Элемент: 115
Аталышы: Аял
Биринчи ачкан киши: Адам
Атомдук массасы: 60 килограмм, ошондой эле 40-250 салмактагы изотоптору да жолугат.
Таркашы: Абдан кеңири таркаган.
Физикалык касиети: Кээ бир таасирлердин негизинде эрийт. Өз алдынча кайнап, кайра сырткы таасирлерсиз эле муздайт.
Жооноюу коэффициенти: Жыл өткөн сайын кээ бир деталдары жооноёт.
Химиялык касиети: Алтын, күмүш, бриллиант жана башка кымбат металлдар менен өз ара тартылышып турат. Кымбат заттарды чоң өлчөмдө жутуп алууга жөндөмдүү. Күтүүсүз жерден жарылып кетүүсү ыктымал. Этил спиртине бат каныгат. Активдүүлүгү сутканын убактысына жараша болот.
Колдонулушу: Бир нерселерди кооздоо максатында көп колдонулат. Мисалы, үйдү, салонду, машиналарды. Абдан таасирдүү жуучу жана тазалоочу каражат болуп эсептелет. Эс алууга жана стресстен арылууга жакшы жардамчы.
Сапаттык реакциясы: Өзүнөн мыкты сапаттагы элементке жолугуп калса, түсү көгөрүп кетет.
Колдонууга кеңештер: Тажрыйбасы жоктордун колуна түшсө, чоң коркунуч келтирет. Бир гана үлгүсүн колдонууга аракет кылуу кажет. Эгер бир нече үлгүсүнө ээ болгуң келсе, анда алар өз ара жаман реакцияга кирип кетпеши үчүн бири-биринен алыс кармоо кажет.
Эскертүү: Бир жеринде сапаттык белгиси бар. Эгер ал белгиси жок болсо, анда б/у деп эсептей берсе болот. Сапаттык белгиси шектүү туюлса, анда жасалма дегенге негиз бар.
Силер билесиңерби?
Нудизм – жылаңач жүрүү
Дүйнөнүн ар бурчунан жылаңач жүрүүнү адатка айланткандарды табууга болот. Алар өздөрүнчө уюм да түзүп алышкан. Эмесе сөз нудисттер тууралуу болмокчу.
“ Табияттын чыныгы балдары”
Нудисттер табият менен абдан жакын мамиледе болууну башкы девиз катары алып жүрүшөт. Эт жешпейт, тамеки тартышпайт, ичкилик ичишпейт. Ар өлкөнүн түркүн шаарларында өздөрүнчө пляждары, чогула турган жерлери (кафе, ресторандар, клубдар ж.б.) бар. Интернетте сайттарын ачып коюшкан. Убак-убагы менен жылаңачтар арасында конкурс, фестивалдар өтүп турат. Жалпы элди жийиркентип, чочурката турган жагы болуп, булардын үйдө үй-бүлө мүчөлөрүнүн чогуу жылаңач жүрүүсү болуп эсептелет. Нудисттердин мүчөлөрүнүн арасында бизнесмендер, жазуучулар, архитекторлор, врачтар жана башка кесип ээлери бар.
Кайра жаралуу мезгили
Нудизмдин тарыхы байыркы доорго барып такалат. Байыркы гректер спорт менен жылаңач машыгышчу. Ошол себептүү гимнаст (бизче жылаңач ) сөзү келип чыккан. Бирок ал кезде гректер өздөрүн нудист деп санашпаган.
Жылаңач машыгуу көп өлкөлөргө жайылган. Мындай адат бара-бара унутулуп, ХХ кылымда “жылаңач жүрүү модасы” жанданган. Бирок бул ирет нудизм деген аталыш менен. Алгачкылардан болуп Германияда “эркин дене маданияты” аталыштагы нудисттер коому түзүлөт. Жылаңачтануу маданияты тууралуу китептер да жазылган. 1911-жылы Германияда баш-аягы болуп 3 шаарда нудисттер коому түзүлгөн.
Дүйнөгө жайылуу
1920-жылдары Европа өлкөлөрүндө, АКШда, Канадада, Жаңы Зеландияда нудисттер коомдору түзүлө баштайт. 1936-жылы Данияда атайын пляж ачылат. Бул идея башка өлкөлөрдүн коомдоруна жагып, алар да пляж ачууга өтүшөт. Орусияда нудизм 1930-жылдары белгилүү болуп, ал боюнча 2 китеп чыгат. Бирок кийин бийлик тарабынан уюмдар таратылып, катуу тыюу салынат. Ушул эле учурда чет элдерде нудисттер коомдору жашап жаткан эле. Союз кулагандан кийин КМШ өлкөлөрүндө акырындап нудизмди колдогондор чыга баштап, уюмдар түзүлө баштады.
Учурда Кара деңиздин жээгинде эң чоң нудисттер пляжы бар.
Кыргызстанда да нудисттер барбы деп сураштырып көрдүк. Жыйынтыгында расмий түрдө жок экендигине ынандык.
Астра Айдарова
erotika@super.kg