«АЧЫК АЙТЫШ КЕРЕК, ДАВЫДОВ МӨҢГҮСҮН КОЛДОН ЧЫГАРЫП ИЙДИК»

Жогорку Кеңештин профилдик комитети 16-июнда «Мөңгүлөр тууралуу» мыйзам долбооруна байланыштуу макулдашуу тобун түзүү сунушун колдоду. 30-май күнү президент Алмазбек Атамбаев аталган мыйзам долбоорго «бюджеттин киреше бөлүгүн кыскартууга алып келет» деген негиз менен кол койбой, кайрадан парламенттин кароосуна жөнөткөн болчу.
«Макулдашуу тобунун мүчөлөрү 6-беренени алып салгыла деп чыгышса керек. Анда мөңгүлөрдү талкалоого алып келген иштерге тыюу салынат деп айтылат. Бирок мен бул берененин калышын жактайм, ал мыйзам долбоордун негизи, ансыз долбоордун өзү керексиз»,- деп билдирди мыйзам долбоордун демилгечилеринин бири депутат Эркингүл Иманкожоева. Өкмөт «бул документ геология менен алтын казып алуудагы бардык иштерди, анын ичинде «Кумтөрдү» да токтотот» деген аргументти карманууда. «Кумтөр» кенинде жайгашкан Давыдов мөңгүсүндө башында 700 миллион куб суу бар болчу, азыр 300 миллион кубга да жетпейт. Ачык эле моюнга алуу зарыл, биз бул мөңгүнү колдон чыгарып ийдик. Мыйзамдын демилгечилери сунуштагандай, азыр алтынды жер астынан казып алууга өтө албайбыз, анткени топурак кыртышы бошоңдоп калган, көчкү жүрүп кетүү тобокели бар»,- деди биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашев.

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Bexa9595
2014-06-23 17:28:23
эх супер инфо мен бул атака минерлерди паланчанин тукунчосу деп согот элем бирок туболук бандан корком да
+3
jaazira13
2014-06-23 21:07:36
негизи маселени кайрадан эле театр кылып атышат, жон иштеп аткан ишканага тийишпей эле коюшса болмок
0
Nurik.92A92B.
2014-06-24 04:35:58
Кыргыз элинин келечеги үчү жакшы көрүнүш болбоптур!!! экономика деп кыргыздын баалангыз байлыктарын сатуу туура эмес. Өлкө башында тургандар жеке бир бирикменин (компания) жактоочусу болуп жаткандыгы кол тийгиз байлыктарынан ажыраган элдин кыжырын келтирет!!!
0
lolo
2014-06-26 17:29:52
A4yk ele moiunga aluu zaryl, biz bul mongunu koldon 4ygaryp iydik degeni emenesi, beti joktor ((( Kusuru ursun satky4tardy!!!
0
№ 607, 20-июнь-26-июнь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан