушул жана башка миң түркүн кызыктуу окуялар жана сериалдын баяндамасын сандан санга күтүп окуңуздар.

Эльвира Караева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (54)
happy86
2014-06-24 19:04:11
Ушул окуялар тарыхта чындап болгон бекен же кошуп ташып кино кылып коюшканбы.Супер Инфо буга катышкан актерлордун биографиясында жазбайсынарбы,же кайсы сайттан окусам болот.
0
admin_portal
2014-06-25 09:19:41
happy86, Саламатсызбы!
Төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп, бул тасма тууралуу маалымат ала аласыз: http://www.super.kg/allsearch/?where_to_search=article&search_term=Даңазалуу+кылым&x=0&y=0&media_search=1
0
nazi.kg
2014-06-24 20:17:07
Оа магада аябай жагат бул сериял, баардыгы оз ролун соонун аткарган
0
dastan_nookat
2014-06-24 23:46:07
Уландысы! Тартылып жатабы сиздер ушул сериалды аягына чейин айтып берсениздер жакшы болмок жооп кутом?
0
ayzharkyn
2014-06-25 10:47:12
Бул сериалды канча корсом да коргум келе берет :-(
0
asiko1
2014-06-25 12:27:43
abdan soonun serial
0
Murok
2014-06-25 15:49:42
Бул кино оору болдуго качан бутот эртереек бутсо болот эле, менин куйоом корот мен корбой эле, анан жанагы сулейманга Жана ибрагимге Озун окшоштуруп алгандачы иииий. А мен болсо хатижа менен берки аялга озумду элестетип жиним кайнап кетет. Ха ха озунчо эле ))))
+3
iskra
2014-06-26 20:18:56
Murok,Акыркы сериясында Селим Баязидди торт баласы менен муунтуп олтуруп жаны тынат.Баязидден бир да тукум калтырбайт.Михримахтын куйосу Рустем пашша да бироо колдуу болуп олот бирок аны ооруп олду деп коюшат.Андан 5 жылдан кийин Сулейман оорусу кучоп ал да олот.Такка Селим келип анын аялы кайненеси Хюрремдин ордун бастым деп ойлойт бирок баласы Мураттын аялы андан да кыйын болуп чыгат.Кызыгы алдыда......
0
Nur45
2014-06-25 18:11:18
Биздин продюсерлер да бул кинону коруп бир аз болсо да жакшы кино чыгарса болмок! Биздин кинолор бир гана корсон болду да кийинкисин коргун да келбей эле катасын таап отургун келет. Мага бир гана Салам New York тасмасы жагат.
+2
Eliza2012
2014-06-25 18:30:54
Nur45, Туптуура айтып жатасыз чынында ар бир тарткан кемчиликтери жок сыяктуудай сериалды негизи кыйын режиссер тарткан деп эсептейм.
0
nurik.osh
2014-06-26 14:07:39
nora00 МАЛКАЧЫ ОГЛУ БАЛИБЕЙ...
Бурак Озчивит uwul ozunun chunug aty)
0
samira.0907
2014-06-26 19:39:06
Хюрремдин ордуна башка актриса келгенден кийин коргум келбей калды.
0
Мэри
2014-06-26 19:53:04
Ушул макала сонун жазылыптыр, аябай жакты, журналистке алкыш!
+1
fanatkakg
2014-06-27 09:41:42
калганын дагын кутом
0
peach
2014-06-27 10:12:16
Hurrem kaysy seriasynda oldu?aytyp koigulachy koroun
0
iskra
2014-06-28 20:58:26
peach, 4-сезон 135чи сериясында
0
faha
2014-06-28 15:11:53
Bul serialdy korgon emesmin, tagyraak aytsam ubakyt bolboyt... Anan da taryhty kop burmalap korsotushkon dep ugup kalam... Kitebi mn serialdagy okuyalar dal kelbeyt deshet... Eger chyn ele dal kelbese taryhyi serial dep atasak bolobu...?
0
brave
2014-06-29 12:18:23
Мен бул сериалды уккам..бирок, бир да жолу коргон эмесмин....ал эми азыр кызыгып калдым окшойт...кино залга жуктоп койсонор корот элем..
0
nukesh
2014-06-30 09:15:42
Эн соонун кино мен ырыхаттанып кором
0
№ 607, 20-июнь-26-июнь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан