АННА СЕДОКОВА КИМДИН ҮЙ-БҮЛӨСҮН БУЗДУ?

«Виа Гра» тобунун экс-мүчөсү Анна Седокова ызы-чуунун үстүндө. Ага ырчынын жигити, украиналык бийчи, Аннанын бир нече клиптеринин көркүн ачкан мырза Сергей Гуманюк күнөөлүү. Сергей жубайы, украиналык модель Таня Рубанды жана экөөнүн ортосундагы уулун таштап Аннанын артынан ээрчип кеткени ырчыны далай жаман кепке калтырды. Дайыма «үй-бүлө баарынан ыйык» деген сөздү оозунан түшүрбөгөн ырчы айымдын бирөөнүн үй-бүлөсүн бузганы элге өөн учуроодо. Анын үстүнө Сергейдин жубайы Таня ММКларга «жолдошум экөөбүздүн ажырашуубузга Анна күнөөлүү» деп айтып, ырчы айымдын абийирин айрандай төккөн.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
bektursun2010
2014-06-23 09:14:33
шайтан азгырган го баланы
0
Ema_nookat
2014-06-23 09:44:46
Бул нерселерге тан калуунун кереги жок, жашоодо ар кандай окуялар боло берет эмеспи. Ыйман, ынсап берсин баарыбызга.
0
zoiy_asad2014
2014-06-23 10:01:29
ОЗУ бунун обоу жок мактана эле берет такыр жакпайт
0
momuntay
2014-06-23 10:47:31
Аннанын эри урат имиш коздору шишип ыйлап эле журчуле го. Эми минтип бир уй булонун комкорчусун илип алган го
0
jalgyzdyk
2014-06-23 13:08:03
Аннанын жолдошу максим башканы тандап алдыго жакында эле Холостяк деген шоудон. мария деген таптатынакай жаш кызды ичи орттонуп кеттиго
0
Kanul990
2014-06-23 14:53:28
jalgyzdyk, Апееей ошо Максим жолдошу беле???жалко болуптургоо
0
wwwww
2014-06-23 13:09:01
Качан ырчылар жакшы катын болчу эле
0
Aikoo2014
2014-06-23 13:59:25
Аман эле болушсун ошол.
0
abaychik
2014-06-23 14:07:26
Такыр жакпайт.
+2
aida2013
2014-06-24 02:23:14
эмне болсо да бар болгула!
0
insap
2014-06-27 19:17:00
Kuday saktasen vy-bvlo buzgunchularenan!...
0
Gulzada91
2014-06-27 22:41:09
Кунаажын козун сузбосо ,бука жибин узбойт да ошо экоосунун ортосунда бир нерсе бар го.
0
№ 607, 20-июнь-26-июнь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан