ШУМАХЕР КОМАДАН ЧЫКТЫ

Атактуу автожарышчы, 45 жаштагы Михаэль Шумахер комадан чыгып, калыбына келтирүүчү борборго жөнөтүлдү. Спортчу мындан ары кайсы борбордо дарыланары тууралуу маалымат жок. Анткени анын жакындары эл көзүнөн алыс болуп турууну эп көрүшүүдө. Шумахердин расмий менеджери Сабина Кем анын комадан чыкканын ырастап, спортчуну дарылаган оорукананын бардык кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.
Эске салсак, Михаэль Шумахер 2013-жылы 29-декабрда Альпы тоолорунда лыжа тээп жүрүп жолдон чыгып кеткен. Натыйжада спортчунун баш мээси жаракат алып, тик учак менен Гренобль шаарындагы ооруканага жеткирилген.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
KUMU89
2014-06-24 02:09:45
Олуптур миш болуп кетти элего? Жакшы болуптур.
0
aza.kg007
2014-06-24 16:55:56
Мм жаны пышык экенда
0
lolo
2014-06-26 16:55:57
aza.kg007 pywyk emes bywyk bolot!!! Tik u4ak menen jetkiriliptirda, ak4asy bar aman kaldy baikuw
0
№ 607, 20-июнь-26-июнь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан