Редакциябызга Ош шаарынын Гүлдана аттуу тургуну кат менен кайрылып, дарыгердин айынан кургак учук оорусу күчөп кетип 1-топтогу майып болуп калганын айтыптыр. Ал дарыланып жаткан ооруканага барып, каарманыбыз менен жолуктук. Гүлдана айымдын айтымында, Анара Акматова аттуу дарыгер аны ден соолугунан эле ажыратпастан, үй-бүлөсүн да бузган.
«ВРАЧ БАШКА ДАРЫЛАР МЕНЕН ДАРЫЛАПТЫР»
– 2011-жылы балам 6 айлык кезинде ооруп калдым. Аймактык бейтапканага барсам рентгенге түшүп кел деп жөнөттү. Анын жыйынтыгын көргөн соң дарыгер Анара Акматова «өпкөңдө кургак учуктун тагы пайда болуп калыптыр» деди. «Үйдөн эле дарылансам болбойбу» десем, «ооруканага жатпасаң деле болот. Үйдөн эле дарылайм» деди. Кубанып, баламды айылга апама берип жиберип, үйдөн дарылана баштадым. Анара мага кургак учукка каршы дарыларды бербестен, өзү иштеп жаткан «Ипар» фирмасынын дарыларын бере бериптир.
6 ай үйдө дарыландым. Үйгө келген сайын 20 миң сомдон алып кетет. Бирок такыр жылыш болбой жатты, жөтөлүм күчөп кетти. «Эже, мен айыга албай жатам» десем, «кайрадан анализ тапшырып көр» деди. Тубдиспансерге келип анализ тапшырып, жыйынтыгын алып барсам, карап туруп башын чайкап, «сен ооруканага жатышың керек, жугуштуу болуп калыптыр» деди. Мени туура эмес дарылаган дарыгердин айынан ушинтип майып болуп калдым.
«ӨЛӨ ЭЛЕГИҢДЕ БАЛАҢДЫ БИЗГЕ БЕРИП КОЙ»
– Ооруканада 3 ай жатып, 7 килограмм салмак кошуп, өзүмдү жакшы сезип калдым. Үйгө чыктым. Негедир жолдошум үйгө келбей калды. «Кайда түнөп жатасыз?» десем, «машинамда» деп коёт. Мамилебиз солгундап калды, баламды алып келип, аны менен алаксып жүрдүм. Бир күнү жолдошум уктап жатканда телефонуна СМС келип калды. Ачып окусам «Кудурет, мен облустук оорукананын артында күтүп турам, кел, бирге түштөнөлү» деп Анара жөнөтүптүр. Мен «жок, мен бара албайм» деп жазып койдум. «Келбесең келбе!» деп ачуулангансып жазып жибериптир. Ошондо булардын ортосунда бир нерсе бар окшойт деп шектендим. Кийин Анаранын «Кудурет, мени тиги жакка алып барып келчи. Балдарымды гимназиядан алып койчу» деген сыяктуу суранганы көбөйдү. Мен түшүнбөй калчумун, жаман ойлоюн десем, Анара мени менен да жакшы мамиледе эле. Жаман ойлобоюнчу деп, кээ бир жумшаган жактарына жолдошума кошулуп мен да барып келчүмүн.
Жолдошум базарда иштечү. Бир күнү «Гүлдана, акчанын баары сага кетти. Товар алыш керек, акча жок болуп жатат. Банктан насыя алам, кепил болуп бер» деди. Макул деп барсам, Кудуретке кепил болуп Анара да отуруптур. «Гүлдана, сен жаман ойлобогун. Үй алып берейин деп эле аракет кылып жатам» дейт. Бир жолу «Алмазбек Атамбаевге өзүм кирип сүйлөшүп чыктым, 50 миң сом берсең, үй алып берем» дегенинен күйөө баламдан карызга 50 миң сом алып, Анаранын колуна бергем. Ал акчаны да жеп коюп, же үйдөн жок, же акчадан жок калтырды.
Кийин тааныштарымдан Анара менен жолдошум жетелешип тойлорго барып жатканын угуп калдым. Экөө бирге жашап жатышкан экен. Бир күнү Анарага «жолдошумду да, мени да жөн кой» деп айттым. Жолдошума эмне дегенин билбейм, ал үйгө келип мени аябай токмоктоп салды. Дагы ооруканага жатып калдым. Апам келип үйдө карап жатты. Бир күнү жолдошум мас болуп келип, «Гүлдана, мени туура түшүн. Башкага үйлөнөм. Талагыңды берем» деди. «Макул, үйлөнүңүз. Талак бербей эле үйлөнө бериңиз. Үйгө алып келип, балаң болуп бирге жашай беребиз. Ата-энем каршы болгонуна карабай аялың сени таштап кеткенде 5 балаңды баккан элем. Балдарыңды багам деп ушинтип ооруп калдым» десем, эсимди жоготкончо сабаптыр. Апамдын алы жетпей, кошуналарыбыз милиция чакырып, «Тез жардам» менен мени ооруканага жеткиришиптир. Эсиме келгенден кийин кайненемдин көзүнчө талагын берип, артынан баласы «ата» деп ээрчигенине карабай кийимдерин көтөрүп чыгып кетти. Үч күндөн кийин телефон чалып, «Анара экөөбүз той кылып жатабыз, келип кет» дейт. Ошондон кийин дене табым түшпөй, денем тырышып ооруп калдым.
Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаевага кайрылдым, Ошко келип өзү кабыл алып, арыз-муңумду укту. «Бул ишти жеке өзүм карайм» деп сөз берип кеткен. Эч кандай жыйынтык болбоду. Кийин жолдошум телефон чалып «алыңдын жеткени ушулбу? Министриңдин оозун 100 миң сом менен жаап койдук!» деди. Анара мага телефон чалып «Гүлдана, өлө элегиңде балаңды бизге берип коё бер. Кургак учуктан эч ким жакшы болгон эмес, баары бир өлөсүң» деп жатпайбы. Жаным чыгып, барып тытып салгым келди, бирок баса албайм. Жолдошумдун биринчи турмушунан 1 кыз, 4 уулу бар. Мага үйлөнгөнгө чейин кызын турмушка берген. 4 баласы менен батирде жашадым. Чоң уулун үйлөнтүп, алар бир балалуу болушту. Экинчи уулу колледжди аяктады. Кичүү балдарын мен ооруп калгандан кийин апасы алып кеткен. Улуу балдары экөө тең мени менен жакшы мамиледе.
«АЙТКАНДАРЫ КАЛП»
Бул маалыматтан кийин Ош шаардык кургак учукка каршы күрөшүү бейтапканасынын дарыгери АНАРА АКМАТОВАга кайрылганыбызда, ал төмөнкүлөрдү билдирди:
– Гүлдана 2011-жылы рентгендин кагаздарын көтөрүп мага келген. Ага чейин облустук тубдиспансерде Ажар деген врачка көрүнүп жүргөн экен. Бизге келгенде жакшы жылыш болгон. Бирок ошондо дарыны аягына чейин ичпей койгон. Мен ага «Ипар» компаниясынын дарыларын саткан эмесмин. «20 миң сомдон алып турган» дегени, «үй алып берем деп 50 миң сом алды» дегендеринин баары жалган. «Батирде жашайт экенсиңер, үй алып албайсыңарбы» деп жол-жобосун көрсөткөнүм эле болбосо, эч кандай акча алган эмесмин. Ооруп жатам дегенде «кел, мага дарылан» дегем. Бирок абалы оорлошуп калганда келди. Облустук тубдиспансерге өзүм алып барып, жакшы дарыгерлерге тапшырып келгем. Алар да «аябай начар аял экен. Каалаганда келет, кааласа кетет. Оорукананын дарылоо шартына баш ийбейт» дешти.
Азыр 30га жакын дары ичет. Ооруканадан өзү чыгып кетип, дарыларды өз убагында ичпегендиктен ушундай абалга туш болду. Бул оорулууну арабыздагы дарыгерлердин бирөөсү мага каршы үндөп жатат окшойт. Гүлдана министрге арызданганда биз эч кандай 100 миң сом берген эмеспиз. Мен Бишкекте семинарда жүргөндө министрликтен ушул иш боюнча комиссия түзүлүп, менин ишимдин баарын текшерип кетишкен экен. «Качан өлөсүң?» деп телефон чалган да эмесмин. Тескерисинче, ал менин телефонума тынбай ар кандай СМСтерди жиберип турат. Экөөнүн ортосунда катуу уруш болуп, жолдошу талак берип үйүнөн чыгып кетиптир. Кудурет ажырашкандан кийин 2 айдай ичип жүрүп алганда ата-энеси үйлөнтүп коёлу дешкен экен. «Өзүм жактырып жүргөн аял бар» деп, менин астыма ата-энеси куда түшүп келип, никеге турганбыз. Анын үй-бүлөсүнүн бузулушуна менин эч кандай тиешем жок. «Оорулууну таштап койбойлу, өзүм алып келип карайын» деп жолдошума айтсам макул болбой койду. Баласын үйгө алып келгенде карап жүрдүм. Өзүмдүн да балдарым бар. Жолдошум кийим-кечесине каралашып турат. «Кыйналган боюнча өлүп кетпесин, ыраазы болуп өлсүн» деп Гүлданага болгон жолдошумдун ачуусун басып отурам.
«ООРУСУ КИЙИН КҮЧӨП КЕТКЕН»
Ал эми Анара Акматованын буйругу менен Гүлдана айымга атайын медайым болуп дайындалып, күндө үйүнө барып укол сайып турган Үлпөт айым «ооба, мен Гүлдананын үйүнө барып укол сайып турчумун. Бирок «Ипардын» дарыларын ичкен, ичпегенин билбейм» деп билдирди.Гүлдана Бердиеванын учурдагы дарыгери КОЗУБАЙ ЖОЛДОШЕВ оорулуунун учурдагы абалы тууралуу маалымат берди:– Гүлдана Бердиеванын оорусу бир өпкөсүнөн экинчи өпкөсүнө тарап, күчөп кеткен. Бул амбулатордук дарылоо начар болгонунан, дарыгерлер жакшы дарылабай же туура эмес дарылап койгондон болгон. 2013-жылдан бери көп дары таасир этпеген формасына өтүп кетиптир. Азыр кургак учук боюнча 1-топтогу майып. Абалы оор, жылыш жок.
Уулбү Каныбекова
koom@super.kg