«АПАКЕ, КАЙДАСЫҢ?!»

16-июнь күнү Бишкек ШИИББи 5 жаштагы Жансель аттуу кыздын ата-энеси жана туугандары изделип жаткандыгын кабарлады. Учурда Свердлов райондук багуусуз калган жетим балдар үйүнө өткөрүлүп берилген Жанселди Адель аттуу апасы кошунасына 15-мартта «2 саатка карап турчу» деп таштап кеткен боюнча кайрылып келген эмес.

«КЫЗЫМА ТҮГӨЙ КЫЛЫП БАГЫП АЛАЙЫН ДЕГЕМ»
3 жарым айдан бери Жанселди апасы келип алып кетет деп күтүп, багып жүргөн ЗИНА ТУРДАЛИЕВА төмөнкүлөрдү билдирди:
– 15-мартта Жанселди апасы «2 саатка карап турчу» деп суранып сиңдиме таштап кеткен экен. Ал сиңдимдин кошунасы болчу. Бир күнү сиңдим мага байланышып, «эже, ооруканага барышым керек. Бирок үйдө кошунамдын 5 жашар кызы бар. Апасы таштап кеткен боюнча кайрылып келе элек» деди. Таштап кеткенден 5-6 күн өткөн соң Жанселдин апасы Адель сиңдиме Казакстандан телефон чалып, «мен сага кызымды караганың үчүн акысын төлөп турам. Азырынча багып тур, барып алып кетем» дептир. Сиңдим кош бойлуу болгондуктан карай албайт, кызыма түгөй кылып бага берейин деп Жанселди үйгө алып келдим.
Аделдин телефон номерин алып алгам. Күнүгө «же кызын алып кетсин, же башын ачып берсин» деген талап менен чалам, албайт. Жаман-жакшы айтып СМС да жазып көрдүм, жооп болбоду. Бир күнү чоочун номерден чалсам алып калды. «Кызыңды эмне кыласың? Келип алып кетпейсиңби» дедим. Кызы менен сүйлөштүрүп коёюн деп телефонду Жанселге бердим. «Алло, мама!» дегенде эле апасы телефонду өчүрүп салды. Андан бери чалам, албайт.
1-июнь – Балдардын майрамында кызым менен Жанселди жетелеп сейил бакка баргам. Ошол жактан бир бейтааныш аял жолугуп, «бул кызды кайдан жетелеп жүрөсүң? Мунун апасынын аты Адель, кыздын аты Жансель. Мен бул кызды багып иштегем. Апасы сойкулук менен алектенет. Кызынын дагы жүрөгү оорулуу. Никесиз туулган баланы багып эмне кыласың? Апасы мени дагы сызга отургузуп, «кызымды уурдап кетти» дедиртип бир топ убара кылган» дебеспи. Муну уккан соң чочулап калдым. Аделди социалдык тармактын биринен таап, сүрөтүн көтөрүп алып «ошондой иштеген» кыздарга бардым. Алар «ооба, бул кыз сойкулук менен алектенет. Түркияга барып иштеп келген, ошол жактан кош бойлуу болуп келип кыз төрөгөн» дешти. Багып алсамбы деп жаткам. Бул оюмду сиңдиме айтсам, «эже, бирөөнүн доосуна калбаңыз. Бир нерсе болсо биз жооп берип калабыз, милицияга эле кабарлайлы» деди. Сиңдимдин акылына көндүм, ошондон бери Жансель балдар үйүндө тарбияланып жатат.

«НАРИСТЕ ЭЧ КИМДИ КҮТПӨЙТ ЖАНА САГЫНБАЙТ»
Свердлов районундагы багуусуз калган жетим балдар үчүн балдар үйүнүн жетекчисинин орун басары АЙГҮЛ САЛЫКОВА Жанселдин учурдагы жүрүм-турумунан маалымат берди:
– 11-июнь күнү милициянын жашы жете электер менен иштешүү бөлүмүнүн кызматкерлери 4-5 жаш чамасындагы наристе кызды алып келишти. Кызды санитардык текшерүүдөн өткөрүп, баарлашуу жүргүздүк. Жашын, апасынын атын, өзүнүн атын айтты. Ата-энеси менен чогуу жашап жүрүп, алардан ажырап калган бала психологиялык травма алат. Сагынып ыйлап, келет деп күтүп жол карайт. Ал эми Жансель бергенди ичип, балдар менен аралашып ойноп жүрө берет. Эч кимди күтпөйт, сагынбайт, жакындарын издебейт дагы. Мындан улам бала ата-энеси менен чогуу толук кандуу үй-бүлөдө багылган эмес деген тыянакка келдик. Ар жерде багылган баланын психикасы ушундай болуп калат.
Жансель жаш өзгөчөлүгүнө жараша билиш керек болгон жаныбарларды, өң-түстөрдүн аталыштарын, көлөм, чоң-кичине чен бирдиктерди билбейт. Демек, балага апасы учурунда тарбия берип, акыл-туюмун өстүргөнгө шарт түзгөн эмес. Азыр болсо балдар үйүндөгү тартиптин баарын аткарып, балдар менен аралашып ойноп жүрөт. Өз алдынча жаткан жерин иреттеп, кийимдерин өзү кийгенди үйрөнүп калды.
«Бирөөгө зар, бирөөгө кор бала» деген сөз чын белем. Айрымдар бала жытын искегенге зар болуп жүрсө, жогорудагыдай «күкүк энелер» күнөөсүз наристелерди тирүүлөй жетим кылып жатышат. Учурда 5 жаштагы Жанселдин апасы Адель Абдрахманова же анын туугандары милиция кызматкерлери тарабынан изделүүдө. Наристенин туугандары табылып, алып кетет деген ишеничтебиз.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Коңшусуна таштап кеткен 5 жашар кыздын апасы изделүүдө
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
Aygul
2014-06-23 10:17:13
Ушундай кукук энелерди коомдон четтетиш керек. Байкуш наристелерге эле кыйын.
0
nasipaa
2014-06-23 10:46:43
Тобо кылдым.
0
Feijipiao
2014-06-23 11:06:50
Козумдон жашым агып кетти окуп алып.Бул кандай жан ыя,адамбы же кандай?Оз баласын таштап кеткен.Дагы сойкулук кылат экен укмуш элего.
Ушундай ташбоор энелерге бергенден коро,мага буюруп койбойт беле.Биз козубузду торт кылып,качан балалуу болобуз деп олтурабыз,бала дегенде ичкен ашыбызды таштап.Буларга болсо кор болуп жатат.Буларга созда отпой калдыго....
+3
momuntay
2014-06-23 11:42:55
Да Фейжи, бироого зар болсо бироого кор да бала. Чырактай кызын таштап коюп сойкулук кылган акмак эне экен. Жок дегенде балалуу болгондо деле ал кесибин таштап, баласы учун жашаса болмок. Баланын кусуру урат го мындайларды, кокурогум ачышып жатат. Ох ии....
+1
antiwithin14
2014-06-23 13:52:23
Сенин бул " кесибинди" укса кызын албетте жийиркенет,бирок,кызын андай жолдон алыс болуп,абийирдуу чонойсун.
+3
Alai.kyzy
2014-06-23 18:42:10
Апасы жаш эле экен гоо. Ошондо секелек кездейинен бузулган гоо. Гезиттен бул сойкунун суротун жакындары корушсо, бир жыйынтык болоор. Сойку болуп Турцияда, Казакстанда иштесе жакшы эле акча табат экен да! Кызын бала баккычка бактырып, иштей берсе болмок. Сойкулук м.н алектенгени аябай жийиркеничтуу! Кызынын келечегин ойлосо болмок. Баккысы келбесе, неге тороду! Торогондон кийин балага жооп бериш керек.
+2
kio8787
2014-06-24 09:28:26
астахфираллаа. Бул айымды жамандап алып куноосун озубузго кошуп албайлы.Аллаа Таалам баарын сезип баарын билип турат булар да оз жазасын алат бул дуйно болбосо оо дуйно.
+1
Aikoo2014
2014-06-24 17:01:09
Аллах сактасын мындай жаман корунуштон. Жансельге ичим ачышып кетти бечара.
0
Aksy-13
2014-06-26 23:26:59
башында ойлонуп иш кылыш керек эле кор болуп калган ошол мезгилде эми омур бою кызынын убалын тартат акмак десе.
0
turgunbek
2014-06-29 22:25:39
Зина айымга ишенбей турам суйлогондору укмуш го бальким кыздын апасы акча толоп берем деп таштап кеип акча толоп бере албай калса ушинтип чыккан гоо бир болсо эмнеси болсо да баарыбызга ыйман ынсап берсин
-2
nmerlan
2014-07-03 19:39:42
мен бул аделяны аябай жакшы тааныйм.бир кездеги подругам десем да болот. малолетка кезинен эле бузулуп сойкулукту жакшы коргон кесип кылып иштеп жатканына 8-9 жыл болуп калды.гуля деген сутенерша аялда иштечи. гуля кличкасы ( таркы)коп жолу соттолгон эже. кыргыз кыздарды турция казакстанга сатып журуп жакында эле турмодон чыгыптыр таркы гуля. аделя озу сулуу бою узун орус чалыш кыз анан дагы туну мн кыйналып тапкан акчасын ичкилике коротот, коп ичет аделя. кыскасы акылы жок кыз.
0
nmerlan
2014-07-03 19:46:52
сутенершаларга алданып тапкан акчасына ээ боло албай эле оозун ачып журо берет аделя. жансельдин порог сердца деген оорусу мн торолгон, кыздын башы чоон орулу. аделяны таркы гуля 6 жыл мурун отработкага турцияга жоноткон анан аделя ошо жактан турктон боюнда болуп келген, таркы гуля торотуп эле жансельди нянькага бактырды а аделяны иштетип колдонуп журду.алматыда сейфулина кочосундо аделя сойкулук мн алектенет азыр, алматыга аделяны 3 жыл мурун таркы гуля жоноткон, жансельди корунгон нянька бакан
0
nmerlan
2014-07-03 19:55:44
жансель корунгон няньканын колунда чонойгон, анан таркы гуля мн аделя нянькалардын акчасын толобой ызылдашып журушчу,нянькалар акчаны бергенде кызынды алып кетесин десе, таркы гуля тааныш менттерге айтып кызымды уурдады деп аделяга заява жаздыртып менттер акча сындырчы нянькадан анан иштин баары буткондо акчаны таркы гуля аделя менттер болуп болушуп алышчы. сутенершалар сойкулар менттер баары бир мафия. сутенершалар акча беришет менттерге анан каалаганча кочодо туруп иштей беришет. ошондой.....
0
guljigit88
2014-07-09 20:02:29
Ынсап, ыйман берсин жараткан алла таалам
0
Elika
2014-07-22 17:23:52
Жансельди мага бериниздерчи багып алайын
0
№ 607, 20-июнь-26-июнь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан