Быйыл 11-классты аяктаган өлкөдөгү бүтүрүүчүлөрдүн саны 62 миңдин тегерегин түздү. 9-классты аяктаган окуучулардын саны 92 миңден ашат. Бүтүрүүчүлөрдүн көпчүлүгү кыялындагы кесибин тандап, турмуштун даңгыр жолуна аттанууга бел байлаган чагы. Андыктан окуучуларга келечектүү кесип тандоо үчүн багыт берүү максатында иликтөө жүргүздүк.
ЭНЕРГЕТИК, ТИГҮҮЧҮ, АГРОНОМ БОЛ
Кыргызстанда студенттерди бюджеттик орундарга кабыл ала турган 26 жогорку окуу жайы бар. Бул окуу жайлардан акысыз билим алууну каалагандар үчүн жыл сайын мамлекет тарабынан 5705 орун бөлүнүп, ал орундар саламаттыкты сактоо, билим берүү, коомдук тартипти көзөмөлдөө, маданият жана туризм тармактары боюнча адистерди даярдоого бөлүштүрүлөт. Учурда бул багыттар боюнча акысыз билим алып жаткан студенттердин саны 31 миң 800гө жетет. Билим берүү жана илим министри Канат Садыковдун маалыматына караганда, быйыл аталган министрлик 11 миңден ашуун адистерди даярдоо боюнча жогорку окуу жайлары менен келишим түзгөн.
Канат Садыковдун пикиринде, алдыңкы беш жылдыкта энергетика, туризм, жеңил өнөр жай жана айыл чарба тармактарында адистер керектелет. Өзгөчө инженер-технолог, инженер-электрик, курулуш боюнча инженер, IT-адис, программист, дарыгер, мугалим жана котормочуларга талап күчөйт. Бул пикирди эмгек, миграция жана жаштар иштери боюнча министри Алиясбек Алымкулов дагы кубаттагандай. Ал дагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстан тоо кендерин иштетүү, энергетика жана тейлөө тармактары боюнча адистерге муктаж экендигин белгиледи.
«СООДА АГЕНТТЕРИНЕ ТАЛАП ЭҢ ЖОГОРУ»
Учурда көп суроо-талапка ээ болгон адистерди билүү максатында Эмгек, миграция жана жаштар иштери боюнча министрлигинин алдындагы Жаштар эмгек биржасынын жетекчиси АЗИЗ ИДРИСОВГО кайрылдык.
– Азиз мырза, учурда кайсы кесиптер боюнча адистер тартыш?– Азыркы кезде соода агенттери, тейлөөчү кызматкерлер, мугалимдер, сатуучулар, менеджерлер, электриктер, айдоочулар, ашпозчулар, сантехниктер, үй куруучулар, усталар жана башка кызмат көрсөтүүчү адистер керектелүүдө. Бирок эмнегедир жаштарыбыз бул кесиптер боюнча окуткан окуу жайларга тапшырууну каалашпайт. Көпчүлүгү экономист, юрист же башкаруу тармагы боюнча билим алууга шашылышат. Алар окууну бүтүшкөн соң жумушка оңой менен орношо алышпайт. Анткени суроо-талап азыраак. Аларга салыштырмалуу орто кесиптик окуу жайды бүткөн жаштарыбыздын 80 пайызы жумушка тез орношуп кетишет. Ушундан улам учурда биз мектеп окуучулары менен жолугушууларды өткөрүп, мамлекет талап кылган адистиктер боюнча маалымат берип келүүдөбүз.
Азыр өзүңүздөр байкоо салсаңыздар, шаарда ири курулуштар жүрүп, үйлөр, соода комплекстери курулууда. Мындан тышкары жолдорду оңдоо боюнча иштер дагы үзгүлтүксүз жүрүп келүүдө. Албетте, бул тармактарга дагы тажрыйбалуу адистер керектелет.
– Бул кесиптерде айлык акы канча?
– Курулуш, тейлөө тармактарындагылар 12-14 миң сомдон жогору айлык алышат. Калган тармактарда дагы айлык акы ушундай эле сумманын тегерегинде болот. Эң эле аз айлык 10 миң сомдун өлчөмүндө. Андыктан бул тармакта иштегиси келген адистер үчүн жумуш орундары көп. Ал эми жогорку окуу жайды аяктаган бүтүрүүчүлөр үчүн жумуш табуу кыйын. Себеби окуу жайлардын көпчүлүгү экономист, юрист жана башка ушул өңдүү кесиптер боюнча адистерди көп даярдап салгандыктан атаандаштык күч. Биз өзүбүзгө түшкөн талаптарга ылайык адистерди даярдоо максатында университеттер, кесиптик-техникалык окуу жайлар, лицейлер менен тыгыз кызматташып, аларга ушул багыттар боюнча адистерди даярдап бергиле деп кайрылабыз.
ЖОГОРУ СУРОО-ТАЛАПКА ЭЭ БЕШ КЕСИП
Жаштар эмгек биржасы тарабынан жогору суроо-талапка ээ беш кесиптин рейтинги:
1) Соода агенттери
2) Официанттар
3) Мугалимдер
4) Сатуучулар
5) Менеджерлер
АБИТУРИЕНТТЕРДИН ЭСИНЕ!
Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча, абитуриенттерди кабыл алуунун 1-туру 7-12-июлга чейин болот. Экинчи тур 14-19-июлга чейин, ал эми 3-тур 21-26-июлга чейин уланат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Канат Садыков билдирди.
Гранттык негизде окууга кабыл алууда абитуриенттердин социалдык абалы, жеңилдиктери, мектепти шаардан, кичи шаарлардан, айылдан же тоолуу аймактан аяктагандыгы эске алынат. Тестирлөөдөн эң мыкты жыйынтык көрсөткөн алдыңкы 50 абитуриентке атайын сертификат ыйгарылат. Бул сертификатка ээ болгон бүтүрүүчү Кыргызстандагы каалаган окуу жайында каалаган кесиби боюнча акысыз билим алууга мүмкүнчүлүк алат.
Калган абитуриенттер бюджетте окуусу үчүн ЖОЖдордо жүргүзүлгөн сынактарга катышуусу абзел. Ал үчүн ар бир окуу жайда атайын комиссия түзүлөт. Белгилей кетчү жагдай, бюджеттик жана келишимдик негизде окууга өтүү үчүн абитуриенттер негизги жана кошумча сабак боюнча өтмө баллдан жогору балл алуусу тийиш. Эске сала кетсек, 2013-жылы бюджет үчүн өтмө балл 110, келишимдик негизде окуу үчүн 105 баллды түзгөн. Бул жылы өтмө балл канчаны түзөрү азырынча аныктала элек. Министрдин божомолунда, өтмө балл былтыркыдагыдай эле калтырылышы мүмкүн. Себеби өткөн жылга салыштырмалуу быйылкы жылы бүтүрүүчүлөрдүн билим көрсөткүчү өтө деле чоң өзгөрүү болгон эмес.
«Супердин» сурак бурчу
КАЙСЫ КЕСИПТИ ТАНДАЙСЫЗ? ЭМНЕ ҮЧҮН?
Нурсултан Төрөкулов:
– Туризм тармагында иштөө мага абдан жагат. Учурда Бишкекке келип, өзүмө жаккан кесип боюнча жогорку билим бере турган окуу жайларды сүрүштүрүп жатам. Келечекте мамлекетибиздин туризм тармагын өнүктүрүп, экономиканы жогорулатууга салымымды кошсом деген тилегим бар. Андыктан туризмди өнүктүрүү багытында билим алмакчымын.
Рахат Нурланбек уулу:
– Программист болоюн деген ниетим бар. Кудай буюрса, окууга тапшырып, билим алган соң чет мамлекетке чыгып тажрыйба топтосомбу деген ойдомун. Ал жактан жаңы нерселерди үйрөнүп келип, мекениме кызмат кылайын деп жатам. Бул кесипти тандаганымдын себеби, бала чактан эле программист болгонго кызыкчумун.
Бакай Рысбай уулу:
– Келечекте дипломат болуп, чет өлкөдөгү элчиликтерде кызмат кылып мамлекетибиздин өнүгүшүнө салымымды кошсом дейм. Ошондуктан жогорку билим алуу максатында Кытайга кетүүгө камынып жатам. Кытайды тандаганымдын себеби, бул өлкө ири держава, бардык тармактар боюнча өнүккөн алдыңкы мамлекеттердин катарында турат.
Нурсултан Тажибаев:
– Үйдөгүлөрдүн кеңеши менен мамлекеттик кызматкер болууну тандадым. Себеби өзүмдү ушул чөйрө үчүн жаралгандай сезе берем. Жакындарым дагы ушул кесип боюнча билим алууга үгүттөшүүдө. Андыктан мамлекетти башкаруу жаатында билим алгым келет. Окууну бүтүп, атайын адистикке ээ болгон соң мамлекет үчүн кызмат кылып, тарыхта калгым келет.
Элиза Камчыбек кызы:
– Келечекте котормочу болгум келет. Анткени саякаттаганды жакшы көрөм. Ошондуктан котормочу болууну тандадым. Буюрса, бул багыт боюнча билим алып, тил үйрөнүп алсам чет мамлекетке чыгып турам. Учурда англис тилин үйрөнүп жатам. Мындан тышкары түрк тилин дагы өздөштүрсөм деген ойдомун. Андыктан котормочулук багытында билим алууга аракет кылам.
Бексултан Ашыралиев:
– Мен келечекте дарыгер болууну чечтим. Себеби азыркы учурда таза, так иштеген дарыгерлер азайып баратат. Аларды көрүп акча үчүн чуркабай, оору менен күрөшкөн чыныгы дарыгер болууну каалап жатам. ОшМУнун медицина факультетинен билим алам. Себеби бул окуу жайдан дарыгерлик билимди чет өлкөлүктөр да келип окуп кетишет.
Мээргүл Маматкадырова:
– Мен ОшМУнун лицейин бүтүрүп жатам. Лицейде окуп жатканда чийүүнү абдан жакшы көрчүмүн. Ошондуктан архитектор болууну чечтим. Биздин шаарларда көбүнчө эски имараттар. Ошолорду жаңылап, өзгөчө жаңы стилдеги имарат, үйлөрдү курсам дейм.
Темирбек Матаев
Уулбү Каныбекова
koom@super.kg