ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (23-июндан 29-июнга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Дүйшөмбүдө ашыкча активдүү болуп, сын айтып, чөйрөдөгүлөрдүн жинине тийбөө кажет. Шейшембиде кайсы идеяны ишке реалдуу ашырууга болорлугу такталат. Шейшембиде атаандаштар пайдалуу сүйлөшүү жүргүзүүңүзгө же келишим түзүүңүзгө бут тосушат. Жекшемби таарынышкан адамыңыз менен жарашууга ыңгайлуу күн.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптада ден соолукка кам көрүп, күндө көп жүрбөө, муздакты көп ичпөө зарыл. Бирөөлөргө ишенип буюм, акча берүүнүн кереги жок. Кайтарып алуу кыйынга турат. Бейшембиде жакшы адамдардан кеңеш угуп, жума күнү күтүүсүз жерден белектүү болууңуз мүмкүн. Дем алыш күнү өз колуңуз менен бир нерселерди жасап, үйдөгүлөрдү кубантасыз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптада жакшы ойлонулбай жасалган иш өкүнүүгө алып келерин эске алыңыз. Жумшак болуп, эл эмнени айтса эле макул дебей, жок дегенди да үйрөнүңүз. Эс алууга барганда, бийиктиктен кулап же сууга түшүп кетүүдөн сак болуу кажет. Апта ортосунда кызгануудан улам чырдын чыгышына себепкер болууңуз ыктымал. Апта акырында кыймылсыз мүлк маселеси менен чуркайсыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Дүйшөмбүдө отко, ысык сууга күйүп калуудан сак болуңуз. Шейшембиде акча алмаштыруу, бир жакка көчүү опурталдуу. Бейшембиде оор маселе жаралат, убара тартпаңыз, убакыттын өтүшү менен өзү чечилет. Жума күнү пайдалуу маалыматты илип калууга жетишиңиз. Жекшембиде жашооңузга өзгөртүү киргизүү керек экендигин сездирүүчү окуя чыгат.

АРСТАН (23.07-23.08)
Шейшембиде иштер боюнча кыска мөөнөткө башка шаар же айылга барып келүүңүз мүмкүн. Шаршембиде сизге жагымсыз адамдар тынчыңызды алат. Бейшембиде балдарга байланыштуу иштер менен чуркайсыз. Жума күнү коңшулар менен чогуу бир иштерди бүткөрөсүздөр. Апта аягындагы эс алуу жакшы маанай тартуулайт.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Аптада иште ката кетирбөө керек. Болбосо кайрадан иштеп, убара тартасыз. Жашыруун сырды, долбоорлорду ачыкка чыгарбаңыз, башкалар колдонуп кетишет. Бейшембиде мойнуңузга бир нече иш жүктөлөт. Жума күнү жашоого башкача көз менен кароого түрткү берчү окуяга кез келесиз. Жекшембиде эски нерселерди бузуп, оңдоо иштери убактыңызды алат.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптанын башында чачтарачка баш бакпай эле коюңуз, бекер маанайыңыз бузулат. Апта ортосунда сезимдерди ачык билдирүү жакшы жыйынтык алып келбейт, коё туруңуз. Апта аягында коноктордун келиши күтүлүүдө. Ошондой эле кайсы бир документти издеп убараланасыз.


ЧАЯН (24.10-22.11)
Дүйшөмбүдө эмоциянын арты менен туура эмес кылык-жорук жасап жибербөө зарыл. Шейшембиде эмгегиңиздин акыбети кайтып, акчалуу болосуз. Бейшембиде сапатсыз тамак-аш жеп алуудан сак болуңуз. Жума күнү сизди көптөн бери көрүшө элек достордун чөйрөсү күтөт. Ишембиде мүлктү же акчаны туура бөлүштүрүү керектелет.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Шейшембиде мамлекеттик мекемелерге тиешелүү ишиңиз ийгиликтүү чечилет. Шаршембиде акчага байланыштуу ишти бирөөлөргө тапшырып койсоңуз, чыгаша тартып каласыз. Бейшембиде жетекчилик менен айтышуу иштен кетүүгө жеткирерин эске алыңыз. Жекшембиде карызыңызды кайтарышат.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Дүйшөмбүдө баамчыл болбосоңуз, кимдир бирөөлөр алдап кетиши мүмкүн. Шейшембиде карасанатай адамдар сизди жаманатты кылууга аракет кылышат. Шаршембиде кийин сизге тирек болчу адамды кездештиресиз. Ишембиде бирөөлөрдүн айтканы боюнча эмес, акылыңыз менен иш кылуу сунушталат. Жекшембиде конокко барууңуз ыктымал.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Дүйшөмбүдө жаракатка кабылбоо үчүн эл көп жүргөн жерде этияттык керектелет. Шаршембиде дача же жер тилкесин сатып алуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүүңүз мүмкүн. Бейшембиде бир кырдаалдан улам иштен кетүү же кетпөө маселеси ойлондурат. Жума күнү жакын адамыңыз үчүн да чечим чыгаруу зарылчылыгы жаралат. Жекшемби активдүү эс алууга ылайыктуу.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Аптада алдамчылыкка барбоо сунушталат. Кесепети өзүңүзгө катуу тиет. Шаршембиде акча үчүн бирөөлөр менен чатакташууңуз ыктымал. Жума күнү сизди узакка күттүргөн кабар келет. Ишемби достукту бекемдөөгө, өз ара түшүнүшүүгө ылайыктуу. Жекшембиде дарегиңизге айтылган сөздөргө теригүүнүн кереги жок.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 607, 20-июнь-26-июнь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан