Мээ кайнаткан ысыкта, албетте, муздак суусундуктар менен тамактар өтүмдүү. Алардын ичинде ашлямфу да бар. Эгер сиз үйдөгүлөрдү аты аталган тамак менен кубанткыңыз келсе, рецепти сиз үчүн.
Керектүү азыктар (4 порция үчүн): Ун – 240 грамм Пияз – 1 баш Жумуртка – 2 даана Өсүмдүк майы – 50 грамм Болгар калемпири – 1 даана Помидор – 1 даана Жүгөрү крахмалы – 4 чоң кашык Сарымсак – 4 тишче Жусай – 1 боо Ачуу кызыл калемпир – 2 чоң кашык (лаза үчүн) Уксус – чай кашыктын үчтөн бири Туз – татымына жараша
ДАЯРДОО ЫКМАСЫ
Камыр Жылуу сууга туз салынып катуураак жуурулуп, 30 мүнөт тыныктырылып коюлат (эскертүү: 15 мүнөттөн кийин бир жолу ийленет). Андан соң камырды колуңуз менен жукартып, тегерек формага келтирип жайып, анан бычак менен узунунан жоондугун 1 сантиметрден кесип аласыз. Эми ар бирин өсүмдүк майы менен майлап, бетин целлофан менен жаап коюңуз. 15 мүнөттөн кийин кесилген камырларды кол менен тоголоктоп ичкертип, кайрадан целлофан менен жаба туруңуз. Муну дагы бир кайталасаңыз, кадимки Каракол ашлямфусунун кесмеси даяр (1-2-3-сүрөттөр). Кайнап жаткан, туз кошулган сууга бир борк дедиртип кайнатып алыңыз. Сүзүп алган соң муздай түшкөндө өсүмдүк майы менен майлап коюңуз.
Лаза Майда тууралган сарымсак менен ачуу кызыл калемпирди ысык майга кошуп жиберсек, лаза даяр.
Соусу Майда төрт чарчы тууралган пиязды, болгар калемпирин, сарымсакты, помидорду чогуу кууруп алабыз. Эми башка идиште кайнап турган 500 грамм сууга жогорудагыларды салабыз. Булардын үстүнө майда тууралып, майга бир аз эле куурулган жусайды саласыз. Аягында жумуртканы өзүнчө кууруп кошосуз. Эми соуска татымына жараша туз, уксус кошулат. Даяр болгон соусту муздак жерге алып чыгып коюңуз (4-5-6-7-8-сүрөттөр).
Крахмал 240 грамм муздак сууга крахмалды салып, жай отко коюп коюулангыча бир тарапка карай тынбай аралаштырабыз. Кайнап жатканда 2 тамчы уксус, 1 аш кашык өсүмдүк майын, татымына жараша туз кошобуз. Даяр болгондо түбү майланган чуңкур табакка куюп алып, муздаганда муздаткычка салып коёбуз (9-10-сүрөттөр). Сиз күткөн, эңсеген, көптөн бери шаштыңызды кетирген ашлямфу даяр!
Ашлямфу жасоонун ыкмаларын үйрөткөн Бишкектеги «Байхан» кафесинин ашпозчусу Тамара Жусупбекова.
Эскертүү: Майда тууралган этти өзүнчө кууруп кошсоңуз да даамдуу болот.
Айымдар, сизде тиричилик үчүн керек болгон пайдалуу кеңештер, дасторконду жасалгалоо, түрлөп тамак бышыруу баш ооруңуз болсо, мындан ары ал маселеңиз жоголот. Гезитибиздин ар санында «Кожойкенин бурчу» рубрикабыз сиздер үчүн кызмат кылат. Сунуштарыңыз, сурооңуз болсо (0312) 32-33-28 номерине чалып же kenesh@super.kg дарегине кат жазсаңыз болот.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (35)
erali
2014-06-25 14:51:20
бардык эле керектуу азыктар бар экен,жугорунун крахмалын кайдан алууга болот?
ашлямфудан коп эле жашылчаларды коргон жок элем мумкун убакыт отуп коп нерселер кошула баштадыбы.крахмал,камыр.калемпир туз,дагы эмне кошулган эсимде жок.бирок абдан даамдуу болгон
0
SayKal1218
2014-06-25 15:05:31
Мага дагы аябай жагат. Тамшанып жегим келип кетти
0
zara-919
2014-06-26 18:40:32
байкем ашлямфуну алкаштар жейт баш ооруп турганда деген болчу. тамашалап койгон тура.... (кулуп)
-1
Aisanat
2014-06-26 18:46:39
Точна рецепт менен бугун жасадым. Европадан жусай таппагандыктан кок пияз майдасын коштум. Суу менимче аябай аз болуп калат екен. Дагы куюга туура келди. Жусайдын боосу калын болот го меники пияз аз болсо деле кою болуп кетти. Ашлянфуга дагы курон соус кошушат Караколдо. Аны кантип жасайт билбейм койдум. Женем андай соусту литрлеп ашлянфунун жанына коюп сатчу еле.
0
Bella-life
2014-06-27 15:24:01
Аш-лямфу тууралуу анегдот:
Эки жоокер армиядан чыгып уйлоруно жөнөп калышат,
ортодон кафеге кирип аш-лямфу ичели деп бирөөсү сагынып калган тамагын заказ берет.
Ичип олтурушуп анда жанындагы шариги " Эй, бул бир күн түнөп калган тамакко" деген экен )))
0
Bella-life
2014-06-27 15:24:01
Аш-лямфу тууралуу анегдот:
Эки жоокер армиядан чыгып уйлоруно жөнөп калышат,
ортодон кафеге кирип аш-лямфу ичели деп бирөөсү сагынып калган тамагын заказ берет.
Ичип олтурушуп анда жанындагы шариги " Эй, бул бир күн түнөп калган тамакко" деген экен )))
0
Bella-life
2014-06-27 15:25:56
Аш-лямфу тууралуу анегдот:
Эки жоокер армиядан чыгып уйлоруно жөнөп калышат,
ортодон кафеге кирип аш-лямфу ичели деп бирөөсү сагынып калган тамагын заказ берет.
Ичип олтурушуп анда жанындагы шериги " Эй, бул бир күн түнөп калган тамакко" деген экен )))
0
Bella-life
2014-06-27 15:30:49
Ашлямфу тууралуу анегдот:
Эки жоокер армиядан чыгып уйлоруно жөнөп калышат,
ортодон кафеге кирип жоокердин бирөө ашлямфу аказ берет.
Ичип олтурушуп анда жанындагы шериги " Эй, бул бир күн түнөп калган тамакко" деген экен ))
0
Bella-life
2014-06-27 15:32:33
Ашлямфу тууралуу анегдот:
Эки жоокер армиядан чыгып үйлөрүнө жөнөп калышат,
ортодон кафеге кирип жоокердин бирөө ашлямфу заказ берет. Ичип олтурушуп анда жанындагы шериги "Эй, бул бир күн түнөп калган тамакко" деген экен ))
0
Xana
2014-06-27 18:46:17
Караколдукуна жетпейт да барибир
+1
shamal80
2014-06-27 21:22:59
Кыргызстандын ашлямфусун сагындыым тортунчу жыл болду жей элэгиме, кийинки жылы жейм буйруса Кыргызстанга барсам
0
mirledi83
2014-06-28 10:44:41
Караколдун ашлямфусу эмнеге озгочо болот анын сыры мындай:биринчиден колдун суусу башкача,экинчиден сиздер айтып жаткан курон суу бул колдук уйгурлардын улпактан жасалган уксусу,анан дагы эч кандай ашыкча нерселер кошулбайт(бадыран,подмидор ж.б).Ал эми даамы чындыгында тандайдан кетпейт!
0
mirledi83
2014-06-28 10:44:41
Караколдун ашлямфусу эмнеге озгочо болот анын сыры мындай:биринчиден колдун суусу башкача,экинчиден сиздер айтып жаткан курон суу бул колдук уйгурлардын улпактан жасалган уксусу,анан дагы эч кандай ашыкча нерселер кошулбайт(бадыран,подмидор ж.б).Ал эми даамы чындыгында тандайдан кетпейт!
0
Eliza-2014
2014-06-28 19:29:58
Ашлямфунун камырын чоюп жасабайт,анткени соусу муздак болот,чоюлган камыр катуурак болот,жон эле лапшарезкадан откорот туура эмесирээк жасалыптыр бул жакта.
-1
tynara81
2014-06-29 16:00:21
Ошто да барбы ашлямфу, айтып койгулачы (кафелерде дегеним). Өмүрү жеген эмесмин. Кечээ атабыздан не тамак жасайлы десем, "ашлямфу" деп койсо, кызым "ал эмне , ошондой да тамак болобу" деп шаштымды алды эле, "андай тамак жок" деп койгом да. Дарегин билсек жеп келели дегенбиз, билгендер жазып койгулачы Ошто болсо.
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.