Ырчы Сапар Эркебаевдын бакытка балкып турган кези. Анткени уулду болду. Бешик боо бек болсун деп ырчыга кайрылганыбызда, ал кубанычы менен мындайча бөлүштү. «15-июнда борбордогу төрөтканалардын биринде 3 жарым килограмм салмакта уулум жарыкка келди. Укканда бир жерге тура албай катуу толкундандым. Дароо эле ата-энеме, кайын журтка сүйүнчүлөдүм. Атын кайнатам Султан деп койду. Азыр жубайым менен балам кайын журтта. «Биз тыңыталы» деп төрөт үйүнөн чыгарып кетишкен»,- дейт ырчы жигит. Наристе келечекте кыргыздын бир бурчун чойгон мыкты жигиттерден болсун дейбиз.