Анжелика, ырчы: «СҮРӨТҮМ ТАРТЫЛГАН ТОРТТУ ЭЧ КИМГЕ БЕРБЕЙ ӨЗҮМ ЖЕДИМ»
Жайдын алгачкы айынын ортосунда кыргыз шоу-бизнесинин айрым белдүү өкүлдөрү жарыкка келген экен. Өздүк майрамын кантип белгилешти, назар салыңыздар.

Анжелика 12-июнда 25 жашка чыкты.
–11-июнда саат түнкү 12 болгондо эле апам телефон чалып, биринчи куттуктады. Анан жолдошум, кыздарым куттукташты. Эртең менен салондо, дүкөндө иштеген кесиптештерим менен майрамдадым. 12си болуп жаткандыктан туулган күнүмдү атайын «Караоке 12» клубунда сахналаштарым менен тостум.
7-8ге чакырылган конокторумдун баары саат 10до кирип келишти. Бирок маанай сонун, келген конокторумду кошуп бир ок менен эки коёнду атып флешмоб уюштуруп, «Бийле» деген ырымдын клибин тартып алдык. Мага жаккан белектердин бири курбуларым менин сүрөтүм түшүрүлгөн торт алып келишиптир. Торттогу өзүмдү эч кимге бербей өзүм жедим.

Сүйүн Откеев, режиссёр, продюсер:«ТУУЛГАН КҮНҮМДӨ КЕЗЕРИП АЧКА КАЛДЫМ»
Сүйүн 15-июнь күнү 34 жашка толду.
–Бул жылкы туулган күнүм унутулгус болду. Күнүм Нарын облусунун Ат-Башы районунда жайгашкан Таш-Рабатта Султан Садыралиевдин ырына клип тартуудан башталган. Таш-Рабат жердин түбүндө экен, ал жерге жетиш дагы бир топ кыйын турбайбы. Түштөнүү маалы болуп, сойгонго кой же козу таппай издеп жүрсөк, кээ бир кою барлар арык деп сатпай коюшту. Ошентип түштөнбөй да калдык.
Тартуу иштери аяктап, жолго чыгып, тамакты Нарын шаарынан жейбиз дедик. Бирок жолдо машинабыз бузулуп, көрбөгөн күндү көрдүк (күлүп). Ээн талаа, телефон тартпайт. Жаныбызда акча да жок. Болсо деле ээн талаада ишке жарамак эмес. Эптеп тааныштарыбыз менен байланышып, жүк ташуучу машина жиберишти. Ат-Башыдан машинабызды жүктөп жатсак жамгыр төгүп кирди. Андай катуу жамгырды быйыл биринчи жолу көрдүм. Ошентип кечке жуук жолго чыктык. Эстеп көрсөм, 1 жарым күн тамак жебептирбиз. Телефон тарткан жерден куттуктоолорго жооп берип коюп жаттым. Анан түн жарымда Бишкекке кирип келдик.

Канат Култаев, режиссёр, продюсер:«ЫЙЫК ЫСЫК-КӨЛҮБҮЗДӨН ТОСТУМ»
Канат 15-июнда 35 жашты багынтты.
–14-июнь «Култаев продакшн» командасынын туулган күнү эле. Ал күнү кесиптештер менен майрамдап алып, кечинде Ысык-Көлгө жол алганбыз. Ошентип өздүк майрамымды Көлдөн тостум. Кесиптештерим түрдүү сюрприздерди тартуулашты, таңкы саат 5те көлгө түштүк. Кыскасы, жагымдуу маанайда өттү, азыркыга чейин эле туулган күнүм уланып жатат.
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (35)
Отуп кеткен туулган кунунор менен! кандай болсода эсте калат тургандай тосупсуздар.Соонун!
Туулган кунду сонун белгиледик деп коюшатго мактанып бир жылга картайып бараткандарын сезишти бекен ошондо. Омур отуп жатат андан коро эртерээк намаз окуп калалы дешсего
Анжеликанын куйоосун эми коруп атам красавчик турбайбы.Убагында ушак кептен анча элестетпедим эле.Экоо пара экен.Бактылуу болушсун.
Койго акча бар болсо бирок койду албаса анан кантип акчасы жок калат. А эгер кой алса ии акчасы койго кетти башка акчасы жокчасы жок турбайбы демекпиз. Жалган айтканы билинип калыптыр.
Dinar87 - берилген эскертүүгө көңүл бөлбөстөн эрежени кайталап бузгандыгы үчүн 3 күнгө БАН!
Канат ака туулган кунунор менен куттуктайм.
Анжелика как всегда пиарщица. Кичине кезинде Айчурок эжекени колдонду эле, эми куйрук байлагандан баштап артистерди колдонуп жатат.
Амалдуу кыздын Амалын кара-дегендей. Уну жогу абдан окунучтуу. Куйоосу абдан красавчик окшойт. Бойлуу, келбеттуу, бири бирине топ келишкен. Бактылуу болушсун , озу дайыма жазгандай коз тийбесин-тьфу-тьфу..
деги эле ушу ырчыларга жыргал заман болду.туулган кун эмес уй буломду сагынып кусаболуп якутиянын чиркейине таланып алыста журом.
Ушу ырчыларга тан калам,кантип шан шоокоттон тажашпайт булар кудайды эстейби,ырдап чоордоп эле сайрандап эле журо беришеби,1 кун коноко барсан эртеси чарчаганын билинет.
Анжелика туулган кунун кут болсун ,омурун узун болсун ,бала чаканын сый урматына татып журо бер
Кимдин кимдин заманы - ырчы чоорчунун заманы болуп калды, тан калам Анжеликанын куйоосу кызганбайбы, кантип кондурот ушунун баарына куйоосун? Таластык тар аябай кызганчаак го? ( по себе знаю((((((((( )
Anjelikany ozu kaerde tutun 4yksa owerden korosunda, e4 jerden kalbayt, kuioosu jakwyken jibereberetken, bizge da master klass uirotup koi4u, meni e4 jaka jiberbeit kuioom ))))))))))
Урматту супер кж Анжеликадан интервью алсаныздар жакшы болмок,сураныч
Syuin sen Kirgistanga kachan ketting?? Seni bul jakta Gemanijada dagi ele jurso kerek dep jurgom.Okuungdy byttynby???Prodjusser ishteringe yuigilik!
Анжеликанын уйуно конокко барбайсыздарбы супер инфо.