СООДА БОРБОРЛОРУНУН АНАЛИТИКАЛЫК САЛЫШТЫРМАСЫ

Жалпы журт колдонуп жаткан заманбап буюм-тайым рыногунда жыл сайын өз кызматын сунуштагандар көбөйүп жатат. Бирок аны менен товардын жана колдонуучулардын саны өзгөрбөйт. Андыктан сатып алуучу жайдын туура тандалышы кардар үчүн өтө маанилүү. Себеби товардын баасы менен сатылуучу жайдын гана айырмасы болбосо, келип чыгуусу жана сапаты окшош эле.
Бул боюнча «Greenhouse» консалтинг компаниясынын адистери тарабынан жергиликтүү рынокторду изилдөө жүргүзүлдү. Алардын тапшырмасы кайсы жерде товар сатып алуу ыңгайлуу экендигин далилдөө болчу. Алар атайын Бишкектин көпчүлүк соода борборлорунда кездешчү товарлардын тизмесин түзүшкөн. Тизмеге тиричилик техникалары (сыналгы, муздаткыч, чайнек, үтүк жана башка), кийим-кечек жана эмеректер киргизилген. Аталган буюмдардын баасын салыштыруу үчүн бир нече соода борборлорунда байкаштыруу жүргүзүлгөн. Алардын катарында:

– «Дордой» базары,
– «Таатан»,
– «Мегакомфорт»,
– «Дордой Плаза»,
– «Табылга» соода борборлору бар.

Салыштыруунун жыйынтыгы төмөндөгү графикте көрсөтүлгөн:
Бул диаграммада көрсөтүлгөндөй, товарларга коюлган баалардын чоң айырмасы бар экен. Адистер тизмеге киргизилген товарлардын эң арзандарын «Дордой» базарынан жана
«Табылга» соода борборунан кезиктиришкен.
Кээ бир товарлардын баасы «Табылга» соода борборунда арзаныраак дагы экен, кээ бири кымбатыраак. Шаарыбыздагы жалгыз гана соода борборунда буюм-тайымдардын баалары «Дордойдогудай» экени албетте таң калтырат.
Бирок мунун да себеби бар. Рынокто толугу менен өз ордун тапкан «Дордой Плаза» жана «Мегакомфорт» соода борборлоруна салыштырмалуу «Табылга» Кыргызстандын рыногунда пайда болгонуна аз эле болду. Андыктан аталган соода борборунун жетекчилиги ижаранын акысын төмөн баада кылууга муктаж, себеби ал товардын баасынын төмөн болушуна түрткү болот. Анын үстүнө тез-тезден түрдүү акцияларды өткөрүп турууга мүмкүнчүлүктөр да пайда болот.
Толгон токой элдин арасында, контейнерлерди аралап жүрө турган базарларга салыштырмалуу аларда жер астындагы унаа токтотуучу жай, кондиционер, туалет бардыгынан улам көпчүлүк буюм-тайымды соода борборлордон сатып алууну ыңгайлуу көрүшөт. Ошондуктан соода борборлорундагы өтө бийик баалар кардарлардын азайышына алып барбайт. Себеби акыркы жылдары Кыргызстандын жарандары өзүнүн ыңгайына өтө кылдаттык менен мамиле жасап калышкан жана жеке ыңгайы үчүн канча акча болсо да төлөөгө макул.
Ага карабай көпчүлүк кардарлар мындай мүмкүнчүлүккө ээ эмес. Ошондуктан алар керектүү нерселерин базардан сатып алууга муктаж болушат.
«Greenhouse» консалтинг компаниясынын кеңешчилеринин жыйынтыгы боюнча шаардагы эң арзан баалар «Дордой» базарында кездешет. А соода борборлорунда буюм-тайымдын кымбат баада экенине жараша ыңгайлуу тейлөөдөн ырахат алуу мүмкүнчүлүгү туулат.
Бирок баары бир шаарда кардарлар «Дордойдогудай» арзан баадагы товарды таап, ыңгайлуу тейлөө жана комфорттон ырахат алчу соода борборлору бар экендиги кубандырат. Алардын катарына биз «Табылга» соода борборун киргизе алабыз. Бул жерде арзан баа жана дайыма өткөрүлчү түрдүү акциялардын жыйынтыгында жетекчилик өзүнө туруктуу кардарларды топтоого аракет кылышууда.
Албетте, кардар ыңгайлуулукпу же арзан баабы, өзү тандап алат. Өзүңүз тандаңыз жана эч качан жаңы соода жайларынан буюм сатып алуудан коркпоңуз.

Александр Жиглов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
bai.kymbat
2014-06-23 10:51:07
мебель саткан магазиндердин сайттарын билсениздер жазып коесуздарбы? интернеттен карап баасын билип алганга.
0
aku
2014-06-23 13:41:21
Берекет гранд кошулбай калыптыр.ошол жакта да быт.техника арзан экен го.
0
asiret
2014-06-27 14:26:59
Бул макала рекламанын жаны туру болуп калыптыр
0
№ 607, 20-июнь-26-июнь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан