Акжол Абдухалиев: «MICROSOFT`тогу ЖАЛГЫЗ КЫРГЫЗ ЭЛЕМ, ЭМИ ТӨРТӨӨ БОЛДУК»

Ааламдын эң бай адамы Билл Гейтстин атагы алыска кеткен «Microsoft» компаниясында Акжол Абдухалиев аттуу мекендешибиз 3 жарым жылдан бери иштейт. «Баатырдын атын алыстан ук, жаныңа келсең бир киши» демекчи, Акжол сүйлөшө келгенде абдан жөнөкөй адам болуп чыкты. Мекендешибиз кантип дүйнөгө таанымал компанияга жумушка орношкону, жашоо-турмушу, ийгилик сыры тууралуу өзү иштеп жаткан «Microsoft» корпорациясынын скайп программасы аркылуу баяндап берди.


Туулган жылы, күнү – 1985-жыл, 14-июль
Туулган жери – Лейлек району, Исфана шаары
Үй-бүлөлүү, бир кыздын атасы
Билими – Анкарадагы Жакынкы Чыгыш техникалык университетинин компьютердик-инженерия факультетин аяктаган. Быйыл Сиэтл университетинде магистратураны бүтүрдү.
Учурда АКШнын Сиэтл шаарында жашайт.
«Microsoft» компаниясында он-лайн жарнама бөлүмүндө инженер-программист болуп эмгектенет.
Кыргыз, орус, түрк, англис тилдеринде эркин сүйлөйт.

– Саламатсызбы, Акжол мырза? Алгач өзүңүз тууралуу маалымат бере кетсеңиз...
– Саламатчылык. 3 бир тууганбыз, 2 иним бар. Атам Абдурахим кесиби боюнча юрист, апам Жанатай жеке ишкер. Мен 8-класска чейин Исфанада окудум. Эки жыл бою ата-энемдин кулагынын кужурун алып жүрүп, 8-класста Бишкектеги №5-улуттук компьютердик гимназияга келип окуумду уланттым. 11-классты Кыргыз-түрк лицейинен аяктап, Анкарадагы Жакынкы Чыгыш техникалык университетинде окудум. Андан соң Канаданын Торонто шаарындагы IBМ компаниясында иштеп жүрдүм. Ал жактагы келишим бүткөндөн кийин кайра Түркияга барып магистратураны аяктап, 2011-жылы «Microsoft» компаниясына орношком.

– Дүйнөгө атагы чыккан ишканага орношуу да оңой болбосо керек?..
– Канадада иштеп жүргөндө «Microsoft» компаниясына резюме жөнөтүп койгон элем. Анталияга келгенде «сиз менен сүйлөшөйүн дегенбиз» деп телефон чалышты. Техникалык, логикалык суроолорду беришип, 2 жолу видеосынактан өтүп кеттим. Телефон интервью турунан кийин атайын Америкадан инженер баш болуп 6 киши Түркияга учуп келишип, бир күн сынактан өткөрүштү. Бирөөнө кирип, андан чыгып экинчиси, үчүнчүсү, кийинкисине кирдим. Ошентип кечке чейин татаал, жеңил суроолорду берип, стрессти канчалык кармай ала турганыбызды да текшеришти.
Атайын ушул компанияга кирүү үчүн кыйынчылыктан өттүм деп айта албайм. Болгону 2-3 жума гана интервьюга даярдандым. Бирок университетте талыкпай күнү-түнү окуганымдын пайдасы көп тийди. Университетте кээде 2-3 жумалап күнүнө болгону 5-6 сааттан уктап, 15 сааттан программа жазчу элем. Жакшы алган билим менен бирге Түркия, IBM`деги иш тажрыйбамдын жемиши ушул болду.

– Учурда компаниянын кайсы тармагында эмгектенесиз?
– 3 жарым жылдан бери он-лайн жарнама бөлүмүндө инженер-программист болуп иштейм. Учурда интернет колдонуучунун каалоосуна ылайыктуу жарнамаларды тандап көрсөтө турган атайын «мотор» даярдап жатабыз. Ал «мотор» адамдын жашын, жашаган жерин, жынысын жана башка ушул сыяктуу факторлорду караштырып, колдонуучу буга чейин кирип жүргөн интернет баракчаларды изилдеп, кандай жарнамаларга кызыгарын тактайт. Табитине, талабына ылайыктуусун көрсөтөт.

– Угушубузча, сиз «Microsoft`тогу» жалгыз кыргыз жараны экенсиз?..
– Мурун мен жалгыз болчумун. Менден кийин бул жакка 3 кыргыз келип, азыр төртөө болуп калдык. Бирок ар кайсы бөлүмдөбүз. Мүмкүнчүлүк болору менен жолугуп турабыз.

– Кандай шартта иштейсиз?
– Компанияда мурун 90 миң кызматкер болсо, «Нокианы» алгандан бери алардын саны 100 миңге жетти. Анын 60 миңге жакыны штаб-квартирада иштейт, мен да ошол жактамын. Компаниянын кичи-ири болуп 40-50 имараты бар. Баары чогулуп өзүнчө чоң шаар болгондуктан, «ану кампус» деп атап коёбуз. Ал университет сыяктуу эле. Тамактанууга бирге барып, ар кандай оюндарды ойнойбуз. Биздин бөлүмдө болсо 10го жакын адам иштейт.

– Жумуш режимиңиздер кандай?
– Каалаган убакта келебиз да, каалаган убакта кетебиз. Кээде 12лерде келип, эки саат иштеп кетип калабыз. Кээде түнкү 12ге чейин калабыз. Эң негизгиси, алдыга койгон планды бүтүрүш керек. Мен, мисалы, бир долбоорду 2 айда бүтүрөм десем каалаган учурда келип-кетип жүрөм. Кеч келдиң деген адам болбойт.

– Ушундай атактуу жерде иштеп жатканыңыздан кийин айлыгыңыз да жакшы болсо керек?..
– Ушул суроону менден көп сурашат. Кыргызда бир макал бар, «кыздын жашын, эркектин маянасын сурабайт» деген (күлүп). Маянабыз жетиштүү.

– Сизде корпорациянын негиздөөчүсү Билл Гейтс менен көрүшүү мүмкүнчүлүгү болдубу?
– Ал бул жакта иштебейт. Акыркы жолу 2007-жылы келген.

– Сизге окшоп ийгиликтүү жумушка орношом деген жаштарга кандай кеңеш берет элеңиз?
– Эң негизги айтарым, алдыга план коё билиш керек. Мисалы, алдын ала 5-10 жылга план коюп, аны туура аткарса, бул боло турган нерсе.
Мен мектепте окуп жүргөндө компьютерде отурганга көп мүмкүнчүлүк болгон эмес. Ошондуктан бош убактым болду дегиче математикалык эсептерди чыгарып баштачумун. Чарчаганда же маанай түшкөндө татаал математикалык маселелерди чыгарып, кадимкидей сергип калчумун. Азыр анализдеп көрсөм, мен билимдин жарымын эле классташтарга, ини-агаларга жардам берип жатканда алыпмын. Ошондуктан окуучуларга «мугалимдерге эле таянбай, өзүңөр аракет кылгыла» демекмин. Интернетте толтура видеосабактар бар, ошолорду үйрөнгүлө.
Мага көп жазышат, «кантип жумушка орноштуңуз? Сөзсүз 5 жыл билим алыш керекпи?» деп. Аларга дайым жооп бергенге аракет кылам. Бул жакта дипломго деле карабайт. Башкысы мээ, каалоо, аракет керек. Башында жумушка чакырышканда мен да бул компанияда иштөө кыйын болсо керек дечүмүн. Туура, оңой эмес. Бирок аракет кылса, колдон келчү нерсе.

– Үй-бүлөңүз тууралуу да айта кетсеңиз...
– 2005-жылы келинчегим Сайрагүл менен таанышып, кызыгуубуз бир болуп, 2009-жылы баш коштук. Ал Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде компьютер-инженерликке окуган. Ортобузда Сезим аттуу кызыбыз бар. Биз үйдө жалаң кыргызча сүйлөшкөндүктөн, кызыбыздын тили да кыргызча чыкты. Апасы азыр кызыбызды тарбиялап үйдө отурат. Кыргызстанга жылына бир жолу барып-келгенге аракет кылабыз.

«Үйдө жалаң кыргызча сүйлөгөндүктөн кызыбыздын тили кыргызча чыкты».

«Мен ушул имараттардын биринде иштейм. «Microsoft» корпорациясынын 40-50дөй ушундай чоң штабдары бар».

Гүлжамал Бөрүкулова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Microsoft’то иштеген кыргыз жигитинин маеги
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (53)
snegurochka11
2014-06-25 16:17:42
Азамат!Мындан да чон ийгиликтерге жетише бер!Кыргызстанда ушундай жакшы кадрларды колдоо жок баары башка жакта журушот.
0
nuraiko
2014-06-25 22:12:53
азаматсыз
0
danok88
2014-06-26 03:07:37
онугуп оскуло кыргыздар дуйнону багынткыла
0
Erhan
2014-06-26 06:44:30
Азамат бар бол!
0
pretty2014
2014-06-26 17:10:47
Азамат соз жок,уй булоон менен бактылуу бол,атан Энен эле эмес бут кыргыз эли сыймыктана турган жигит экенсин
0
tyncha1991
2014-06-26 19:41:09
Алдыга койгон максатынызга жете берин ишинизге ийгилик ушундай окурман адам коп болсо деп тиленем

0
antiwithin14
2014-06-26 20:09:14
Ишинизге ийгилик каалайм! Имараттардын суротун гана коруп суктанып бутпой жатам. А сиз ошол имаратта иштеп ийгиликтерди жаратып журосуз,азамат жигит экенсиз!
0
TolonturCN
2014-06-27 10:17:33
Мына ушундай жарандарыбыз менен сыймыктанабыз!
0
TolonturCN
2014-06-27 10:19:14
Баса ушул жигит менен кантип байланышсак болот? купуя каттан болсо да дарегин берип койосуздарбы супер инфо.
0
casio-ctk
2014-06-28 01:40:31
Соз жок,просто ден соолук,уйбулоолук бакыт жана ийгиликтерди каалайм...
0
Ak_TiLeK
2014-06-28 11:12:26
Эхххх азаматсыз сыймыктанам
0
princessa
2014-06-28 12:48:47
Азаматсыз!! Дагы дагы коптогон ийгиликтерди каалайм! Жаштарга улгу болуп, жол корсотуп журо бериниз. Сыймыктанабыз!!!
0
kristiano
2014-06-28 17:42:47
азаматсын брат, ишине ийгилик, озу негизи лейлектиктер жонокой, олуттуу болот да, кооп кетпейт
0
Murat1985
2014-06-30 07:42:26
Кудйым буйурса Эми кезек Лейлектен Ажо болот деген терен ишеничтемин
0
gylbara
2014-10-28 20:01:02
Гений экен азамат
0
№ 607, 20-июнь-26-июнь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан