ЫРЧЫЛАРДЫ САХНА КАНТИП ӨЗГӨРТТҮ?

«Убакыт – улуу тарбиячы» дешет. Өткөн жашообуздун сүртүмдөрүнө кылчайсак, бир топ узун жолду карыткан болобуз. Бир караса кечээ эле сахнага жаңы аттангандай болгон биздин атактууларда деле мындай сезим кезиксе керек. Бүгүн биз учурдагы атактуу ырчылар мындан бир топ жыл мурун кандай эле жана азыр кандай болгонуна баам салып көрөлү дедик.

МЕЗГИЛГЕ БАШ ИЙБЕГЕН БЕК
Кыргыз эстрадасынын алпы, түрдүү тагдырларды ырларында баяндаган ырчы Бек Борбиев мезгилге баш ийбегендей. Дегенибиз, элүү жашты көздөй бараткан ырчы агабыз сүйүү ырларын жаш кездегисинен да мыкты жаратып жаткан чагы. Жеңебиздин түшүнүктүүлүгүнө бали десең болот, Бек мырза кандай провокациялуу ыр жазбасын унчукпай кутулат. «Артисттин аялына медаль тагыш керек» деп көбүнөн угуп калабыз, бирок Бек байкебиздин жубайы чыныгы медалга татыктуу айымдардан десек жаңылышпайбыз.
Музыка чөйрөсүндө салмактуу орду бар ырчы учурунда өзүн башка чөйрөдө да сынап көрдү, бирок казыгына айланып келди. Сахнада колунан аккордеонун түшүрбөй «Делбирим», «Жамийла», «Оо, селки» деген ырлары менен музыка дүйнөсүнө сапар тарткан тармал чачтуу Бек мырза азыр курсак байлап, кадырман чоң ата статусуна жетип калган кези.

 

ЖЫЛДАР МЕНЕН СЫНАЛГАН «АГК» ТОБУНУН ДОСТУГУ
«Кыз-Бурактын» топ жарар кыздары Кенже Дүйшеева, Гүлнара Калдарова, Айжамал Кабылованын достугу топтон кеткенден кийин алыстабай эле, тескерисинче, бекемделди. «Кыз-Буракта» жүргөндө жигиттерче Манас айтып, так секире бийлеп-ырдап жүрүшкөн шок кыздар азыр бала жытын искеп, мурункудай тынымсыз гастролдорду аялдык бакытка алмаштырышкан.
Топтун мүчөлөрүнүн бири Гүлнара Калдарова: «Биз дос катары эмес, бири-бирибизге бир туугандай мамиле кылабыз. Чогуу жүргөнүбүзгө 20 жыл болуптур, бул жылдарда бири-бирибиздин кайгыбызды, жакшылыгыбызды тең бөлүшкөн жакын адамдардан болуп калдык. Убагында ушак кеп айтып достугубузга жарака кетирүүгө аракет кылгандар болгон, бирок бири-бирибизге болгон ишеним күчтүү болгондуктан, андай сыноолорду жеңип өткөнбүз. Биздин достугубузду жылдар сынады. Сахна бизди тарбиялады, ал эми сахнадагы жашоо өзгөрткөн жок, тескерисинче, чыйралтты, бышырды»,- дейт.

 

 

НАЗИК КЫЗДЫН ОБРАЗЫН АЛЫП ЖҮРГӨН НЕЛЯ
Назиктиги менен далай жигиттерди тамшанткан ырчы Неля сахнага жаңы аттанган кезде чыгыш бийин чимириле бийлеген кымча бел кыз эле. Сахнада өтө эле назик, кой оозунан чөп албаган жоош кыздын образын карманган Нелянын чыныгы жашоодо кандай экенинен кабарыбыз жок, бирок мектеп курагында «разборкаларга» катышкан тентек эле кыз болгонун бизге берген маектеринде айтып калган жайы бар. Анан да ырчы «туура боёнгонду, кийингенди билбейт» деген сындарды убагында стилисттерден да, күйөрмандарынан да жакшы эле уккан. Ырчы кыз сахнада жүрүп ырдады, бийледи, дос күттү, сүйүүсүн тапты. Соңунда сахналашына турмушка чыкты.
Көпчүлүк бул ырчы кызды акылман, амалкөй айым катары сыпатташат. Ананчы, Урматтай мырзаны имерип алуу катардагы кыздардын колунан келе бербегенин билип калбадыкпы. Нелянын чыгармачылыгын турмушка чыкканга чейинки жана турмушка чыккандан кийинки деп экиге бөлүп карасак болчудай. «Турмушка чыккандан кийин ырчы кийингенди да, боёнгонду да өздөштүрүп кетти» деген комплименттер көп айтылып калган.

Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
ANGEL_
2014-06-23 10:19:31
Неля турмушка чыга электе эле озун, стилдуу, татыктуу алып журчу.
+3
momuntay
2014-06-23 11:04:43
Бул ырчылар сымбатынан жазбаптыр. Ошол бойдон эле экен. Кечеле чыккан Неляны бугун чыгарып коюшуптур да. Андан коро нелянын ордуна
Динара, Айчурокторду чыгарса жарашмак
+8
Egen.Osh
2014-06-23 11:23:05
momuntay, Туура айтасын!!!
0
nuri.88
2014-06-23 13:23:18
Неля дайыма озуно жарашыктуу алып журот. Неля алга , ийгилик!
+2
Брэд
2014-06-23 15:53:06
бир нерсе болсо эле бек менен нелянын суротун которуп жугурмой экен да э. башкалар жокпу сахнада жургениме 30-40 жыл болду дегендера?
+2
mirledi83
2014-06-23 16:23:59
Неля менен Урмат бири бирине татыктуу жубайлар!Азыркы образы да жакшы.
+2
Gulu-5kg
2014-06-23 16:41:21
неля эн мыкты! ырдаганы бийлегени озун алып жургону кийингени суйлогону баары сонун! Чынында Урмат озгортту. бактылуу болушсун!
+3
Aikoo2014
2014-06-23 17:25:56
Баары озгорбоптур ошол,чыгармачылыктан да алыстап кетишкен жок.
+1
altinim
2014-06-23 21:00:10
неля эжем аябай эле жудомуш болгон экен чынында)))))
-1
naaazka
2014-06-24 09:17:36
nelya urmatka turmuwka chykkandan kiyin ozgordu murda stili dele jok ele judomuw bolup.
-1
Asus77
2014-06-28 19:13:03
Силерге баааааааааааааары бир эмеспи ким кандай жүргөнү менен ишиңер канча. Андан көрө озүңөрдү жакшы карап алгылачы. Өзүңөрдү ким эмне дейт болду экен ошону ойлоп көргүлөчү,өзүңөрдү аппак сезебербей.
+1
akus
2014-06-29 10:49:23
Салам супер-инфо!Бактыгул Бадиева жонундо жазып койгулачы дайыны жок болуп кеттиго
-1
№ 607, 20-июнь-26-июнь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан