БӨДӨНӨ БАГЫП БУТКА ТУРУУГА БОЛОБУ?

Жердеги тирүү жандыктардын ичинен космоско чыгарылып, ал жакта эң биринчилерден болуп жумурткадан чыгып, аман-эсен жашап кеткен канаттуу куш бул – бөдөнө. Жесе эти даамдуу, сайраган үнү уккулуктуу бул канаттууну үй шартында кармап, киреше табууга болору белгилүү. Бөдөнөнү кантип багып, пайда табууну окуган соң четте турбай бул ишти сиз да колго алууңуз мүмкүн.

БЫТПЫЛЫКТАП САЙРАГАН БӨДӨНӨ ТУУРАЛУУ...
Бөдөнө кыргоолдор тукумуна кирген жапайы канаттуу. Эң көп байырлаган аймактары – Европа, Азия жана Африка. Кыргызстандын ойдуң жерлеринде жана тоо арасында көп кездешсе, айрымдары Кочкор, Чүй өрөөнүндө кышташат.
Жапайы бөдөнөнүн салмагы 80-145 грамм, узундугу 16-20 сантиметр болот. Ал эми өңү: Жону боз чаар, боору агыш сары, корозунун алкымы кызгылт-сары, мекияныныкы саргыч чаар болот.
Бөдөнөнүн эти даамдуу, жумурткасы витаминге бай болгондуктан үй шартында багып көбөйтүүнү адамдар колго алышкан. Ошондой эле аны сайроочу куш катары жана уруштуруу максатында үйдө багышат.

ҮЙ ШАРТЫНДА БАГУУ КӨП ЭМГЕКТИ ТАЛАП КЫЛБАЙТ
Колдо багылган бөдөнөнүн өзгөчөлүктөрү:
Узундугу – 16-20 сантиметр
Салмагы150-250 грамм
Жумуртка багытындагылары – жылына 250-300 даана жумуртка берет. Жапайыларынын жумурткасы мындан азыраак болот.

БАЛАПАН КЕЗИНДЕ
Балапандарын жумурткадан чыккан алгачкы күнү жылуу кармоо керек.
Балапандын чыккан мөөнөтүнө карап талап кылуучу жылуулук:

Балапандар торолгуча алгачкы эки апта бою ар бир кутуга 200 Ваттык лампаны коюп, күн-түн иштетүү керек. Андан соң күндүз 14-15 саат иштетип, калган учурда караңгыда кармоо кажет. Жарык берүүнү белгиленген мөөнөттө өчүрүп, жандырып туруу зарыл.
Азыгы: Сууга бышырылган жумуртка, дан эгиндеринин акшагы жана суу. Балапандарга 1 апта болуп калгандан кийин алардын аш тизмегине сөөлжан, курт-кумурскаларды кошсоңуз бат торолуп, өсүүсү тездейт. Сууну үзбөй берүү керек. Болбосо жини тумшугунун учунда турган бөдөнөлөр биринин көзүн бири чокуп оюп салуусу мүмкүн.
Кармоочу жай:
Жай катары капталдарынан шамал өтүп турбагыдай төрт тарабы жылчыгы жок куту жарайт. Алды кургак болуусу үчүн көзү майда темир торчо менен капталышы зарыл.
Балапандарды 1 айдан кийин чоң бөдөнөлөрдү кармоочу жайга которууга болот. 2 айга жеткенде балапандар жетилип, жумуртка берүүгө жана союуга жарап калат.

ЧОҢ БӨДӨНӨЛӨРГӨ КАНДАЙ ШАРТТАР КЕРЕК?
Чоң бөдөнөлөрдү кармоо үчүн терезеси жок, электр жарыгы менен гана жарыктандырыла турган бөлмө жана тордон жасалган төмөнкүдөй капастар зарыл.

КАПАС:
Бийиктиги – 50 сантиметр. Үстүнкү бөлүгүн 25 сантиметр жана анын кыгы түшүп турууга ылайыктуу бөлүгүн 25 сантиметр кылабыз. Капасты экиге бөлүүдө жумуртка чогулуучу тарабын 5 сантиметрге жантайыңкы кылуу зарыл.
Узундугу – 0,5 метр
Туурасы – 0,4 метр
Жем салгычы жана суу идиши болушу керек.
Бул аянтка 30дан ашык чоң бөдөнө батат.
Мына ушундай капастарды жасап, аларды катары менен жыгачтан же темирден жасалган текчелерге тизсеңиз болот.
Капастагы бөдөнөлөр жумуртка тууп тукум улоосу үчүн ар бир 3-4 мекиянга бирден короз болушу кажет.
Азыгы: Майдаланган дан эгиндери, чөп-чар, курт-кумурска.

КӨБӨЙТҮҮ
Канаттуу багып-сатып оокат кылам дегендер анын санын дайыма көбөйтүү менен алектенүүсү зарыл. Мындай учурда табигый жол менен канаттууга жумуртка бастырып балапан чыгаруу, албетте, жарабайт. Бул үчүн атайын инкубатор болушу шарт жана аны сөзсүз алууңуз керек.

ИНКУБАТОРДО БАЛАПАН ЧЫГАРУУНУН РЕЖИМИ
Жумуртканы 14 күн бою 6 саат сайын бир оодарып туруу керек.
Андан соң жумурткалар балапан чыгуучу камеранын ичине жайгаштырылат.

«КОРООДОГУ ОЙНОП ЖҮРГӨН БАЛДАРЫМ БӨДӨНӨ МЕНЕН ЧОҢОЮП ЖАТАТ»
Бөдөнө багуу менен 14 жылдан бери алектенип келе жаткан бишкектик Марина айымдын короосуна баш бактык. Учурда анын короосунда 2 миңден ашык бөдөнө бар. «Бул бизнестен киреше жакшы эле түшөт бекен?» деген сурообузга «короодогу ойноп жүргөн балдарым бөдөнө менен чоңоюп жатат» деп тамаша-чын аралаш жооп узатып, төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Бөдөнө жугуштуу ооруларга баш бербеген, абдан чыйрак канаттуу. Ушунча жылдан бери бир да жолу ооруп өлгөнүн көрө элекмин. Азыркы тапта эт, жумуртка багытындагы эки түрдүү бөдөнөлөрдү багабыз. Эт багытындагылар 200-250 грамм эт жана жылына 220 даанага чейин жумуртка берет. Ал эми жумуртка багытындагылардын этинин салмагы 100-150 грамм жана жылына 300гө чейин жумуртка тууйт. Бөдөнө бат чоңойгондуктан аны болгону 6 айча кармайбыз да, анан сатабыз. Баасы ар кандай. Жумурткасынын бир даанасы 2-4 сом, 1 жумалык балапаны 25 сом. Ал эми чоңдорунун мекияндарын 220-250 сомдон, короздорун 120-200 сомдон кафе, ресторан иштеткендер үйдөн сатып алып кетишет. Суроо-талап көп болгондуктан, үйдөн чыкпай эле сатабыз. Ал эми жакшы тукум берген бөдөнөлөрдү 3 жылга чейин багабыз.

Эми эсептеп көрүңүз. Балапан кезден тартып 2 ай болгуча бир бөдөнөгө орто эсеп менен жалпы 0,9 килограмм жем кетет. 1 килограмм жемдин баасы 15 сомдун тегерегинде.
Ошондо 2 ай багылган бөдөнөнүн корозун эң ылдыйкы баада 120 сомдон, ал эми мекиянын 220 сомдон сатасыз. Эми калганын өзүңүз эсептеп алсаңыз болот.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Бөдөнөнүн жумурткасы бел кубатты көтөрөт
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
ERNIS.
2014-06-27 12:37:31
ММ Бодононун мынчалык пайдалуу канаттуу экенин билбептирмин. Дарылыкжактан жакшы канатту Экен
0
nurik92
2014-08-17 12:19:59
адресин билсениздер жазып койсонуздар....барып королу!
0
alina79
2016-01-07 19:12:57
Урматтуу админ айтып коёсузбу жакында суперден окуган элем, Баткен тараптабы!Бодононун шорпосун жасап саткандарды.Ошол макаланы кайдан таап окусам болот? алдын ала чон рахмат.
0
admin_superstan
2016-01-08 10:11:38
alina79,
Саламатсызбы! Тилекке каршы, мындай макала чыккан эмес. Төмөнкү шилтеме аркылуу кирип дымдалган бөдөнө тууралуу маалымат алсаңыз болот
http://www.super.kg/article/show/34597
0
Adilet_kgz
2019-05-15 23:15:38
Абдан соонун экен
0
№ 607, 20-июнь-26-июнь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан