Көпчүлүк күткөн мундиаль ызы-чуу, өзгөчө шаң менен башталды. Ооба, кантсе да бул Бразилия өлкөсү эмеспи. Үй ээлери япониялык калыстар тобунун жардамы менен хорваттарды жеңип алса, учурдагы дүйнө чемпиондору испандыктар Голландия курама командасынын тепсендисинде калды. Дайыма ызы-чуунун коштоосунда жүргөн Марио Балотелли кайрадан Италияны куткарса, Англия чемпиондугунун мыкты оюнчусу аталган Уругвайдын чабуулчусу Луис Суарес мекендештерине Коста-Рика менен болгон беттеште эч жардам бере алган жок. Бул мундиалдын алгачкы жыйынтыктары жана каармандары төмөндө.
ШАГЫРАГАН ГОЛДОР. 16 ОЮНДА 49 ГОЛ
Бул Дүйнө чемпиондугу башталар менен эле укмуштуудай голдорго бай болууда. Мисалга, 2010-жылы ТАРда өткөн чемпиондукта 1-турдун жыйынтыгында 16 оюнда 25 гол кирсе, Бразилияда ушул эле көрсөткүч 49ду түздү. Бул ар бир оюн кызыктуу өтүп, стадиондордо чыныгы майрам болуп жатканынан кабар берет. Оюндар ушул таризде уланса, Дүйнө чемпиондуктарындагы эң көп гол кирген мундиаль аталууга мүмкүнчүлүгү бар.
«А» ТАЙПАСЫ
Дүйнө чемпиондугундагы алгачкы оюнда «А» тайпасындагы Хорватия менен дүйнөнүн беш жолку чемпиону Бразилия беттешинде башкы каарман болуп япондук калыс Юити Нисимура чыга келди. Ал бир канча жерде талаш туудурчу чечимдерди кабыл алып, сынга кабылды. Анын чечими менен 11 метрлик айып белгиден Неймар гол киргизсе, Оскар оюнга жыйынтыктоочу чекит коё алды.
Бразилия – Хорватия – 3:1
Мексика – Камерун – 1:0
«B» ТАЙПАСЫ
Кызыктын баары «В» тайпасында болуп жатат. Азыркы Дүйнө чемпиону Испания Голландиянын футболчуларынан жеңилип калды. Бул оюнда Робин ван Перси жана Арьен Роббен Йохан Кройфтун мекенинен экенин көрсөтүштү. Ал экөө испандыктардын коргоочуларын уламдан-улам жаш баладай алдап жатышты. Жыйынтыгында эсеп 5:1 болду.
Испания – Голландия – 1:5
Чили – Австралия – 3:1
«С» ТАЙПАСЫ
Бул тайпада көңүлгө толумдуу оюнду Колумбия командасы көргөзүп, Грециянын таш талканын чыгарды. Колумбиянын 10-номурдагы футболчусу Хамес Родригес бул Дүйнө чемпиондугунун ачылышы болчудай. Ал эми Африканын эң сүйкүмдүү командасы аталган Кот-д'Ивуар Японияны 2:1 эсебинде утуп алды.
Колумбия – Греция – 3:0
Кот-д'Ивуар – Япония – 2:1
«D» ТАЙПАСЫ
Дүйнөнүн 4 жолку чемпиону Италия дале табында экенин көрсөтүп, футболдун мекени атыккан Англияны 2:1 эсебинде эсин оодарды. Бул оюнда эки команданын берилген пастардын тактык пайызы 90дон ашып өттү. Ал эми Италия муну 93 пайызга жеткирип, Дүйнө чемпиондуктарында рекорд койду.
Уругвай – Коста-Рика – 1:3
Англия – Италия – 1:2
«E» ТАЙПАСЫ
«E» тайпасында атаандаштар Швейцария менен Эквадордун биринчи беттешүүсү 2:1 эсебинде швейцариялыктардын пайдасына чечилди. Франция менен Гондурас командаларынын беттешүүсү 3:0 эсебинде француздардын жеңиши менен аяктады. Бул оюнда Карим Бензема мыкты чабуулчу экенин көрсөтө алды.
Швейцария – Эквадор – 2:1
Франция – Гондурас – 3:0
«F» ТАЙПАСЫ
Аргентина менен Босниянын беттешүүсүндө «карт бөрү» атыккан аргентиналыктар артыкчылык кылып, 2:1 эсебинде утуп алды. Лионель Месси бул оюнда голсуз кеткен жок. Иран менен Нигерия командалары арасында болгон оюнда бул чемпиондуктун эң биринчи тең чыгуусу катталды.
Аргентина – Босния – 2:1
Иран – Нигерия – 0:0
«G» ТАЙПАСЫ
Бул тайпада чемпиондукка негизги талапкерлердин бири немистер Португалия курама командасын ири эсепте жеңди. Аталган оюнда Томас Мюллер хет-трик (1 оюнда 1 оюнчу 3 гол киргизген абал) жасай алды. Тайпанын экинчи оюнунда АКШ курама командасы Гананы бир гол айырмасында утуп алды.
Германия – Португалия – 4:0
Гана – АКШ – 1:2
«H» ТАЙПАСЫ
Алжир менен болгон оюнда Бельгия курама командасын алмашууга чыккан Маруан Феллаини жана Дрис Мертенс сактады. Алар оюнга кошулгандан тарта Бельгия жандуу оюн көргөзүп, 2 гол киргизишти. Ал эми тайпанын экинчи оюнунда Орусия корейлер менен тең чыкты.
Бельгия – Алжир – 2:1
Орусия – Түштүк Корея – 1:1
1-ТУРДУК ОЮНДАРДЫН МЫКТЫЛАРЫ:
АР ТҮРДҮҮ КЫЗЫКТАР ЖӨНҮНДӨ...
ӨЗ КОМАНДАСЫ УТУЛГАНЫ ҮЧҮН 135 МИҢ АКШ ДОЛЛАРЫ...
56 жаштагы Жакобо аттуу испан күйөрманы Испания –Голландия оюнунун эсебин туура таап, 135 миң АКШ долларлык бензин утуп алды. Эске салсак, бул оюнда Испания 1:5 эсебинде утулуп калган.
Бул сынак испандык бензин өндүрүүчү компаниялардын бири тарабынан уюштурулуп, бардыгы болуп 120 миңден ашуун адам катышкан. «Ооба, мен Испанияга жан тартам, бирок биздин команда голланддарга утулса, ири эсепте гана утулат деп ойлодум. Эртең биздин команда Чилини 5:1 эсебинде утат дегенге байге коём» деп билдирет сынактын жеңүүчүсү.
ФУТБОЛДУН АЙЫНАН ТИГИ ДҮЙНӨГӨ КЕТИП...
Кытайдын Сучжоу шаарынын тургуну футбол боюнча Дүйнө чемпиондугун көрүп жатып, сыналгынын алдында каза болду. Окуя жумадан ишембиге караган түнү, Испания – Голландия беттеши орун алган күнү болгон. Жансыз денени текшерүүгө алган дарыгерлер «уйкусу канбай, катуу чарчап, жүрөк оорусу кармап калган» деген жыйынтык чыгарышкан. Белгилей кетсек, көпчүлүк өлкөлөрдөгү футбол күйөрмандары Бразилия менен убакыт айырмасы чоң болуп, оюндарды түн ортосунда, таңга маал көрүүгө аргасыз болуп нааразы болушууда.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg