Энергетика жана өнөр жай министрлиги 1-июлдан баштап үч фазалуу электр энергиясын колдонгон абоненттер үчүн тарифтик бааны 1 сом 20 тыйынга чейин көтөрүүнү сунуштоодо. Ал эми калган керектөөчүлөр үчүн тариф 2015-жылдын 1-апрелинен тартып 20 пайызга жогорулайт деген сунушун министрлик Жогорку Кеңешке алып келип, чечимди кабыл алып берүүсүн күтүп жатат. 24-июнь күнү профилдик комитет үч фазалууларга тарифти жогорулатуу чечимин колдоду.
Ошондой эле өкмөт көз карандысыз Эсеп-кысап борборун түзө турган мыйзам долбоорун жазып чыкты. Ага ылайык, электр энергиясынын тарифин аныктоо боюнча жоопкерчилик Энергетика жана өнөр жай министрлигинде болбой, ал жүк cөз болуп жаткан борборго өткөрүлүп берилет. Бул документ боюнча токтомго премьер-министр 18-июнда кол койгон жана министрлер кабинети парламенттен мыйзам долбоорду кезексиз тартипте, тез аранын ичинде карап берүүнү суранып жатат. «Мыйзам долбоорунун максаты – электр энергиянын тарифин аныктоону саясатташтырбоо» деп жазылат. «Электр энергетика тууралуу» мыйзамынын 18-беренесинде энергетика тармагындагы тарифти аныктоодо сөзсүз Жогорку Кеңештин макулдугу болушу керек делет. Ал эми өкмөттүн жаңы мыйзам долбоорунда дал ушул беренеге өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Өкмөт тарифти Жогорку Кеңештин макулдугу жок аныктоо укугуна ээ болууну эңсеп жатат.
Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев бул иштер боюнча: «Президент калктын 96 пайызы, мындайча айтканда, бир фазалуу керектөөчүлөр үчүн тариф мурунку деңгээлде калсын деп айтты. Ал эми үч фазалуу электр энергиясын колдонгон керектөөчүлөргө электр энергиянын 48 пайызы кетип калып жатат»,- деди.
Коомчулукта «энергетика тармагында реформа жүргүзүлмөйүнчө, бул системдеги коррупцияны жоймоюнча, өкмөттүн тарифтерди көтөрүүсүнөн майнап чыкпайт. Бул тармак дале кыйроо коркунучунда кала берет» деген пикирдегилер басымдуу.
Эльвира Караева
politika@super.kg