Атай Өмүрзаковдун «Мен бийчи» долбоорунан кийин Кыргызстанда айрыкча жаштар арасында бийге кызыккандардын саны өстү десек жаңылышпайбыз. Учурда клиптерден, концерттерден, корпоративдик кечелерден «We`ll be» бий тобун көп кезиктиребиз. АКШда өтүүчү «World Hip-hop dance championship» («Хип-хоп бийи боюнча дүйнөлүк чемпиондук») фестивалына аттанар алдындагы даярдыктары жөнүндө топтун бийчилери Максат Токтоналиев, Эрмек Керимбаев, Кубанычбек Чилетиров маек берип кетишти.
– Жигиттер, кандайсыңар? АКШда өтө турган бий боюнча дүйнөлүк чемпиондукка кызуу даярданып жатыпсыңар, бирок демөөрчү таппай, кыйналып жатканыңарды уктук?
Максат Токтоналиев: – Кандайсыздар, буюрса, фестивалга даярдык өз нугунда жүрүп жатат. Ал эми демөөрчү таппай жатканыбызды туура баамдадыңыздар. Учурда демөөрчүлөрдүн колдоосуна аябай муктажбыз. Фестиваль август айында башталат. Өзүбүз да ага чейин жөн отурбай концерт уюштуруп, андан түшкөн акчаны кем-каржыбызга жараталы деп жатабыз. 4-июлда Улуттук филармонияда өтчү марафон концертибизге жалпы Бишкек шаарынын тургундарын чакырат элек. Билет алып, концерт көрүп кеткени эле бизге чоң жардам болмок.
– Ошондо учурда концертке даярданып жатасыңарбы же фестивалгабы?
Максат Токтоналиев: – Учурда концертке даярданып жатабыз, фестивалга катышуу үчүн да акча төлөйбүз. Эгер керектүү сумманы чогулта албасак, анда фестивалдан калып калышыбыз мүмкүн.
Эрмек Керимбаев: – Негизи, фестивалда ошол концертте бийлеген бийлердин мыктылары гана кыскартылып бийленет. Концертке болгон даярдык менен фестивалга болгон даярдык бирдей эле. Концертте убакыт көп болот, ал эми фестивалда берилген 2 мүнөттүн ичинде болгон хореографияңды, бийлөө техникаңды көрсөтүшүң керек.
– Аталган фестиваль тууралуу кыскача маалымат бере кетсеңер?
Кубанычбек Чилетиров: – Бул дүйнөлүк чемпиондук жер жүзүндөгү эң таланттуу, күчтүү бийчилердин башын бириктирип келет. Быйыл 13-жолу өтүп жаткан фестивалга 43төн ашуун мамлекеттен 3 миңдей бийчи барат. Эгер биз барып калсак, Борбор Азиядан Кыргызстан биринчилерден болуп катышат.
– Анда силерге өтө жоопкерчиликтүү иш жүктөлүп жаткан турбайбы. Ошентсе да чыныңарды айтсаңар, катышканы бара жатасыңарбы же жеңебиз деппи?
Кубанычбек: – Жеңебиз, утабыз деген каалоо күч. Ушунча элдин алдында уят болбой, жок дегенде алдыңкы үчилтикке киребиз деген үмүттөбүз.
Эрмек: – Биз Астанага сынакка барганда, ал жакта калыстар жалаң Америкадан келген мыкты хореографтар экен. Бизди көрүп, «өзүңөрдүн маданиятыңарды, улуттук колоритеңерди бий аркылуу берүү жөндөмүңөр бар экен. Америкага келсеңер, өзүңөрдү көрсөтө аласыңар» деп айтып кетишкен. Эми талантыбызды океандын ары жагынан көрсөтүү убактысы келди деп ойлойм.
– Негизи эле Кыргызстанда бийди кесип кылып аркалап, анын артынан үй-бүлө багып кетүү мүмкүнбү?
Максат: – Ооба, мүмкүн. Бийдин артынан нан таап жеп, үй-бүлөсүн багып жүргөндөрдү көрүп эле жатабыз. Той, концерттерге чакыруулар болот дегендей. Мисалы, биздин топто Кубанычбек үй-бүлөлүү, бий менен эле эки баласын, жубайын багып келет.
Эрмек: – Топто бийлеген 7 жигит өтө көп албаса да, Кыргызстандагы ортодон жогорку кирешени таба алышат. Ар биринин өзүнүн бий студиялары, окуучулары бар.
– Бий жаштыкты талап кылат дегенге кошуласыңарбы?
Эрмек: – Кошулсак да, кошулбасак да болот. Бизде кыргыздарда жаш адам эле бийлеш керек деп ойлошот. Азыр ар бирибиз ата-энебизден «болду, токтотпойсуңбу, 30 жашка жеткичекти эле бийлеп жүрө бересиңби» деген сөздү угабыз.
Максат: – Биз эрте токтолуп алабызбы же менталитет башкабы, бийге жеңил-желпи мамиле кылышат. Мисалы, биз теңдүү классташтарыбыз үйлөнүп, балалуу болуп, курсак байлап калышкан. Бирок өмүр бою бийлеп өткөнгө эмне жетсин, бул өзүнчө гимнастика да.
Кубанычбек: – Астанага сынакка барганда Майкл Жексон менен иштешкен хореографтын бийлегенин көрүп, 25-30 жаштарда болсо керек деп ойлогом. 58 жашта экенин угуп алып аябай таң калдым. Майкл Жексон деле 50 жашка чейин бийледи, биз да Кудай жаш берсе, 80 жашка чыккыча бийлеп, сальто секирип тургубуз келет (күлүп).
Лунара Бекиева
star@super.kg