Гезит бетине коомдогу болуп жаткан ар түрдүү кылмыш, кырсыктарды байма-бай жарыялап келебиз. Окуялардын жүрүшүн гана баяндап койбостон, кээ бир чуулгандуу окуяларга сот кандай чечим чыгарганын да көз жаздымда калтырбаганга аракет кылабыз. Бул ирет алардын бирине орун бермекчибиз.Үстүбүздөгү жылдын 11-январь күнү Бишкек шаарындагы Панфилов көчөсү менен темир жолдун кесилишинде жайгашкан таштанды салуучу челектердин ичинен адам өлүгү табылган. Жакын жердеги үйлөрдүн жашоочулары челектен адамдын колу чыгып калганын байкап, милицияга кабарлашат. Укук коргоо кызматкерлери таштанды челектин ичинен колу кол, буту бут болуп кескиленген, ал тургай салааларынан өйдө майдаланып, 20дан ашык бөлүккө бөлүнгөн, башы жана ички органдары жок аял кишинин денесин табышкан. Аталган факт боюнча 97-берененин 2-бөлүгү (өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, көп өтпөй бул кылмышка шектелип 1987-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну Наиль Надиров кармалган.
Жогорку Соттун маалымат кызматынын билдиришинче, Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту 23-июндагы сот отурумунда Наиль Надировду бул кылмышка күнөөлүү деп таап, 13 жылга эркинен ажыратты. Анын үй-мүлкүн конфискациялоо менен жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн режимдеги колонияда өтөөгө чечим чыгарды.
Ошондой эле ал өлтүргөн Карина Кыштыбаеванын жакындарына моралдык чыгымдары үчүн 500 миң сом, материалдык чыгымдары үчүн 336 миң 278 сом өлчөмүндөгү акча каражаты өндүрүлүп берилери белгилүү болду. 2014-жылдын 11-январынан берки түзөтүү колониясында өтөгөн күндөрүнүн 1 күнүн 2 күн катары эсептеп, 28-январдагы амнистия тууралуу буйруктун негизинде Надировго берилген жаза өтөө мөөнөтүнүн 4төн 1 бөлүгүн кыскартуу буйругу чыкты.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg