Бул ирет сөз өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук боюнча болмокчу. Үстүбүздөгү жылдын 5 ай ичинде жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук былтыркы жылдын ушул убакыт ичиндегиге караганда бир аз азайган. Төмөндөгү үрөйдү учурган окуядан соң өспүрүмдөргө ата-эненин тарбиясы канчалык деңгээлде керек экенин билсеңиз болот.
ТАЛАСТАГЫ ҮЙЛӨРДҮН БИРИНЕН АДАМ ӨЛҮГҮ ТАБЫЛГАН
Үстүбүздөгү жылдын 12-майында Талас РИИБине Талас шаарындагы үйлөрдүн биринен адам өлүгү табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Каза тапкан адам 1951-жылы туулган У.М. экендиги аныкталган.
Туугандарынын билдиргенине караганда, маркум У.М. үстүбүздөгү жылдын 18-апрелинде Талас шаарындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес. Ал эми маркумдун дайынсыз жок болуп жаткандыгы тууралуу кабарды алар милиция кызматкерлерине 10-майда гана билдиришкен. Издөө салынгыча 12-майда сөөгү табылып отурат. Белгилүү болгондой, 12-май күнү маркумдун шаардан келген келини салат алып чыгуу үчүн ороого кирет. Караңгы ороонун алыскы бурчунда ак шейшеп жабылган бир нерсе турганын көрөт. Эмне болду экен деп шейшепти тартса, алдында канга боёлгон кайнатасынын өлүгү жаткан болот.
ТАЯТАСЫН ӨЛТҮРГӨН НЕБЕРЕ
Соттук-медициналык экспертиза маркум башына оор нерсе менен бир нече ирет сокку урулуп, денеси учтуу нерсе менен сайгылангандан улам каза тапкандыгын аныктаган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө бул оор кылмышка шектелип маркумдун жээн небереси, 1999-жылы туулган өспүрүм кармалган. Ал таятасын өлтүргөндүгүн мойнуна алып, окуя тууралуу төмөнкүдөй баяндап берген:
– 22-апрелде таятам менен уруша кеткем. Андан мурда деле ал мени көп урушчу. Ошол күнү балдар менен футболго бармакмын. Таятам бир аз кызуураак болчу. «Барбайсың!» деп мени футбол ойногону жибербей койду. Короодогу балтаны алып келип, башка 3 жолу катуу чаптым. Андан кийин бычак менен дагы бир нече ирет сайгам. Таякем менен таажеңем шаарда болчу. Андан соң Бишкекке таякемдерге телефон чалып, «таятам 18-апрелде шаарга барам деп кеткен боюнча келе элек. Силерге бардыбы?» деп айттым. Денесин короодогу ороого алып кирдим дагы, үстүнө шейшеп жаап койдум.
Шектүүнүн эч нерсе болбогондой баяндап берип жатканынан анын оорулуу же оорулуу эместигин билүү үчүн соттук-психикалык экспертиза жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында анын акыл-эси ордунда экени аныкталган.
Кылмышка шектелип кармалган С.Снын үстүнөн Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмү (өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.
«АТАСЫ ДА СОТТОЛГОН»
ИИМдин маалымат кызматынын кызматкери ЭРНИС ОСМОНБАЕВ «өспүрүмдөрдүн кылмышка баруусуна ата-эненин көзөмөлүнүн жоктугу көп себеп болот» деп ой бөлүштү:– Кылмышка шектүү сот тарабынан күнөөлүү деп табылса, ал азыр жашы жете электигине байланыштуу балдар колониясында жаза өтөйт. Жашы жеткен соң чоңдор үчүн жаза өтөөчү абактардын бирине которулат. Бала кичине кезинен эле таятасынын колунда өскөн. Маалыматтарга караганда, кылмышка шектүүнүн атасы мурда оор кылмыш кылгандардын катарында болуптур. Кийин ал каза болуп калган экен. Апасы Орусияга иштеп кетиптир.
Өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун башкы себептери ата-энелердин балдарын толук кандуу көзөмөлгө албай жаткандыгында. Ал эми кылмыш кылган өспүрүмдөрдүн көбүнчөсү социалдык жактан колдоого муктаж, абалы оор үй-бүлөлөрдөн келип чыгууда. Колунда бар адамдардын балдары деле кылмыш кылган учурлар кездешет. Ал көпкөндүктөн, ата-эненин тилин укпагандыктан улам келип чыгат. Акыркы жылдары көпчүлүк жарандарыбыз балдарын туугандарына таштап же улуусун кичүүлөрүнө баш-көз кылып коюп Орусияга же башка жактарга иштеп кетип жатышат. Мындай учурда өспүрүм балдар толук кандуу чоң адамдардын көзөмөлүндө болбой, ар кандай кылмыштарга барышууда.
«Сактансаң сактайм» демекчи, жогорудагыдай үрөй учурган кылмыштуу кырсыктарга жаш балдар кабылып калбашы үчүн ар бир баланын ата-энесине сабак болор деп окуяны чагылдырдык.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg