Вице-премьер Абдырахман Маматалиев өткөн аптада «оңдоо иштеринин муктаждыгынан улам Өзбекстанды суу менен камсыз кылуучу Наманган каналын убактылуу жабуу маселеси өкмөттө каралат» деп айткан болчу. Бул билдирүүнү коомчулук коңшу өлкөнүн Кыргызстандын түштүк аймагына газ берүүнү токтотуп койгонуна жооп катары баалап жаткан. Эки айдан бери кыргыз өкмөтүнө ак же көк дебей келген Ташкенттен үн чыгып, «Өзбекстан Борбор Азиялык энергетикалык алкактан чыгып кетиши мүмкүн» деген эскертүү-ишараты интернет булактарына тарады. Муну «Кыргызстандын түштүгү газсыз отурганы кеп эмес, эми түндүк аймагы, анын ичинде Бишкек жарыксыз калышы ыктымал» деп түшүнсөк болот. Энергетикалык алкактан тышкары, Өзбекстан жактан Кыргызстан Сох анклавына коридор ачып берсин жана Нарын дарыясындагы ГЭСтерди куруудан баш тартсын деген талаптар да айтылууда.
КЫРГЫЗСТАН ӨЗБЕКСТАНГА СУУ БЕРБЕЙ КОЁ АЛАБЫ?
Кыргызстандын түштүк аймагындагы 60 миңдей абонент газсыз отурат. Премьер-министр Жоомарт Оторбаев «Өзбекстан биздин телефон чалууларга жооп бербей жатат» дейт. Президент Алмазбек Атамбаев Ошту көгүлтүр от менен камсыз кылуунун альтернативдик жолу катары жер тамда жашагандарга газ баллондорун, көп кабаттуу үйлөрдүн тургундарына электр энергиясын үзгүлтүксүз берип туруу керектигин билдирди.
Газына чиренген коңшу өлкөнү ийге келтирүүнүн бир жолу, балким, Наманган каналын бууп салуудур... Суу буулса гектарлаган пахта талаалар жайдын бир күнкү ысыгына туруштук бериши кыйын. Мунун өзү, балким, Өзбекстан чиновниктерин +996... кодун терүүгө аргасыз кылар беле? Былтыр жайыт талашы чыкканда кыргыз тарап Таластагы Киров суу сактагычынан Казакстанга кирчү Быстроток каналын бууп салган. Көк-Сайлыктар бул айыл өкмөтүнө караштуу 2600 гектар жерди Казакстандын Жамбыл облусунун Андреев айылы менен алмашкан макулдашууну жокко чыгарууну талап кылышкан. Казак тарап «Чоң клин» тилкеси аркылуу кыргыздардын малын өткөрбөй чек араны жаап койгон эле. Эгин талаасынын куурап калышын ойлогон казак тарап суу буулгандан кийин өз аймагынан 1,5 миң гектар жерди Кыргызстанга жайыт катары ижарага берүүгө макул болгон.
ИШ ИЙНЕ-ЖИБИНЕ ЧЕЙИН ТАКТАЛГАН ЭМЕС
«Кыргызгаз» болсо ишкананын активдеринин орусиялык «Газпромго» толук өткөрүү процесси дагы канча убакыт аларын билбей отурат. «Кыргызгаздын» активдери боюнча кабыл алуу-өткөрүп берүү акты азырынча жок, ошондуктан «КыргызГазпром» жаңы компаниясы да ишке кирише албай турат. «Кыргызгаздын» мүлкүн баалоо боюнча эл аралык экспертиза кеч дайындалганына байланыштуу, анын бүтүмүн да көпкө күтүүгө туура келген.
Эгер күтүүдөн башка айла жок болсо, анда өкмөт «мындай кырдаалдын түзүлүшүнө бул жетекчи күнөөлүү» деп кимдир бирөөлөрдүн аты-жөнүн аташы керектир? Анткени бул кырдаал жооптуу кызматкерлердин кенебестигинин, күтүлүп жаткан маселенин алдын алууга жетиштүү аракет жасабаганынын айынан келип чыкты да. «Баары жакшы» болсо, иштин баары ийне-жибине чейин такталса, кожоюн алмаштыруудан газ кризиси келип чыкмак эмес.
«СУУНУ БЕРБЕЙ КОЁБУЗ» ДЕП АЙТЧУ ЧИНОВНИГИБИЗ ЖОК»
Коомдук ишмер БАЗАРБАЙ МАМБЕТОВ бул маселенин тегерегинде бизге төмөндөгүчө пикир билдирди:
– Чоң Наманган каналы Үч-Коргон ГЭСинин суу сактагычынан агып чыгып, Өзбекстандын Наманган облусунун 4 районун суу менен камсыз кылат. Вице-премьер «канал жабылышы ыктымал» деп билдирип отурбай, коңшу өлкөгө «суу жетпей жатат» деп айтуу менен каналга бөлүнчү сууну азайтып койсо болмок. Эл аралык байланышта «силер минтпесеңер, биз антип коёбуз» деген сыяктуу иштер жасалбайт.
Союз убагында курулган Борбор Азиялык энергетикалык алкак маселесине келсек, ал Токтогул ГЭСи иштеп чыккан токту Өзбекстан жана Казакстан аркылуу Кыргызстандын түндүк аймагына жеткирет. Ал эми бул жүктү 2015-жылдан тартып аткара турган «Датка-Кемин» электр энергиясын өткөрүүчү линиясы менен «Кемин» подстанциясынын курулушу аягына чыга элек.
Өзбекстан эгемендүүлүк алгандан бери «кантип Токтогул ГЭСинен чыккан электр энергияны өткөрбөй коё алабыз?» деген ой менен жашап келип, мындан 7 жыл мурун «Жаңы-Ангрен» жылуулук газ турбиналык-электр станциясын салып башташкан. Аны 3 жарым жылдын ичинде куруп бүтүштү. Ошондон тартып Өзбекстан Борбор Азиялык энергетикалык алкакка муктаж болбой калды. Кыргызстандын энергетиктери «Жаңы-Ангрен» жылуулук газ турбиналык-электр станциясы курулуп башталганын билишкен. Эгерде биз 7-8 жыл мурда «ойгонуп», Токтогул ГЭСинен чыгып жаткан электр энергияны Өзбекстанга көз каранды болбой, өлкөбүздүн түндүк аймагына жеткирүүнү ойлонуп, ишке киришсек, азыркыдай абалга түшүп калмак эмеспиз. «Датка-Кемин» электр энергиясын өткөрүүчү линиясы 10 жыл мурун тартылып башташы керек эле.
Дагы бир чоң маселе. Өзбекстан Борбор Азиялык энергетикалык алкактан чыгабыз деп айта турган күндө деле «жайында сугат учурунда биз силерге сууну толугу менен бере албай калабыз» деп кыргыз бийлик өкүлдөрүнүн айтууга тили бурулбайт. Кыргызстандын энергетиктери ар үч ай сайын түрдүү иш-чара, жолугушууларга катышуу үчүн Өзбекстандын чакыруусу менен Ташкентке барып турушат. Ошондойдо биздикилердин бирөөсү да башын көтөрүп, «андай кылбагыла, мындай иштер болуп кетиши мүмкүн» деп айтууга батынбайт.
Гидроэнергетик Владимир Липкиндин айтымында, Чоң Наманган каналы Өзбекстанды гана эмес, Кыргызстандын да айдоо жерлерин сугарат. Үч-Коргон ГЭСи иштеши үчүн агымга канча суу келсе, анын баарын коё берип туруу керек.
«Өзбекстан энергетикалык алкактан чыгуу тууралуу расмий билдирүү жарыялаган жок. Эч кандай эскертүү да боло элек. Бизге мындай маалыматтар келип түшпөдү»,- деп «Улуттук электр тармактары» ААКсы коомчулукту жайгарууга жетишти.
Маалымат үчүн: Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жайгашкан Чоң Наманган каналына Үч-Коргон ГЭСинен секунд сайын 35 метр куб суу агып чыгып турат, ал суунун 30 метр кубун Өзбекстан пайдаланса, 5 метр кубу Кыргызстанда калат. Кыргыз жеринен башат алган канал Өзбекстанга кирип, кайра Кыргызстандын аймагын аралап өтүп, андан ары Наманганга агып кетет. Ал 1970-1979-жылдар аралыгында курулуп, каналдын узундугу 135 чакырымды түзөт. Союз учурунда канал Өзбекстан менен Кыргызстандагы
50 миң гектар кайрак айдоо жерин сугаруу үчүн курулган.
«ДАТКА-КЕМИН» БЫЙЫЛ ИШКЕ КИРИШИ МҮМКҮН
Кытайга болгон иш сапарда президент Алмазбек Атамбаев «Кыргызстан буга чейин пайдасы жок кредиттерди алып келген. Натыйжада же завод-фабрикадан жок, же акчадан жок, карыздар болсо мойнубузда кала берчү. Азыр биз ойлонулбаган карыздарды албайбыз. Кыргызстан үчүн эң керектүү иштерди бүтүрүү үчүн гана карыз алып жатабыз» деген эле. Мисал катары ажо «Датка-Кемин» электр өткөрүү линияларын ишке киргизүүнү, Түндүк-Түштүк альтернативдик жолун ишке берүүнү келтирген.
«Датка-Кеминди» курууга Кытай 389,8 миллион доллар насыя берген. Ал Өзбекстан менен Казакстандын көзүн карабай, Токтогул ГЭСинен чыккан токту өлкө ичинде таркатып тура алат. Жогоруда эксперттер белгилеп өткөндөй, кыргыз бийлиги бул аракеттерди эгемендүүлүккө ээ болгондо эле ойлонушу керек болчу. Ажолордун ичинен Алмазбек Атамбаев ушул маселени чечүүгө белсенди. Ал «чек ара боюнча талаш маселелерибиз бар коңшу өлкөдөн башка иштер боюнча көз каранды болбошубуз керек. Биз ушунун үстүнөн иштеп жатабыз» деген.
Маалымат үчүн: Борбор Азиядагы энергетикалык алкак Союз маалында курулуп, ал СССРдин 5 мамлекетин электр энергиясы менен камсыздоого багытталган. Шакекчеге Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан кирген. 2003-жылдын июнь айында бул системден Түркмөнстан, ал эми 2009-жылы Тажикстан чыгып кеткен.
Эльвира Караева,
Автандил Добулбеков
politika@super.kg