КӨПҮРӨ ЖОК, СУУ КЕЧИП ЖАШАГАН ТОП-ТЕРЕК АЙЫЛЫ

Биздин кеңсеге Ош облусундагы Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнө караштуу Топ-Терек айылынын тургундарынан айылынын көйгөйлөрү жазылган кат келип түшкөн. Ошол каттын негизинде аталган айылга барып, тургундардын көйгөйлөрү, ийгиликтери менен таанышып кайттык.
Айылда 150гө жакын түтүн, 500дөн ашуун адам жашайт. Облус борбору Ош шаарынан 40, райондун борбору Кара-Суу шаарынан 64 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Ушул сууну тунуп калды деп кубанып ичип жатышат.

ЖЫЛАҢАЯК СУУНУ КЕЧИП...
Ош шаарынан Алай районуна бара жаткан жолдун сол тарабында, суунун аркы өйүзүндө бак-дарактуу айыл бар. Жолдон ары-бери өтүп калганда ошол айылга көз чаптырып, «көпүрө жок, эл ары-бери кантип өтөт болду экен?» деп ойлоно берчүмүн. Мени кызыктырып, суроо жаратып келген айылдын аты Топ-Терек экен.
Айылга жеткенде бизди кичинекей кыз тизеден келген желим өтүк көтөрүп тосуп алды. Элдин абалын өз жүрөгүбүз, денебиз менен сезип, көрүү үчүн сууну жылаңаяк кечип өттүк. Айыл тургундары бизди жылуу тосуп алып, айылга биринчи жолу ал-абал сурап барган журналист биз экенибизди айтышты. Айыл берекелүү жерде жайгашканы көрүнүп турат. Бирок ошону менен катар көйгөйлөрү да бар экен. Алардын эң башкылары таза суу менен көпүрө.
Таалай Уразбеков, Топ-Терек айылынын тургуну:

Карылар үчүн суудан өтүү аябай кыйын. Бирок мындай көрүнүш айыл тургундарына көнүмүш адатка айланган.

«АЙЫЛГА ЭЛЕКТР ЖАРЫГЫ ЖАКШЫ ЖЕТПЕЙТ, ТЕЛЕФОНДУ ЗАРЯДДАП АЛГАНЫНА КУБАНЫШАТ»
–Айыл өкмөтүбүз бизден 40 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бир маалым кат алыш үчүн таңкы саат 6да туруп алып, суу кечип аркы өйүзгө өтөбүз. Айыл өкмөтүнүн мекемесине барсак жыйырмадай адам кезекте турган болот. Ошентип, бир маалым кат алганча 1 күн өтөт. Үлүш жерлер Ош шаарынын чет жагынан берилген. Ал жерде жергиликтүү тургундар бизге сугат суу беришпейт. Эккен эгинибиз куурап калат. Үйүбүздөн алыс болгону үчүн үлүш жерлерибизге барып келгенге да чамабыз жетпей калат.
Бир айылды бир эле трансформатор тейлейт. Айылдын акыркы үйлөрүнө электр тогу жетпейт, телефондорун заряддап алгандарына эле кубанышат. Аябай шамалдуу жер болгону үчүн бир аз шамал болуп, жаан жаап койсо эле электр жарыгы өчүп калат. Жарык өчкөндөн кийин телефон станциябыз да өчөт.
Бизде Кыргызстандын телеканалдары такыр тартпайт. Өзүбүздүн өлкөдө болуп жаткан жаңылыктарды угуп туралы деп ар түрлүү антенна алып келип орноттук, ошондо да тарттыра албай койдук. Ал эми Өзбекстандын телеканалдары антеннабыз тоголонуп, жыгылып калса деле тарта берет. Өз өлкөбүздө өзүбүздүн телеканалдарыбызды көргөнгө жакшы шарт жок.
Коомдук мекемелерден айылыбызда 9 жылдык мектеп жана ФАП бар. ФАПта бир медайым иштейт, сыркоолоп калсак укол сайып, жеңил жардамдарды көрсөтөт. Катуураак ооруп калсак Ош шаарына барууга туура келет. Анысына деле мейли, бара беребиз, бирок дарыяга суу көп келгенде оорулууну суунун аркы жээгине алып өткүчө кандай гана азап тартарыбызды элестете албайсыз. Трактор таап келиш керек болот. Суу көбөйгөндө ташты агызып калат, ал учурда ат да өтө албайт.
Мектебибиз 2005-жылы курулган. 4 класс, 120 орундуу, 60 окуучу окуйт. Күндө жанына өтүк салып келип, ары-бери суу кечип мектепке барып келген окуучу, мугалимдер бар. Кээ бири өтүк көтөрүүдөн тажап, жылаң аяк кечип өткөндөрү болот. Чыла суу ичип, муздак сууну кечип жүрүп жаш эле туруп оорулуу болуп калышууда. Кээде күлкүң да келет, эгер адам ооруп, майып болуп калса мамлекет ага пособие, пенсия төлөйт. Ушуга жеткирбей эле ошол каражатка таза суу чыгарып, бир аз шарт түзүп берип койсо адамдар да оорумак эмес.

Садыр Рахманов:«КОНОКТОРДУ СУУДАН ӨТКӨРГӨНГӨ АТАЙЫН ТРАКТОР ИШТЕЙТ»
Таалай мырза менен айыл аралап бара жатып, жол боюнда кашаа оңдоп жаткан аксакал менен байбичени көрдүк. Барганыбызга Садыр аксакал да кубанып, ыраазычылыгын айтып, айылындагы көйгөйлөрдү айтып берди.
–Айылдын эң негизги көйгөйү – таза суунун жоктугу. Азыр силер кечип өткөн суу 40-50 чакырым алыстыктан агып келет. Суу чоң жолдун бою менен агып келгендиктен, малдын кыгына толуп калат. Эки жыл мурун жаан көп жаап, сел келип, бизден жогору жактагы айылдын тургундарынын малдары агып, сай малдын өлүгүнө толуп калган эле. Жогору жагыбызда эмне болсо, ичүүчү суубуз менен анын баары бизге агып келет. Ошого да кайыл болуп, «аккан сууда арам жок» деп иче беребиз. Бүгүн жакшы, тунуп калды, ылай кезинде ташып тундуруп алып ичебиз. Жамандык-жакшылыктарда таза сууну унаа менен башка айылдан ташып турабыз. Ал учурда тойго же кара ашка келген конокторду аркы өйүздөн берки өйүзгө ташып турганы да атайын трактор иштетип коёбуз.
Биздин айылга кургакчылык болуп калса да жаман, жаанчыл болуп калса да жаман. Кургакчыл болуп калса бак-дарактарыбыз куурайт, жаанчыл болуп калса суу көбөйүп, аркы өйүзгө өтө албай кыйналабыз. Ошентсе да айыл эли асман карап эле жашайбыз. Качан жаан жаайт экен деп. Корообуздагы бак-дарактарды көктөндүрүш үчүн сууну сайдан насос менен тарттырып, шланга менен сугарабыз. Кээ бир тургундар чака менен ташып сугарышат.
Топ-Терек айылы сай жээгинин боюнда, таштак, кайрак жерге жайгашыптыр. Бирок айыл тургундары ошол суу чыкпаган кайрак жерге бак отургузуп, салкын жерге айлантып коюшкан. Тургундардын көпчүлүгү мал багуу менен алектенишсе, кээ бири адырдан чөп оруп сатып тиричилик кылышат. Ал эми жаштардын көбү Орусияга иш издеп кетишкен.

Аксакал байбичеси менен чарбакка мал кирип кетпесин деп кашааны оңдоп жатышат.

Айылдын «эмканасы».

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
demo009
2014-06-23 15:28:18
Муну чоңдор укпагандан кийин,эч нерсе да жазгым келбей калды.
+2
lampard8
2014-06-24 01:12:56
demo009, ошону айтсаң((
+1
kamarik
2014-06-24 02:22:02
Россияда иштегендер акча чогултуп копуро салып алышса болот.коп тукурсо кол болот дегендей.чондорду карап отурса пайда жок.
-1
argen_kg.95
2014-06-24 02:31:36
Мелис Мырзакматов келсе салынат
+1
Mechtatelnisa
2014-06-24 13:56:37
Биздин кошуна айыл. Чындыгында боор ооруй турган эле айыл,мектеби дагы 4-класска чейин эле 5 класстан биздин мектепке келип окушат болчу,жамгыр жаап сел болгон куну биздин Топ-Теректик класташтарыбыз келбей калышат,не болду суудан ото албай калдым. Бирок эмгекчил эли,бак дарактары укмуш карайт. Ал жерге копуро салганга дагы ынгайсыз коорунот мурун кичине эле сай экен эле азыр аябай эле чонойуп кеткен. Копуросуно дагы укмуш акча кетсе керек.
+3
rabia
2014-06-24 15:26:21
ушул айылга бир копуро курап берише албайбы биздин атка минерлер .уят да суунун мекени болгон кыргызстанда таза суунун жоктугу.качан эл учун эмгек кылган адамдар келет экен бийлике
0
malik.87kg
2014-06-24 21:30:20
Биздин чон курсактуу чондор не кылып журушот тушунбойсун эх кор болдук карапайым калкым
0
TolonturCN
2014-06-27 10:22:02
Жегич эшекке минерлердин айынан эл, жер жана эле болсо итке минген бойдон оңоло элеги көрүнүп турат, 21-кылымда да ушундай жашоо болгону кейиштүү.
0
momuntay
2014-07-04 15:44:14
Эл озу деле жалкоо окшойт. Бала ыйлабаса эмчек кайда дейт. Келдибековду камактан чыгарабыз дешип адамдар жол тосууга барышты го. Эм ушул айыл тургундары чогулуп оздору учун ошондой ишке барышсын. Раз чондорго кайрылып майнап чыкпаса ошого барышпайбы. Негизги маселеси копуро таза суу экен. Чечсе боло турган нерсе андай эле коп каражат кеткидей эстакадалык копуро курулбайт да. Бир машине ото турган копуро куралбаса Кыргызстан олгон экен. Антен орнотушсун. Ии билбейм Чиновниктер байбыз деп мактанг
0
Nurbeksultan
2014-07-11 20:38:58
менин болочок кайын энемди бекер эле тартыпсынарда
0
№ 607, 20-июнь-26-июнь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан