ҮЧ КУРБУ (сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

– Биздин сулуу дагы кимдин жүрөгүн багынтканга камданып жатат?
Күзгүнүн алдында отурган Назикти ымдап көрсөтүп, Жанара тамашалай мага көз кысты.
– Азамат бүгүн кафеге чакырган. Баса, силер дагы мени менен барып келбейсиңерби, ал эки досу менен келет. Биз үч курбубуз деп айткан элем.
– Биз үчүн өзүң эле чечип койдуң беле? Анда эмнеге сурап жатасың?
– Силер чакырбасам деле баары бир барасыңар да, анткени курсагыңар ачып, араң эле турбайсыңарбы?
– Тим эле кара муну, курсагыбыз ачса эле сенин жигиттериң келсе чуркап кетебизби?
Жанара Назиктин жасалгалап жаткан чачын уйпалай бузуп, экөө түртүшүп ойноп кетишти.
– Ой, чачымды бузба дейм, Жанара...
– Баян, жардамга...
Алардын оюнуна мен да кошулдум. Кээде ушинтип жулмалашып ойноп калмай адатыбыз бар эле, үчөөбүз үч жерге энтигип чарчап жатып калдык. Адатта мындай учурда жүрөк түпкүрүндөгү сырларыбызды айтып алмайыбыз бар.
– Кыздар, балким, мен бүгүн тагдырымды жолуктурам,- деди Назик эмнегедир.
– Калың капчыгы менен дечи?..- деди Жанара бырс күлүп.
– Эмне экен, ооба, калың капчыгы менен. Шаарда бир нече үйү болсо, куурчактай жасантып алып жанында алып жүрсө...
– А мен ошонун баарына өз күчүм менен жетем. Билесиңер го, мен бирөөнүн көлөкөсүндө кала албайм. Менде байлык, бийлик, атак-даңк, баары болот.
Көпкө унчукпай калдык, бир маалда Жанара мени капталга нукуду.
– А сенчи?
– Менин кыялым силердикиндей ар түстүү эмес, кыздар. Мен өзүм ишенген, карапайым, мени сүйгөн жигитке турмушка чыксам болду. Шаардыкпы же айылдыкпы мааниси жок
Аябай көп балдарым болсо дейм. Бири-бирине коёндой окшош эгиздерим болсо... Күйөөм менен тынчтыкта, ынтымакта жашасак болду. Ашыкча байлык же бийликти деле көксөбөйм.
– Кокуй ой, мен сенден өзгөчө бир нерсе күтсө,- Жанара жактырбай кабагын түйдү.
– Фантазияң укмуш экен, элестеттим, биздин Баян айылда 5 баланын энеси болуп, бирине бирин жетелештирип алып жүргөнүн...- деди Назик кыткылыктай.
Өзүмдүн жупуну кыялым үчүн уялгам ошондо. Бирок мен жашоомду так ушундай элестетчүмүн. Кай бири ойлошу мүмкүн, ким байлыкты, бийликти көксөбөсүн деп, бирок мен чын эле атам менен апамдыкындай жайлуу, жөнөкөй турмуш каалачумун. Алардай бири-бирине чексиз ишенген, чексиз сүйүшкөн, ысык-суукка чыдашкан жубайлар болгум келген. Менин алган тарбиям, билген дүйнө таанымым, жашоону кабыл алуум ошондой эле. Ошол күнү Жараткан биздин кыялдарыбызды алмаштырып койгонбу деп да ойлоп калам. Мен Кыргызстандагы алдыңкы бай адамдын жубайы болуп калам деп анда үч уктасам түшүмө кирген эмес.
Баса, ошол күнкү кечени айтып келе жатпадым беле. Ошентип жасанып алып жөнөп калдык. Кафеде чын эле үч жигит күтүп отурушуптур. Бири Азамат, ал Назикке жаккысы келип жүргөн жигит эле. Жанында эки досу бар экен, бири сымбаттуу, кара торусунан келген сүрдүү жигит, экинчиси жайдары күлгөн сары жигит экен. Саламдашып, жайгашып отура бергенибизде мени тике тиктеп турган көздөргө туш болдум. Кара торусу тиктеп турган экен. Курч, таамай караган көз караштан денем дүр дей түшүп, көзүмдү качыра бердим. Ал болсо мени сынай тиктеп, көзүн албайт. Азамат болсо Назиктен көзүн албай чебелектейт, ал тургай бизди достору менен тааныштырганды да унутуп койду.
– Азамат досум бүгүн толкунданып турат, биз өзүбүз тааныша берели, карындаштар.
Маңдайымда отурган жигит акырын үн катты. Коңур үнү жанга жагымдуу экен, башымды көтөрө калып, дагы деле эки көзү теше тиктеп турганын сездим.
– Дастан,- деди ал колун суна берип.
– Баян.
– Дастан жана Баян... Ысымдарыбыздын мааниси окшош экен...
Өзүнө өтө ишенимдүү, курч, токтоо... Биринчи эле ушинтип ойлодум. Кийинки сары жигит да колун берип атын айтты. Бир көргөндө сүйүп калдым деп деле ойлобойм, бирок бир туңгуюк сезим пайда болду. Коркунучпу же кызыгуубу билбейм. Дастандын өзүнө баш ийдирип ала турган, өзүнө тарта турган бир күчү бар экен. Келбеттүү, буудай ыраң болгон кадимки эле кыргыздын жигити.
– Баян, сен такыр эле эч нерсе жебедиң го, үйдө тамак жок, бул жакка курсак тойгузуу үчүн келгенибизди унутпа...
Ушинтип кулагыма шыбырай берген Жанаранын сөзүнө айла жок күлүп жибердим. Менин бир күлүп алсам токтобогон адатым бар эле. Бир топко чейин күлдүм. Мени кызыгуу менен тиктеп турган Дастанды көрүп шак токтодум.
– Сенден көзүн албай калды такыр эле,- деди Жанара дагы шыбырай.
– Койчу, чын элеби?
– Сенде эмне керемет бар билбейм курбум, бирок эркектер сени көргөндө такыр шилекейи агып калат. Көп жолу байкадым го, Назикче жасанып-түзөнүп алсаң, такыр эле бир үйүр жигит ээрчип алса керек.
Жанаранын сөздөрүнөн биринчи жолу ич күйдүүлүктү байкадым. Жаман боло түштүм, анткени ортобуздагы Эмир деген жара али бүтөлө элек болчу. Өзүмдү күнөөлүү сезип, башым шылкыя түштү. Бул чөйрөдөн кеткенге шаша баштадым. Назиктин азыр кете турган ою жок эле, Жанара болсо кечки жумушуна шашып жаткан. Аны сары жигит жеткирип келе турган болуп, Назик менен Азамат бийлеп жүрүштү. Мен сүрдүү таанышым менен калганга аргасыз болдум.
– Баян, атыңды ким койгон?
– Атам койгон.
– Сен эмне, менден коркуп турасыңбы?
– Жок, болгону үйгө кетишим керек эле...
Антип айтканым менен чын эле үнүм дирилдеп сүрдөп турдум. Дастан мени ошол күнү жеткирип койду. Ийинимен жылуу кармап, эркелете башын ийкеп койгону болбосо, эч кандай жактырып калгандай ишарат болгон жок. Мен артынан узата тиктеп кала бердим. Дале болсо ийинимде жылуу кармап, эски тааныштардай силкип койгон колунун мээрими калгандай... Биз ушинтип жолуккан элек. Жашообуздун бүктөмдөрүндө калган ушул элес анын жүрөгүндө калды бекен? Менчелик ошол элестерге байланып, унута албай кыйналды бекен? Унуткум келген сайын кымбат нерсени жоготуп алчудай калтыраганымды сезди бекен? Ар бир учурубузду мендей болуп жүрөгүнөн өткөрө алат болду бекен? Мага ушу кезге чейин табышмак.
Кезигүүнүн эртеси эч нерсе болбогондой баарыбыз күнүмдүк жумуштарыбыз менен алек элек. Сабак окуп отурсам Назик аста үн катты.
– Баян, Азамат сага жактыбы?
– Мага жакканынын эмне кереги бар, сага жакса болду да,- дедим тамашалай.
– Чоңдун баласы, алдыңкы университетте окуйт, келечектеги дипломат, машинасын көрдүңбү?
– Жок, байкаган жокмун.
Азаматтын машинасынын кандай экенин чын эле байкабаптырмын.
– Мени модель кылам, тааныштарым бар деди. Сени дүйнөлүк аренага алып чыкканга да күчүм жетет деди. Мен Азаматтын сунушун кабыл алат окшойм.
– А сен аны сүйөсүңбү?
– Азырынча сүйбөйм, бирок кийин сүйүп кетсем керек..

(Уландысы кийинки санда)

Асия Алиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (25)
Aalam-meikin
2014-06-23 14:31:19
Баян Назик арзуу кылгандай байдын аялы,Назик болсо Жанара айткандай оз кучу менен жакшы ийгиликтерге жетип,ал эми Жанара карапайым бактылуу коп балалуу тын суйуктуу жар эне болот окшойт.Алмашып калуусуна карагандаа
0
Aikoo2014
2014-06-23 20:50:56
Баарын чогултуп бугун окуп чыктым. Аябай соонун жазылыптыр,суроттолгонучу тим эле укмуш. Чыдамсыздык менен бир жума кутобуз эми
0
Robia
2014-06-23 20:56:14
Азаматка турмушка чыгат менинче кыргызым
+1
rozka
2014-06-23 22:58:40
Мм аябай кызыктуу кооп коптон жазгылачы дагы мне болот деп эми кутмоойй
0
beautykyrgyz
2014-06-24 11:44:55
кызыктуу экен абдан
0
biyke-2013
2014-06-24 12:07:51
кутуу жана кутуу.Менимче Назикти жон эле колдонуп акча жебесе болгону ортодо Азаматы.анткени бай адамдар жон жерден бай бп калбайт да.Кызык бул жагы аябай....
0
sezim1111
2014-06-24 12:23:04
Эмир эмне болот ыя, ошентип Дастанды суйуп кетебереби...
0
paradise1191
2014-06-24 13:15:02
Сериал окубай эле, коргондой сезилип жатат... Соонун суроттолуптур. Укмуш+
0
nuraiko
2014-06-24 17:09:41
nege baary bailyka kyzygywat?
0
Bilal2013
2014-06-24 23:12:04
мен ар дайым кайсы чыгарманы окубайын озум жургондой элестетип окуйм))
0
snegurochka11
2014-06-25 19:04:05
Киносун коргондой окудум го элестетип))Аябай жакты!☆☆☆
0
anya
2014-06-27 16:31:58
Бардык адамдар деле ошондой элестетип окушат себеби чыгарманы терен тушунуш учун элестетип кетет, мен дагы ушундаймын психологдон сурасам кабатыр болбо бул деген кызыгууну жараткан каалоон деген эле.
0
Mamalashka_2013
2014-06-27 17:18:35
Кызыктуу жерине келгенде бутуп калды.Эми 1 жума кутуу керек....
0
Karina.97
2014-06-28 01:40:18
Бир жума кутуш керек:-(:-(
0
nuri_jan
2014-07-21 10:04:18
Достор,балким китептин озу сатылып калбасын эмне болсо дагы изденуу керек.......
0
№ 607, 20-июнь-26-июнь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан