ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (30-июндан 6-июлга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Дүйшөмбү – жаңы жумуш издегендер үчүн ийгиликтүү күн. Шейшембиде кесиптештериңиз менен талашып-тартышуудан оолак болбосоңуз, жалпы жамаатка терс маанай жаратышыңыз мүмкүн. Шаршембиде оюңуз оңунан чыгып, колго алган ишиңиз илгерилеп, капчыгыңызды кампайтууга да жетишесиз. Аптанын соңку күндөрүн көңүлдөгүдөй өткөрөсүз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптанын алгачкы күнү санаага салган маселе менен башталганы менен кийинки күнү баары өз ордуна келет. Шаршембиде жагымдуу жаңылыкка ээ болосуз. Жума күнү акчага байланышкан иштерди жыйыштыра турганыңыз оң. Болбосо чыгым болуп калууңуз мүмкүн. Ишембиде үй иштери менен алек болсоңуз, жекшембиде өтө керектүү буюмуңузду таппай убара тартасыз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Апта көптөн күткөн буюмуңузду сатып алуу менен башталат. Шаршембиде сууга түшүүдө этият болуңуз. Бейшембиде узак сапарга аттанууңуз күтүлүүдө. Жума жана ишемби күндөрү уруш-талаштан оолак болуп, жаралган маселени жай чечүүгө аракет кылыңыз. Болбосо чубактын чуусундай чубалган чырга айлануусу мүмкүн.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Сиз күткөн мезгил жетип, тилектериңиз орундала турган апта. Ашыкча күч жумшабай, максатыңызга оңой жетесиз. Бейшембиде көпчүлүктүн көңүл чордонунда болосуз. Бойдоктор түгөйлүү болуусу күтүлүүдө. Жума күнү жаңы мүлккө ээ болосуз. Эс алуу күндөрү маанилүү окуяны өткөрүп жибербейин десеңиз, бардык ишке кунт коюңуз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Апта башында иштериңиз чачтан көп болуп, каржылык жактан да кыйынчылык жаралуусу күтүлүүдө. Абалдан чыгуу үчүн өзүңүздүн күчүңүзгө гана ишениңиз. Жакындарыңыздын жардамын күтсөңүз, талаада каласыз. Ал эми бейшембиден тарта эмгегиңиздин акыбети кайта баштайт. Дем алышта жашоого болгон көз карашыңызды бура турган окуянын күбөсү болосуз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Дүйшөмбүдө маанайды чөгөрө турган жагымсыз ишке туш болуп калууңуз мүмкүн. Ал эми шейшембиде капчыгыңыз акчага толуп кубанасыз. Шаршембиде алыстан кабар келсе, бейшембиде жумушуңузда мактоого алынасыз. Жума күнү ишкерлик менен алектенгендер үчүн ийгиликтүү күн. Эс алуу күндөрүн адаттагыдай үй-бүлөңүздүн кучагында өткөрөсүз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Апта ичи жолугушууларга жана күтүлбөгөн жаңылыктарга бай. Шаршембиде келечектеги максатка жетүү үчүн апыртпай, чеги менен калп айтууга туура келет. Бейшембиде айрымдар кызматынан жогоруласа, айрымдардын айлыгы көбөйүшү күтүлүүдө. Апта соңу кыжырыңызды кайнаткан ишке туш болосуз.


ЧАЯН (24.10-22.11)
Келбетиңизге көңүл буруп, ден соолугуңузду калыбына келтирүүгө ыңгайлуу апта. Айрымдар эс алуу үчүн узак жолго чыгышса, айрымдардын үйүнөн апта ичи конок үзүлбөйт. Апта ортосунда сезимиңизге чок салган адамга кезигесиз. Ал эми каржы иштеринде ашыкча чыгым болбоо үчүн тактык талап кылынат.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Жаралган кырдаал пландарыңызды түп тамырынан бери өзгөртөт. Бирок бул ишиңизге оң таасирин берип, кесиптештериңиздин арасында кадыр-баркыңызды жогорулатат. Бейшембиде алыс сапарга даяр туруңуз. Жума күнү көп маселени чечүүгө жетишип, эс алуу күндөрүн жаңы идеялардын үстүндө иштөө менен өткөрөсүз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Ашыкча түйшүккө малынбайын десеңиз, пикир келишпеген адамдар менен талашуудан качыңыз. Жаңы иш баштоону пландасаңыз, аны кийинкиге жылдыра турганыңыз оң. Бейшембиде сизге бут тоскондордун эсебин табууга жетишесиз. Жекшембиде электр буюмдарын колдоном деп кырсыкка, жаракатка кабылуу коркунучу жогору экенин эске алыңыз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Дүйшөмбүдө ишке киришерден мурда, керектүү адистерден же тийиштүү булактардан маалымат алыңыз. Шейшембиде бойдоктор көңүлүндөгү адамын кезиктирет. Бирок көпчүлүгүнүн ою ордунан чыкпай, арманда калышат. Апта соңунда үйүңүздүн оңдоп-түзөө иштери менен алектенесиз.


БАЛЫК (20.02-20.03)
Апта сиз үчүн оор жагдайлар менен коштолот. Жасаган ишиңиз көңүлдөгүдөй болбой, убара тартасыз. Бирок керектүү адамдар менен акылдашып аракет кылсаңыз, жума күнү эмгегиңиз акталат. Карызыңыз бар болсо, ишембиде доочулар тынчыңызды алышат. Жекшембиде үй-бүлөдө пикир келишпестик жаралуусу мүмкүн.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 608, 27-июнь-03-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан