Эркингүл Иманкожоева, Жогорку Кеңештин депутаты:«ЭЛГЕ КӨРҮНҮҮ ҮЧҮН СЫН АЙТКАНДАРДАН ЭМЕСМИН»

«Бейне» рубрикасынын төрүндө Жогорку Кеңештеги КСДПнын депутаты Эркингүл Иманкожоева конокто болду. «Табиятымдан бир мүнөзмүн, эки жүздүү адамдар менен тил табыша албаймын» деген депутат айым жеке жашоосу, бала чагы, үй-бүлөсү жөнүндө ой бөлүштү.

КААРМАН ТУУРАЛУУ

ИМАНКОЖОЕВА ЭРКИНГҮЛ БЕКБАЧАЕВНА
1966-жылдын 19-октябрында Ысык-Көл облусунун Чоң-Жаргылчак айылында төрөлгөн.
1989-жылы Ташкенттеги текстиль жана жеңил өнөр жай институтун аяктаган.
1989-92-жылдары СССРдин 60 жылдыгы трикотаждык фабрикасында инженер-технолог кызматтарын аркалаган.
1992-2002-жылдары Кыргыз-кытай тигүү цехинин жетекчиси.
2002-2010-жылдары «Карек» коомдук бирикмесинин президенти.
2010-жылы Убактылуу өкмөттүн идеология жана коомчулук менен байланыш бөлүмүн жетектеген.
2010-жылдын ноябрь айынан тарта ЖКнын КСДП фракциясынын депутаты. Бир уул, бир кыздын энеси.

«ТАЯТА, ТАЕНЕМДИН КОЛУНДА ӨСТҮМ»
– Сегиз бир тууганбыз. Төрт эркек жана төрт кыз. Менден улуу эжем жана агам бар. Калгандары инилерим менен сиңдилерим. Баары өз алдынча түтүн булатып кетишкен. Өзүм Жети-Өгүз районунун Чоң-Жаргылчак айылында төрөлгөм. Эс тартып калганда ата-энем таятам менен таенемдин колуна тапшырып, ошондон тарта Жети-Өгүздүн Дархан айылында чоңойдум. Мектептин босогосун дагы ушул айылдан аттап, ушул айылдан аяктадым.
Таятам менен таенем болушунча тиричиликке бышырышты. Уй саап, үй жыйнап, казан асып, аялзатына тиешелүү болгон иштердин баарын кынтыксыз аткарганга үйрөндүм. Мектепте да жакшы окуганга тырышып, жалаң бешке окубасам да, орто мектепти төрт аралашкан баалар менен аяктагам. Ал кезде күнү бою үй тиричилиги менен алектенип, сабак жазганга да убакыт жетпей калчу. Анан эптеп убакыт таап, түн бир оокумга чейин сабак даярдаганга туура келчү. Ушундан улам калыптанып калган сапатым мени бүгүн да жакшы ийгиликтерге жетелеп келүүдө.

«ОКУУГА БИРИНЧИ ТАПШЫРГАНЫМДА ӨТПӨЙ КАЛГАНМЫН»
– Мектепти аяктаган соң борборго келип, 1983-жылы институтка тапшырдым. Тилекке каршы, сынактан кулап калып, айылга кетүүгө туура келди. Байкасам, ансыз деле ата-энемдин абалы оор. Менден улуу эжем менен агам студент, сиңдилерим менен инилерим мектепте окушат. Атамдын алган айлыгы баарыбызга жетпейт. Ошондон улам иштеш керек болду. Анан жумуш издеп, тигүү фабрикасына ишке орноштум. Бир жыл иштеген соң кайрадан окуу жайга өтүүгө аракет кылып, Ташкенттеги институттун текстиль жана жеңил өнөр жай бөлүмүнө сынак тапшырдым. Жыйынтык мен күткөндөй болуп, аталган окуу жайга кабыл алындым.
Ошентип беш жыл Ташкенттен билим алдым. Окуп жүргөн кезде дагы бала бакчада пол жууп иштегем. Анан окууну аяктап, Кыргызстанга келген соң СССРдин 60 жылдыгы трикотаждык фабрикасында инженер-технолог катары эмгектене баштадым. Цех жетекчисине чейин жетип, турмуш курганга байланыштуу жумуштан бошодум.

«ҮЙ-БҮЛӨДӨГҮ МАСЕЛЕЛЕРДИ ЖОЛДОШУМ ЭКӨӨБҮЗ ЧЕЧЕБИЗ»
– Көлдүн келини болом. Жолдошум менен курбу кыздарым аркылуу таанышып калганбыз. Чогуу түтүн булатып келе жатканыбызга 20 жылдан ашуун убакыт өттү. Уулум Кыргыз-Орус Славян университетине тапшырып, өз күчү менен өтүп кетти. Кызым сегизинчи классты аяктады.
Жолдошум Украинадагы учкучтарды окутуучу Славянск училищесинде билим алган. Азыр Украинадагы окуяларды көрүп алып, «мен жүргөн жерлер талкаланып жатыптыр» деп кейип калат. Окууну бүтүп келген соң «Манас» аэропортуна жумушка орношуп, отуз жылдан бери ошол жерде жетекчилик кызматтардын биринде иштеп келет. Кандай маселе болбосун жолдошум экөөбүз чогуу кеңешип чечебиз.

«САЯСАТКА «КУМТӨР» МЕНЕН «КҮРӨШҮП» ЖҮРҮП КЕЛДИМ»
– Саясатка «Карек» аталыштагы бейөкмөт уюм түзүп, «Кумтөр» компаниясынан жабыр тарткандарга колдоо көрсөтүп жүрүп аралаштым. Ал аркылуу Барскоон авариясынан улам цианидден жабыркаган беш айылдын элине 4 миллион доллар өндүрүп бердик. Азыркыга чейин аталган компания менен соттошуп келе жатам.
«Каректе» иштеп жүрүп, «эмне үчүн «Кумтөр» компенсация төлөбөйт?» деп Ысык-Көл облусунун губернаторуна чейин кайрылдым. Алардын баары «мамлекеттик машинанын астында каласың, жөн жүрчү» деген таризде мамиле кылып жатышты. Ал кезде Эмил Каптагаев Жети-Өгүз районунун акими эле. Ал киши колдоо көрсөтүп, «Кумтөр» маселесине учуру келгенде кайрыларын билдирген. Ошондон тарта Эмилбек Саламатович менен тыгыз кызматташа баштап, «Улуу Биримдик» партиясына мүчө болдум. 2010-жылы КСДПнын тизмесине кошулуп, депутат болуп шайландым. Мындан улам айрым көрө албастар ар кандай ушактарды чыгарып, каралап жүрүштү.

– Аялзаты үчүн депутат болуу оор эмеспи?
– Депутат болуу үчүн таза жана принципиалдуу болуш керек. Болбосо элдин кызыкчылыгын коргой албайсың. Жеке менин өзүмдө бул сапаттар бар деп ойлоймун. Биринчиден, артымда эч кандай бизнесим жок. Экинчиден, премьер-министрби, вице-премьерби же министр болобу, туура эмес иш кылып жатса «туура эмес» деп эле ачык айтамын. Кээ бир депутаттарыбыздын бизнестери болгондуктан айрым иштерге келгенде ооз ачпай калышат. Себеби бир нерсе таап чыга калышабы деп чочулашат.

– Айрым жыйындарда кесиптештериңиз менен катуу айтышып кеткен учурларыңыз болот. Катуу айтып алдым деп кийин өкүнбөйсүзбү?
– Туура эмес айтып алсам, ушуну бекер жасадым деп өкүнгөн учурлар болот. Ал эми элге кайдигер мамиле жасап жаткан адамдарга катуу айткандан өкүнбөймүн. Трибунадан эл көрсүн үчүн бири-бирин катуу сындап, кайра чыккан соң кучакташа калган адамдардан эмесмин. Балким саясатчы үчүн бул мүнөзүм шайкеш келбеши мүмкүн, бирок ушул боюнча кете берсек, анда өнүгүшүбүз кыйын. Андыктан ачык айтканды үйрөнгөнүбүз оң.

– Башка мамлекеттерге чыкканда эмнеге көңүл бурасыз?
– Адегенде эле ошол мамлекеттин мыйзамдарына, экологиясына, жарандардын парламентке болгон мамилесине көңүл бөлөмүн. Кыргызстанда депутаттар иштебей эле, мамлекеттин акчасын чачып, чет өлкөлөп жүрүшөт деген пикир калыптанып калган. Жеке менде андай эмес. Депутат болуп шайлангандан тарта нечен ирет чет өлкөгө иш сапар менен чыксам деле, алардын биринде дагы мамлекеттин акчасын алган жокмун. Көпчүлүк учурда башка өлкөдөгү кесиптештерибиз тажрыйба алмашуу максатында өздөрү чакырышкандыктан, кеткен чыгымдын баарын өздөрү моюнуна алышат. Өнүккөн өлкөлөрдөн байкаганым, ал жактын парламентинин ишинин жеңилдиги. Себеби элдин баары жумуш менен камсыз болуп, саясатка көп деле көңүл бурушпайт экен. Биз дагы бир кезде ушундай деңгээлге жетебиз деген тилектемин.

– Азыркы тапта кайсы мыйзам долбоорлору боюнча иш алпарып жатасыз?
– Кыргыз Республикасынын «Мөңгүлөрү боюнча» мыйзам долбоорунун авторумун. Аталган мыйзам долбоору парламентте үч окуудан өтүп, президенттин кол коюусуна жиберилген эле. Президент бул мыйзамга каршы пикирин билдирип, «макулдашуу жумушчу тобу түзүлсүн» деп кайра артка кайтарды. Бирок президент макулдугун берет деген үмүттөмүн. Анткени мөңгүлөр кыргыз элинин байлыгы жана бактысы. Кыргызда сөз бар эмеспи «эл башы болгуча, суу башы бол» деген.

Жолдошу Моңолдор, уулу Бекболот жана кызы Тынара менен.

Болочок депутат бир тууган эжеси Бактыгүл жана агасы Беккубат менен.

Темирбек Матаев
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Коррупционер душмандарым көп" дейт депутат Эркингүл Иманкожоева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
jaazira13
2014-06-23 21:11:26
негизи кумтор менен куруошкондун баарыле ал ишканадан пара сурайт, качпы кеткен адамдар деле ошентип жашачуу, анан бир куну пара берилбей калганда маселен которуп башаташты деп ойлойм
0
istina
2014-06-23 21:29:29
эмнегедир ушул аялга ишенбейм,честная деле эмес,айылдаштрынын айтымында,караколдонмун

+1
matteraza
2014-06-24 00:35:15

Ишинизге йгилик жаш болсо да елге куйуп иш кыл
0
lolo
2014-06-26 17:21:12
Suilogonunuzgo jarawa iwteseniz jakwi bolto ele, elge jardamynyz tiymek!!!
0
lolo
2014-06-26 17:24:52
Super infonun jamaaty, Altyn 4oi4ok degenda altyn ken bargo, owol turaluda jazyp koiunuzdar4y, ar daiym ele kumtor bolup kele jatat. Murda Bakievder karma4u eken Altyn 4oi4oktu, azyr kim karait jana ak4asy emnege korotulat, kaiaka ketet degenim.
0
admin_portal
2014-06-26 17:28:22
lolo, Саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат!
0
Eliza-2014
2014-06-26 19:39:59
Ишинизге ийгилик эже, менин жердешим болот экенсиз
-1
aiposh
2014-06-28 18:16:32
суйлогон созуно жараша иш кылсан,ажылдагандан башканы билбейсин.
0
jaazira13
2014-06-30 17:09:38
жердеш болсо ле коррупционерлерге ийгилик каалаш керекпи?
0
№ 607, 20-июнь-26-июнь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан