Тарыхый инсан, мамлекеттик ишмер, Алай ханышасы Курманжан датканын басып өткөн жолу тууралуу тарыхый тасма тартылып бүтүп, 31-август – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата элге тартууланмакчы болуп турат. Көп жылдан бери атактуу инсандардын баскан жолун, тагдырын баяндаган тарыхый тасма кыргыз киносунда жарала элек болчу. Тартуу иштери эки жылга созулган масштабдуу «Курманжан датка» тасмасынын артында кандай кызыктар болду, кандай кыйынчылык жана тоскоолдуктарга учурады? Мына ушул темада тасманын жаратуучулары менен кенен кеп курдук.
Садык Шер-Нияз, тасманын режиссёру:«АБА ЫРАЙЫ КӨП ТОСКООЛДУК ЖАРАТТЫ»
– Садык мырза, айтсаңыз, Курманжан датка тууралуу тарыхый тасма тартуу идеясы кимге таандык?
– Фильмди тартуу оюн алгач депутат Жылдыз Жолдошева билдирген. Идеяны мен иштеп чыгып, Бакыт Турдубаев кагазга түшүрүп, Султан Раев үстүнөн карап чыкты.
– Адатта тарыхый чыгармаларды кино кылып тартканда эл тарабынан көп сынга кабылчу эле. Сизде тасма элге жакпай калабы деген чочулоо болгон жокпу?
– Албетте, тарыхты тасмага түшүргөн чоң жоопкерчилик. Андыктан чочулоо болгон. Негизи, фильм начар тартылса терс пикир болот да. Эгер көркөмдүк жагынан режиссёр оюн бере алса, ал тасманын башка кемчиликтерин жаап кетет. «Курманжан датканы» 100дөн ашык киночулар, коомдун белгилүү өкүлдөрү көрүп чыгышты, алар жакшы гана пикирлерин айтышууда.
– Тасма май айында көрсөтүлмөкчү болуп, кайра токтоп калышына эмне себеп болду?
– Тасманы тартуу иштери план боюнча майда эле бүткөн. Үн жаздырууга келгенде токтоп калдык. Анткени бизде үн жазган адистер дээрлик калбаптыр. Бюджеттен композиторлорго 150 миң сомдун тегерегинде акча бөлүнгөн эле. Бул акчага эч ким иштегиси келген жок. Аларды да түшүнөм. Оригиналдуу музыканы 2 саатка ылайыктап жазыш оңой эмес. Ошол боюнча бир аз такалып, аларга төлөнө турган акчаны көтөрүп бермекчи болуп, кайра жумушубузду уланттык.
– Актёрлорду кандай негизде тандадыңыздар?
– Башкы ролго Кыргызстанда болгон актёр-актрисаларды көрдүк. Алымбектин башын алган Чотон деген баш кесердин ролун баштан эле манасчы Рысбек Жумабаев ойнойт деп чечип койгонбуз. Анткени анын өңү-түсү терс каармандарга жакын.
– Декорация, костюмдарды тандоо деле мүшкүл иш болсо керек?
– Ооба, бул жерде сүрөтчү менен костюмердин эмгеги зор. Декорация жагын Жамал Кожакметов баштаган атайын сүрөтчүлөр тобу колго алышты. Алар Ферганадагы базар болобу, Кокон хан сарайыбы, датканын конушу болобу, баарын жасап чыгышты. Азыркы күндө мурунку согуш шаймандары жок болгондуктан мылтык, кылыч, жаа, жебе, замбиректер да колго жасалган. Ал эми костюмдардын айрымдарын Ош, Бишкек, Нарын, Ысык-Көл театрларынан сурап алдык.
– Тасманы Бухарадан тартууга өзбектер уруксат беришпептир. Бул жагдай кандай чечилди?
– Өзбекстанга суранычыбызды жөнөткөнбүз, жообун көпкө күтүп калдык. Анан эл арасында «тасма тартылбайт экен, съёмка токтотулуптур» деген кептер тарап кетпеши үчүн пландалган убакытта Кыргызстанда эле тартып салдык. Уруксат бербегени жакшы болуптур, 4-5 миллион сом үнөмдөп калдык.
– Тасма тартууда кандай тоскоолдуктар болду?
– Эң чоң тоскоолдук деп аба ырайынын өзгөрүшүн айтар элем. Бир эпизодду тоодо тартып баштасаң эртең менен күн ачык, жарымына келгенде бүркөлүп калат. Андай учурда же андан ары улантыш, же кайра башынан баштоо керек. Анткени жарык боюнча туура эмес болуп калат. Же күн ачыкта, же бүркөктө тартарыбызды билбей абдан кыйналдык. Анын үстүнө ат минип келгендерди, жөө жүргөн кишилерди топтоп алабыз. Бардыгы 300гө жакын адам болсо, күнүнө 300-500 миң сом сарпталат. Чыгармачыл жактан эмес, тыйын жактан ушундай жагымсыз жагдайлар жаралып жатты. Массовка менен тартканда бир күндө 700 миң, миллион сомго чейин кетет. Эми ойлосоңуз, 2 күндүк съёмкалар аягына чыкпай, кайрадан тартылганда канча каражат кетерин.
– Түшүнүктүү. Тасма үчүн алыстан жолборсту да алып келген экенсиздер?
– Ооба, бизге үйрөтүлгөн жолборс керек болчу, зоопарктагылар жарабайт экен. Издештирип отуруп үйрөтүлгөнүн Москвадан таптык. Жолборсту тасмага тартуу үчүн Кыргызстанда өткөргөн бир жумалык баасын 1 миллионго бааладык. Анын машакаты да күч экен. Алгач ветеринардык жактан толгон-токой документтерди толтурдук. Алдын ала атайын адистер келип, тартылуучу жерлерди көрүп, тартып кетишти. Жолборсту алып келгенде да атайын учакта орун даярдап, эки киши коштоп келди. Жолборсту Орто-Сай айылындагы тоодон тартып, анын тегерегинде 1 чакырым радиуста мал кирип кетпесин деп кишилер карап турушту. Алгачкы жолу фильмде жолборсту каргысы жок (намордник) биз тарттык.
Фархад Бекманбетов, тасманын продюсери:«МАССОВКАНЫ ЧОГУЛТУУ КЫЙЫН БОЛДУ»
– Фархад мырза, ар бир иштин ийгилигине жараша түйшүгү да болот. Көп кыйынчылыктарга туш болдуңуздарбы?
– Негизи, «Курманжан датка» Кыргызстандын тарыхындагы көп сумма сарпталып, мамлекеттин тапшырмасынын негизинде тартылган алгачкы тасма. Ошого жараша фильмге көп киши катышып, көп эмгекти талап кылды. Өзгөчө массовканы топтоодо кыйынчылыктар туулду. Эң көп адамды Алай районундагы Мурдаш капчыгайына чогулттук. Анда 800 киши болсо, анын ичинен 100 киши өзүбүздүн чыгармачыл топтогулар. Массовкага Алай районундагы аскер бөлүгүн, Гүлчөдөгү кесиптик окуу жайынын студенттерин, кошумча айыл-айылдан жергиликтүү жашоочуларды чогулттук.
– Фильмдин декорациясына, костюмдарына канча сумма жумшалды?
– 200 жыл илгерки орустардын штабын курууга 1,5 миллион сом кетти. Өзбекстан Бухарада тартылуучу эпизоддорго макулдугун бербегенден кийин, Кокон хан сарайын Кыргызстанда эле 2 миллион сомго жасадык. Мындан сырткары костюмдарды алсак, Алымбек датканын бир эле суусар тебетейи 20 миң сомго даярдалды. Ошол мезгилге таандык күмүштөн жасалган кемер кур, чачпак сыяктуу буюмдардын айрымдарын сатып алып жаттык.
АКТЁРЛОР ФИЛЬМ ТУУРАЛУУ
Азиз Мурадиллаев:
– «Курманжан датка» тарыхый фильмине жүргүзүлүп жаткан тандоого акыркылардан болуп бардым. Мени чыгармачыл топ дароо эле видеосынакка алып, бир күндөн кийин «сен тартыласың» деп кабарлашты. Мен Алымбек датканын образын канчалык деңгээлде ачып бере алганымды эл баалайт. Алдын ала кыйратып салдым деп айткандан алысмын. Тарыхый образды жаратып жаткандан кийин болгон чыгармачыл дареметимди жумшадым.
Жамал Сейдакматова:
– Курманжан датканын образын театрда «Ханышанын көз жашы «спектаклинде көп жолу ойноп келгем. Ошондуктанбы, Садык Шер-Нияз «датканын карыган курагын ойноп бериңиз» деп сунуштады. Мен бул кинодо бир нече эпизодго гана тартылсам да, жоопкерчилик менен аткардым. Тасмада датка фин офицерлерин кабыл алып, алар Курманжан датканын неберелерин сүрөткө тартып жаткан жерин, боз үй ичинде башчыларга бата берген эпизоддорун жаратып бердим.
Назира Мамбетова:
– Кесиптештерим «датканын ролуна сиз ылайыктуусуз, сынакка катышып көрүңүз» деп сунуштап калышты. Тартылып көрөйүнчү деп элечекти кийип, чакырган жерине барсам, Турсун деген режиссёрдун жардамчысы мени жактырган жок. Ага мен ызаланып кетип калгам. Бир канча күндөн кийин мени «видеосынакка түшүп көрүңүз» деп чакырышты. Ошол бойдон 1 айдан кийин гана кастингден өткөнүмдү кабарлашты. Мындай кабарды угуп алып өзүмчө эле денемди калтырак басып, толкундандым. Курманжан датканын образын ачып бере аламбы деген ой түйшөлттү. Мен канчалык деңгээлде бул образды ачып бере алганымды айта албайм. Бирок Камчыбектин дарга асылган жерин тартып бүткөндөн кийин операторлор баш болуп отурган 500дөн ашык адам кол чаап жиберишти.
Гүлжамал Бөрүкулова,
Султан Төрөбеков
star@super.kg
Сүрөттөр фильмдин жаратуучуларынан жана интернет булактарынан алынды.