27-майдан бери Жогорку Кеңештин экс-төрагасы, депутат Ахматбек Келдибековдун жактоочулары тарабынан тосулуп турган Ош-Эркеч-Там жолу ачыла элек. Алай районунун жашоочулары буулган жолдун тилкесинен жөө басып өтүшүүдө. Бул стратегиялык мааниге ээ трасса аркылуу каттаган чоң жүк ташуучу унаалардын жол боюндагы кербени узарып жатат. Кытай жүк ташуучуларынын саны эле 300дөн ашкан. Мындан улам Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги 16-июнь күнү тосулган жолдо топтолгон унаалардын айдоочуларынын коопсуздугун камсыз кылып берүүнү жана бул маселени чечүү үчүн тиешелүү чараларды көрүүнү суранды.
17-июнда вице-премьер Абдырахман Маматалиев Ош облусуна иш сапары менен барып, Ахматбек Келдибековдун тарапташтары менен жолугушту. «Жолду бууп алгандарга карата күч аракеттери көрүлбөйт. Мурункудай радикалдуу талаптар айтылган жок жана жолду бошотуу керектигине алар өздөрү да макул болушту» деген вице-премьер менен кошо депутаттын жактоочулары Алайдан Бишкекке чогуу келишти. Борборго келишкен соң Абдырахман Маматалиев аларга: «Жолду ачсаңар гана премьер-министр Жоомарт Оторбаев силерди кабыл алат»,- деп билдирди. Ал эми жолду бууп алгандар бул шартка азырынча көнүшкөн жок. Алар өкмөт башчы менен президенттин кабыл алуусун талап кылуу менен «Ахматбек Келдибеков бошотулгандан кийин гана жол ачылат» дешти.
Жогорку Кеңеште «Ата Журт» фракциясы болсо кайрадан Ахматбек Келдибековду чет өлкөгө, Германияга дарыланууга жөнөтүүнү суранып жатышат. «Камакка алынгандан бери Келдибековго бир канча жолу операция жасалды. Анын дары-дармектерге аллергиясы бар. Андыктан Келдибековду Кыргызстанда дарылоо шарттары жок. Кайтып келбей коёт деп чочулабоо керек»,- деди фракциянын лидери Жылдызкан Жолдошова.
Эске салсак, ушул эле фракциядан экс-депутат Нурлан Сулаймановго «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, атүгүл 2014-жылдын 3-апрель күнү ага издөө жарыяланган. Нурлан Сулайманов Германияда жүрөгүнө операция жасатты деп айтылып, 2012-жылдан бери ал Кыргызстанга кайтып келе элек.
Эльвира Караева
politika@super.kg