Ак бантикти төбөсүнө байлап, портфелин кучактап алып мектепти көздөй чуркап бара жаткан кыз, классташ кызынын чачын чойгулап тийишкен бала. Кандай сонун картина. Мына ошол куракта жактыруу сезими менен ар бир адам кагылышы мүмкүн. Аруу сезимге арналган «5-б-класста» деген ырды көп ырчылар ырдап чыгышты. Сөзү Жолон Мамытовго, обону Абдыманап Төрөбековго таандык ырдын тарыхына токтоло кетели.
Меңди Мамазаирова, Жолон Мамытовдун жубайы: «ЭЙ, КЫЗ, МЕН СЕНИ СҮЙӨМ» ДЕП ЫЙЛАТКАН»– 2012-жылы Ошто чыгармачылык кечемди өткөрүп калдым. Ошондо Абдыманап Төрөбеков сөзү жолдошум Жолон Мамытовго, обону өзүнө таандык «5-б-класста» деген ырды аткарып калды. Залдагылар «эже, ыр сизге арналды беле?» деп сурашты. «Жок, ыр мага арналган эмес. Жолон өзүнүн Меңай аттуу классташ кызына арнап чыгарыптыр, ал азыр бул жерде отурат, ордуңуздан туруп койсоңуз» дедим. Ал учурда мен курактуу эле байбиче да, уялды окшойт, турбай койду. Жолондун досуна турмушка чыккан.
Жолон Кара-Суунун Төлөйкөн айылынан болот. Айылындагы ашынган тентек балдардын бири болгон экен. Алгачкы балалык сезими 5-класста классташы Меңай деген кызга арналыптыр.
5-классты аяктап, каникулда жүрүшкөндө Жолон баягы кызды аябай көргүсү келиптир. Анан бир жолу көчөдөн көрүп калып шашкалактап, «эй, кыз, мен сени сүйөм» дей салыптыр. Андай сөздү укпаган кыз турган жеринен эле шолоктоп ыйлап жиберип, чуркап кетип калат.
Ошол кыздын сүрөтүн эптеп таап, шымынын чөнтөгүнө салып сактап жүргөн кезде жеңеси «келе шымыңды, жууп берейин» дейт. Чөнтөгүнөн баягы сүрөттү алып чыгып, тамдын аркасында өсүп турган чөптөрдүн арасына катып коюп, ошол бойдон унутуп калат.
Арадан бир топ күн өткөндө эстей калып барып караса, сүрөттөгү кыздын элесин жамгыр жууп кетип, кагазы эле калыптыр. Ошол окуя эсинде калган экен, кийин бой жеткенде классташтары, мугалимдери менен жолуккан мааракеден соң 70-жылдары «5-б-класста» деген ырды жазган. Мунун баарын мага Жолон өзү айтып берген эле.
Абдыманап Төрөбеков:«5-КЛАССКА КЛАСС ЖЕТЕКЧИ БОЛГОНДО ӨЗ СҮЙҮҮМДҮ ЭСТЕГЕМ»– Менин кесибим педагог. Бир жылдары чыгармачылыктан алыстап кеттим. Акыры Оштон айылга кетишке туура келди. Кичи мекеним Аравандагы Алишер Навои атындагы музыкалык мектепке мугалим болуп кирдим. 1-сентябрь күнү директор мени «классың менен тааныштырып коёюн» деди. Класска кирсем кыздардын бардыгы ак бантик тагынып, форма-фартук кийип, эркек балдар ак көйнөк, кара шымчан отурушуптур. Класстын ичи таза, жарык. Ушундай жагымдуу сезим жан дүйнөмдү кытыгылап жиберди. Окуучуларды көргөндө эргүү келди. Үйгө жеткиче ушул ой менен алпурушуп бардым. Эшикти ачарым менен китептерди жан талашып барактап, ылайыктуу ыр издедим. Жолон Мамытовдун китебинен мен эңсеген саптарды көрүп сүйүнүп кеттим. Обон дагы жөн жерден жаралбайт да. 5-класста окуп жатканда мен дагы балалык аруу сезимге кабылгам.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg