«БРАЗИЛИЯ-2014» КИМ КАЙСЫ КОМАНДАГА КҮЙӨРМАНДЫК КЫЛАТ?

Учурда биздин өлкөдө да Бразилияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнөлүк чемпиондукту берилүү менен көрүп, күйөрмандар өзүнүн сүйүктүү командаларына жан үрөп, күйөрмандык кылып жаткан маал. Жашоосунда футбол өмүрүнүн бир бөлүгү болуп калган инсандар бул Дүйнө чемпиондугунда кимге күйөрмандык кылары бизге кызык болду.

«БЕЛЬГИЯ АЧЫЛЫШ ЖАСАЙТ»
Көп жылдардан бери спорт оюндарын баяндап берип келе жаткан журналист Кубан Атабеков Дүйнө чемпиондугунда Бельгия курама командасына күйөрмандык кылат. «Азыркы убакта Бельгияда чындыгында мыкты футболчулар чогулган. Булардын көптөн бери күтүп жүргөн «алтын доору» келди окшойт. Себеби ар бир позицияда Европадагы мыкты деген футбол клубдарында ойногон футболчулар. Мен ишенем, алар бул чемпиондуктун ачылышы боло алышат. Андыктан алга, Бельгия!» деп билдирди өз сөзүндө баяндамачы.

 

 

 

 

 

«ИСПАНДАР МЕНИ УЯТ КЫЛЫШТЫ»
Ырчы Арсен да футбол сүйүүчүсү. Ал Испаниянын күйөрманы болуп келет. «Мен көптөн бери Испаниянын күйөрманымын. Клубдар арасында да испан командалары жагат. Улуттук курамда көпчүлүгү «Барселона» менен «Реал» командасындагы футболчулар ойноп келет. Бирок алар «Бразилия-2014тө» мыкты оюн көргөзө албай, мени уят кылышты. Биринчи оюнда Голландия укмуш оюн көргөзүп, Испанияны уят эле кылса, экинчисинде Чилиге уттуруп жиберишти. Эми алар акыркы оюнда мыкты сапаттарын көргөзүп, Австралиянын таш талканын чыгарат деп ишенем. Мен дайыма Испания менен! Viva la furia roha!».

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
edik07
2014-06-25 17:05:24
Галландия быйыл чемпион болот калганына козум жетбейт утушуна
0
lolo
2014-06-26 16:53:17
Holland jana Belgium jakwi oinop jatywat. Belgia orustardy uttuuu, uiat boluwtu ozdorun 4oiup jatywkan Belgianyn kolunan e4 nerse kelbeit dewip, hehee
0
№ 607, 20-июнь-26-июнь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан